СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чон ийгилик эне тилден башталат

Нажмите, чтобы узнать подробности

чон ийгтлтк эне тилден башталат

Просмотр содержимого документа
«Чон ийгилик эне тилден башталат»

Тема. Чон ийгилик эне тилден башталат.

Сабактын максаты:

– Окуучулардын өз эли-жерин, эне тилибиз – мамлекеттик тилди, ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсүүчүн түрдүү булактардан маалыматтарды берүү;

– Мекен алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу, атуулдук парзын аткаруу, ата мурастарын сактоо зарылдыгын туюндуруу, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулуу;

– Патриоттукка, намыскөйлүккө, ынтымак-достукка ж.б.  тарбиялоо.

Сабакта колдонулууучу дидактикалык каражаттар: КРнын Гимни, Кыргыз тилинин гимни, кыргыз комузу, «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана да кенже баатырдык «Курманбек», «Эр табылды» ж.б. эпостору, Э.Ибраевдин, С.Рысбаевдин, Т.Арыковдун китептери, сүрөттөр, кыргыздын улуттук буюмдары, кийимдери, ж.б. этнографиялык маани-маӊызы тереӊ экспонаттар, макеттер ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Сабак Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталат.

Андан соӊ магнит тасмасынан «Манас» эпосу уктурулат, же окуучу «Манас» эпосунан үзүндүайтат.

(Сахнага окуучулар катар тизилип турушат)

Үзүндү айтылып бүткөн соӊ, алып баруучу бул монологду айтуу менен сабакты баштайт:

Алып баруучу: Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?

1-окуучу: – Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык!

2-окуучу: – Улуу «Манасы» ыйык!

3-окуучу: – Ак боз үйү ыйык!

4-окуучу: – Ак калпагы, ак элечеги ыйык!

5-окуучу: – Эне тили ыйык!



Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат.

«Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили»,

«Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун,

Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун», – Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз  кыргыз тили.

«Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт». Анын сыӊарындай, кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет. Дүйнөдө теӊдеши жок алп «Манастай» дастандарды жараткан эне тилибиз кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласыӊар?

1-окуучу:

«Кыргыз тили кылымдарды карыткан,

Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.

2-окуучу:

Кыргыз тили улуу «Манасын» сактап калды,

«Манас» кыргыз тилин өчүрбөй улантып келди.

3-окуучу:

Абалтадан салт-санаасын сактаган,

Акыл, оюн алыс жолдо тактаган.

Кылымдардан кылымдарды карыткан,

Кыргызымдын тили менен мактанам.

4-окуучу:

Эне тилим – өз тилим,

Эси жоктук иш кылат,

Өзүнүн эне тилинде

Сүйлөбөсө сөздү ким.

5-окуучу:

Уккан сайын көшүгөн,

Эне тилим – эгизим.

Сүзүп өттүм өзүнөн,

Акыл-билим деӊизин.

6-окуучу:

Эне тилим – намысым,

Эне тилим – арым да.

Билбейм жолдун алысын,

Эне тилим барында.

7-окуучу:

Эне тилим – карегим,

Сенде менин дарегим.

Сен турганда мен бармын,

Сен турганда бар элим.

8-окуучу:

Эне тилге кайрылып,

Бак-таалайлуу болмокмун.

Эне тилден айрылып,

Калган күнү мен жокмун.

Алып баруучу:

Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» – деп, абдан туура, таамай айткан.

Ошондо да, кылымдан кылым өтүп, акын Шайлообек агайыбыз айткандай, «Кыргызым» деп жулунганы менен, бир ооз кыргызча билбеген «маӊкурт».

Балдар, силердин да эне тил тууралуу кандай ой толгоолоруӊар бар?

1-окуучу: Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөндөн эмне айырмасы бар?

 2-окуучу: Эне тилинде ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөндөн эмне айырмасы бар?

3-окуучу: Энесинин бешик ырын укпай, чоӊойгон бөбөк энесиз жетим өскөндөн эмне айырмасы бар?

4-окуучу: Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата Журтун чангандан айырмасы кайсы?

4-окуучу: Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар?

Умай Эне элге кайрылат:

            «Эне тил»

Эне тилин өксүтүп көп кордогон,

Анысына бир уялып койбогон.

Андайлардын аты кыргыз болсо да,

Эч убакта өзү кыргыз болбогон.

Кайырма:

Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп, жерин сүйүп жарытпайт.

Алып баруучу:

Тилге жолдош, үнгө дем,

Комузду кошуп ырдайлы.

Бабабыз черткен бул комуз,

Баркына жетип сыйлайлы.

Кыргыз күүлөрүнөн уктурулат, же окуучулар аткарышат.

Алып баруучу:

Макал – тилдин көркү.

Макал – сөздүн каймагы.

Окуучулар бири-бири менен макал-лакаптар айтышат.

1. Ааламдын көркүн көз ачат,

Адамдын көркүн сөз ачат.

2. Адамды даӊазалаган да сөз,

маскаралаган да сөз.

3. Адам тилинен табат.

4. Адамдын даӊкын чыгарган да тил,

Тарпын чыгарган да тил.

5. Адам сөзгө байланат,

Айбан чөпкө байланат.

6. Адам сөзүнөн сынат,

Уй мүйүзүнөн сынат.

6. Аз сүйлөсөӊ элиӊе жагасыӊ,

Көп сүйлөсөн балээге каласыӊ.

7. Ата сөзү алга сүйрөйт адамды,   

Эне сөзү эпке салат жаманды.

8. Ооздун көркү – тил,

Тилдин көркү – сөз.

9. Билимдүүнүн сөзүөткүр,

Өнөрлүүнүн көзүөткүр.

10.Бирөөнүн өзү баатыр,

Бирөөнүн сөзү батыр.

11. Бутунан чалынган турат,

Сөзүнөн чалынган турбайт.

12. Өнөр алды – кызыл тил.

 

Мугалим. 

Кыргыз тили кылымдардан куралып,

Нечен катал мезгилдерде сыналып.

Бабалардан бизге калган таберик,

Урпактардан урпактарга уланып.



Аларга менин айтарым бул:

Атыӊ кыргыз,

                Затыӊ башка,

Өзүӊ кыргыз,

                Сөзүӊ башка,

Диниӊ кыргыз,

                Тилиӊ башка

Болуп калсын дебесеӊ –

Жыйындарда,

       Курултайда,

              Чогулушта,

                    Жолугушта,

                           Ажоӊ баштап,

                                    Кожоӊ коштоп,

Өз тилиӊде сүйлөгүн сен?

Мугалим.

Туура айтасыӊар, достор. Силер айткан бул сөздөр баарыбызга чоӊ сабак болсун дейли.

«Адамдын эне тили – анын жан тамыры», «Дил бермети – тил» дегендей, жан дүйнөдөгү ой-тизмектерин эне тил аркылуу билдирип жүрөлү.

 Сабак Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – Кыргыз тилинин Гимнин аткаруу менен жыйынтыкталат.