СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чолпонбек Базарбаев

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Чолпонбек Базарбаев»



Сабактын темасы: “СССРдин эл артисти театр бийчиси жана киноартист Чолпонбек Базарбаевге 70жыл”

Сабактын максаты: а) билим берүүчүлүк

Чолпонбек Базарбаевдин басып өткөн өмүр жолу менен кеңири тааныша алышат.

б) өнүктүрүүчүлүк

Билим билгичтиктерин, аң-сезимин, сүйлөө речин өнүктүрүшөт.

в) тарбия берүүчүлүк

Атактуу инсан болуш үчүн көп эмгек кылууга, тактыкка, тазалыкка тарбияланышат.

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, карточкалар, буклет, маркер ж.б.


Жалпы маалымат


Төрөлгөндө берилген аты:

Чолпонбек Базарбаев

Туулган жылы:

4-февраль, 1949-жыл

Каза болгон жылы:

2-сентябрь, 2002-жыл

Туулган жери:

Чолпон айылыКочкор районуКыргызстан

Ишмердүүлүгү:

театр бийчисикиноартист

Наамдары:

СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти

Иштеген театры:

Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры







Чолпонбек Базарбаев -КРнын эл артисти (1979), СССР эл артисти (1982). Солто уруусунун Талкан уругунан.

Таржымалы

1958-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына кирип, аны 1967-жылы бүтүрүп чыккан.
1966-1993 - жылдары Кыргыз мамлекеттик академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти, генералдык директору.
1993-96-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министри
1996-жылдан 1997-жылга чейин Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары.
Ушул эле мезгилдерде 1987-жылдан 1995-жылга чейин Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген.
1997-2001-жылдары "Достук" коомунун төрагасы.
2001-2002-жылдары кайрадан Кыргыз мамлекеттик академиялык А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы директору.

Чыгармачылыгы

Ч. Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген.
Базарбаевдин репертуарындагы «Шопениана», «Жизель», «Аккуу көлү», «Уйкудагы сулуу» классикалык балеттер бий өнөрүн өздөштүрүүнүн эң жогорку мектеби болгон.
СССР эл артисти Базарбаев Б. Бейшеналиевадан таалим алган.
1970-жылы Польшада «Дон Кихот» балетинен үзүндүнү Б. Бейшеналиева менен бийлеген.
АКШ, Кытай, Япония, Франция, Түркия, Швейцария, Дания жана башка дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон.

Аткарган ролдору

Альберт (А. Адан, «Жизель»)

  • Зигфрид (П. Чайковский, «Ак куу көлү»)

  • Спартак (А. Хачатурян, «Спартак»)

  • Нурдин (М. Раухвергер, «Чолпон»)

  • Вацлав (Б. Асафьев, «Бахчисарай фонтаны»)

  • Жигит (Ф. Шопен, «Шопениана»)

  • Солор (Л. Минкус, «Баядерка»)

  • Макбет (Молчанов, «Макбет»)

  • Чолпонбай (Н. Нурымов, «Өлбөстүк») жана башкалар.

Сыйлыктары

Кыргызстан Ленин комсомолу (1977)
Эларалык «Мин он» (Япония, 1993) сыйлыгы.

Атын калтыруу

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик хореографиялык окуу жайына анын ысмы берилген (2004).
Бишкекте эстелиги коюлган.

Бышыктоо: Суроо жооп жана ар бир топко класстер түздүрүү менен бышыктоо.

Үй тапшырма: Чолпонбек Базарбаев боюнча дилбаян жазып келүү









40 Акылбек Шабданов атындагы орто мектеби



Ачык тарбиялык саат



Тема: “ССРдин эл артисти театр бийчиси жана киноартист Чолпонбек Базарбаевге 70жыл”

7-класс



Мугалим: Таалайбек кызы Кымбатгүл