КРнын калкынын жана аймагынын жаратылыш кырсыктарына, авария жана кырсыктарга туш болушу тууралу жалпы түшүнүк. ӨКдын жаралуу коркунучуна жана тобокелдиктерине кыскача
баа берүү
Киришүү
КР – КМШнын ичиндеги эң тоолуу өлкө болуп эсептелет. Территориясы – 198,5км²ди түзөт. Аймактын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 м, эң жогорку бийиктик 7439 м (Жеңиш чокусу), эң төмөн жери– 394 м (түштүк-батышында).
Калкынын саны 6 000 000 дон ашык киши, дүйнөдө 110-орунда турат Калктын негизги бөлүгү өрөөндөрдө, тоо аймактарында, табигый кубулуштар – суу каптоо, кар көчкү, сел, жер титирөө көп кездешкен жерлерде жашашат.
КРнын «Жарандык Коргонуу жөнүндө» 2009-жылдын 20-июлундагы №239- чыккан жаңы мыйзамына ылайык:
Өзгөчө кырдаал деп – белгилүү бир аймакта, табигый кырсыктын, кыйроолордун, катастрофалардын натыйжасында пайда болгон, адамдардын курман болуусуна себеп болгон же себеп боло турган, алардын ден-соолугуна, айлана-чөйрөгө, чарба жүргүзүүчү объекттерге чыгым келтире турган, олуттуу материалдык чыгымдарды жана калктын жашоо тиричилик шартын буза турган кырдаал.
ӨК классификациясы
- Крнын окмотунун 2012-жылдын 25-декабрындагы №850, «КРдагы ӨКдын классификациясы жана аларды критерийлер менен баалоо» жөнүндө токтомуна ылайык:
ӨКдар – төмөнкү белгилер боюнча классификацияланат :
- жабыркоочулардын саны боюнча;.
- экономикалык зыяны боюнча;
- жашоо шарты бузулган калктын саны боюнча.
- ӨКдар жаралуу өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:
- табигый мүнөздөгү;
- техногендик мүнөздөгү;
- экологиялык мүнөздөгү;
- биологиялык-социалдык мүнөздөгү;
- конфликттик мүнөздөгү.
Табигый мүнөздөгү ӨК
Жаралуу механизмине жана булагына жараша коркунучтуу жаратылыш кубулуштары төмөнкү топторго (класстарга) бөлүнөт:
- Геофизикалык коркунучтуу кубулуштар;
- Жаратылыш өртү;
- Геологиялык коркунучтуу кубулуштар;
- Метеорологиялык жана агрометеорологиялык коркунучтуу кубулуштар;
- Гидрологиялык жана гидродинамикалык коркунучтуу кубулуштар.
- Жер титирөө - геофизикалык коркунучтуу кубулуш
- Жер титирөө бул жер алдындагы силкинүүлөр жана жер кыртышынын толкун сымал термелүүсү, жер кыртышынын же жогорку мантиялык бөлүгүндө күтүлбөстөн жарака кетүүсү.
- Республиканын 75% калкы (193 аймактан 74 калк жайгашкан пункттар) жер титирөөнүн очогу болгон 9 баллга болжолдонгон аймакта жашашат. Алдын ала баалоо боюнча, дээрлик 3,3 млн. адам күтүлгөн катуу жер титирөөгө туруксуз үйлөрдө жашашат, бул республиканын калкынын 66 пайызын түзөт.
2006-2007-жылдардагы болуп өткөн жер титирөөнүн карта-схемасы.
9 Балга жетиши мүмкүн болгон жер титирөө 40 миң. кв.км.
8- балдуу -158миң.кв.км
- 1 фаза активдешүү 2008-жылга чейин созулат,
- 2 фаза активдешүү 2010-2014-жылдары, максимум 2012-ж.
Сел (сел каптоо) – Кыска мөөнөттүү, экстремалдык жыйынтыгы менен аяктаган, катуу материалды камтыган (75%га чейин - таш, кум, чопо, топурактан турган), тоодон кыйла жогорку тездик менен түшүп, өтө кайраткыч күчкө ээ болгон агымдын нугу.
(араб тилинен «сайль»- ташкындуу агым)
- суу чыгымынын жана деңгээлинин кыйла өсүүсү менен мүнөздөлгөн, дарыянын суу режиминин фазасы. Үйөр суу нөшөрлөгөн жаан, кээде кышкы жылуулукта эриген кар менен калыптанат.
- Үйөр суу катуу тездик менен – түз жерлерде 5 км/саат, тоолуу жерлерде 45 км/саатка чейин суу агымы карай жайылат. Кыска мөөнөтүн ичинде (1-2 сааттан 1-2 суткага чейин) суунун эң бийик деңгээлинен ашат.
- Кыргызстандын калктуу пункттарынын 95%дан ашыгы жана тургундарынын көбү түздөн-түз суу булактарынын тегерегинде, негизинен, суулар аккан өрөөндөрдө отурукташкан, бул жерлер селдерге жана үйөр суу каптоого көп учурайт. Кыргызстанда селдерди туудурган 3103 суу бар.
- жаратылыш күчтөрүнүн аракетинин натыйжасында пайда болгон, кургак жердин көбүрөөк аянтынын суу менен убактылуу капталышы.
Суу каптоо төмөнкүлордөн келип чыгышы мүмкүн:
- катуу жаан-чачын же кар (мөңгүлөрдүн) тездик менен эригендиги;
- үйөр суулар менен мөңгү тосмолорунун биргелешкен кыймылы;
- катуу шамал;
- суу астындагы жер титирөө.
Сел коркунучу бар жерлердин картасы
Баардыгы 3900 гө жакын сел жүрүшү мүмкүн болгон бассейн жана дарыялар бар. 2000 бийик тоодо силкиниши мүмкүн болгон көлдөр (200). Мындай аймактарда 300 дөй адам жашаган пункт.
- Жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү
- комплекстүү гидрогеологиялык жана инженердик-геологиялык процесс, мында жер астындагы суулардын деңгээли (кубаты) жогорулайт, же/жана жер астындагы катмарлар нымдуураак болуп калышат.
- Күчтүү - 0-0,3 м инженердик курулуштун бузулушуна алып келет.
- Орто - 0,3-2м инженердик курулуштун бузулушуна алып келет.
- Начар - 2-5 м.
- Оор салмактагы тоо тектеринин катастрофалык жылып түшүүсү жана кулоосу, алардын оодарылышы, тик жана жардуу боорлорду тоголото басып калуусу. Табигый урандылардын келип чыгуусу тоолордо, деңиз жээктеринде жана дарыя өрөөндөрүнүн жардуу жерлеринде байкалат. Алар кармап турган уурчуктун жемирилүүсүнүн натыйжасында, тоо тектерин суу жууп кетүүдөн жана оордуктун таасиринен келип чыгат.
Жер көчкү – тоо тектеринин массаларынын жантаймалар боюнча оордуктун күчү менен умтулуп жылышы табигый жана антропогендик болуп эки турго болунот.
Табигый түрдө:
- асканын жантаймаларынын негизги бөлүгүн суу жеп кеткенден;
- тоо тектеринин жемирилүүдөн же нымдалуудан улам бошоңдошу;
- сейсмикалык силкинүүлөр;
Антропогендик түрдө:
- тоо тектеринин жемирилип бузулушу;
- жантаймалардагы карагайларды кыюу жана башка өсүмдүктөрдү жок кылуудан;
- айыл-чарба өсүмдүктөрүн отургузууда жерлерди агротехникалык туура эмес колдонуудан;
Көчкү коркунучу бар жерлердин картасы
5000 активдүү көчкү. 510 адам жашаган пункт
- Бийик тоолордогу жаратылыш көлдөрүнүн тосмолорунун жарылышы
- дарыянын же/ убактылуу суу нугунун жана суу режиминин табигый фазалары менен биригип, кыйраткыч күчкө ээ болгон, калыптанган сел же үйөр суу.
- (Ылдамдыгы 20- 30 м/сек.) Кар көчкү - бул кар, муз, таш материалдарынын, тоо тектеринин массасынын жылышуусунан кокусунан пайда болгон, адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жараткан тез жана күтүүсүз сыйгаланган агым.
Кар көчкүлөрдүн бассейндери жана булактары төмөнкү параметрлер менен мүнөздөлөт:
- жайгашкан жери (аянты);
- деңиз деңгээлине карата бийиктиги;
- кар көчкү коркунучунун даражасы;
- ылдый кулоонун аралыгы;
- кулаган жолдун узундугу;
- көлөмү (массасы);
- кыймылынын тездиги;
- энергиясы;
- кубаттуулугу (кар көчкүнүн аралыгы).
Кар көчкүнун картасы
- тоонун боорунан тоо породаларынын сыныктарынын жана ири таштардын ылдый түшүшү же томолонуп кетиши.
- Күчтүү шамал - ылдамдыгы 25 м /сек. жеткен же андан көп болгон, тоолуу райондордо 35м /сек. же көп.
- Күчтүү кумдуу бороон – Ылдамдыгы 15 м жеткен 6 сааттан узакка созулган шамал.
Метеорологиялык кубулуштар:
- Узакка созулган жаан – бир нече сутканын ичинде үзгүлтүксүз жааган атмосфералык суюк жаан-чачын, алар суу каптоолорго, астынан суу каптоолорго алып келет. Жаан-чачындын өлчөмү сел бассейндерде 48 жана андан азыраак сааттын ичинде 60 мм жана андан ашык.
- Катуу жамгыр – жаан-чачындын өлчөмү 48 жана андан азыраак сааттын ичинде 60 мм жана андан ашык.
- Кардын катуу жаашы – көрүүгө мүмкүн болгондуктун төмөндөшүнө, транспорттун кыймылынын татаалданышына алып келген, кардын тез ылдамдыгы менен узак мөөнөткө жаабуусу, 12 жана андан азыраак сааттын ичинде 20 мм жана андан ашык жаан-чачын.
- Катуу бороон – катуу шамал менен карды жердин үстүнөн айдоо, кардын жаашы менен коштолуп көрүүгө мүмкүн болгондугу төмөндөйт жана транспорттук жолдор кар менен тосулуп калат. Шамалдын ылдамдыгы 15м/сек жана андан ашык, узактыгы 5 саат жана андан көп. Көрүүгө мүмкүн болгондугу 50 м жана андан азыраак.
- Мөндүр – жылдын жылуу мезгилинде диаметри 20 мм жана андан ашык болгон катуу муз түрүндө түшкөн атмосфералык жаан-чачын.
- Туман – түздөн-түз жер үстүндөгү абада топтолгон, тамчы же кристалл түрүндөгү, конденсациялашкан заттардын топтолушу, мында, көрүүгө мүмкүн болгондук кыйла төмөндөйт. Көрүүгө мүмкүн болгондук 50 м жана андан азыраак, узактыгы 24 саат жана андан ашык, ушундан улам шосселерде жана темир жолдо кыймылдар токтоп калат.
- Катуу суук – республиканын дыйканчылык зонасында 5 сутка жана андан көп убакыттын ичинде абанын температурасы минус 35 С жана андан азыраак.
- Тайгак муз – жаан жааганда же туман түшкөндө жер үстүндө же буюмдарда суукка учурап тоңуп калган катуу муздун катмары. ЛЭПтин жана байланыштын зымдарында диаметри 20 мм жана андан ашык болгон муздун, нымдуу кардын же кар менен муздун аралашмасынын диаметри 35 мм жана андан ашык болгон муздун кабаты.
- Агрометеорологиялык кубулуштар
- Үшүк – жылдын вегетациялык мезгилинде абанын жана жердин үстүнкү катмарынын температурасы 0 оС жана андан ашык төмөндөшү, ушундан улам техникалык өсүмдүктөр, жашылча, мөмө-жемиштер жана башка өсүмдүктөр жарактан чыгышы мүмкүн.
- Кургакчылык – температуранын жогорулашы жана абанын нымдуулугунун төмөндөшү менен бирге жаан-чачындардын жоктугунун натыйжасындагы метеорологиялык факторлордун комплекси, ушундан улам өсүмдүктөрдүн суу балансынын бузулушу, өсүүнүн начарлашы жана жарактан чыгышы пайда болот.
- Кыртыштын кургакчылыгы - 2 декада бою кыртыштын 0-20 см катмарында өндүрүмдүү нымдын запастары - 10 мм жана андан азыраак.
- Аба атмосферасынын кургакчылыгы – вегетация мезгилинде 30 күн бою жана андан ашык абанын максималдуу температурасы 30оС ашканда, натыйжалуу жаан-чачындын жоктугу. Кээ бир күндөрдө (мезгилдин узактыгы 25 пайыздан ашпаса) максималдуу температура ушул көрсөткүчтөрдөн төмөн болууга жол берилет.
Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар
- Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар – белгилүү бир аймакта авариянын, ири катастрофалардын натыйжасында адамдардын өлүмү, ден-соолугунун жабыркашы, курчап турган чөйрөнүн зыянга учурашы менен коштолгон, көптөгөн материалдык жоготуулар жана элдин жашоо-шартынын бузулушуна алып келген татаал кырдаал.
- Радиоактивдүү жана химиялык эаттарды сыртка чыгаруу коркунучу бар авариялар;
- Гидродинамикалык авариялар;
- Коммуналдык-энергетикалык объекттердеги авариялар;
- Өрт, жардыруу коркунучу бар объекттердеги авариялар;
- Транспорттук авариялар.
Радиоактивдүү жана токсиндүү хвостохранилищалар- дын картасы
Экологиялык мүнөздөгү ӨК
- Экологиялык мүнөздөгү ӨК бул- жашоо турмушта өтө кеңири жайылган. Аны жалпы жолунан 4 группага бөлүүгө болот:
- Кургактыктын абалынын өзгөрүшү;
- Атмосферанын абалынын өзгөрүшү;
- Гидросферанын абалынын өзгөрүшү;
- Биосферанын абалынын өзгөрүшү.
- Кургак жердин абалынын өзгөрүүсү (кыртыш, жер астындагы катмарлар, ландшафттар) – жер астындагы кендерди казуунун эсебинен катастрофалык тунуулар, көчкүлөр, жер үстүндөгү катмарлардын кулашы; кыртышта (грутта) жол берилген концентрациядан тышкары оор металлдардын (анын ичинде радионуклиддердин) жана башка зыяндуу заттардын болушу; кыртыштын ылдамдатылган деградациясы, кумга жана сазга айлануу; жаратылыш кендердин түгөнүп бараткандыгына байланыштуу кризистик абалдар, сактагыч жайлардын (свалкалардын) өнөр жайлык жана тиричилик калдыктар менен толуп кетишинин эсебинен пайда болгон кризистик абалдар.
- Аба атмосферанын курамынын жана сапатынын өзгөрүүсү – антропогендик ишмердиктин натыйжасында аба ырайынын же климаттын кыйла өзгөрүүсү; атмосферадагы зыяндуу аралашмаларынын жол берилген концентрациядан ашышы; шаар ичиндеги дүрүлдөөнүн жол берилген деңгээлден ашышы; кычкылтек жаан-чачындардын кеңири зонасынын калыптанышы; шаарлардын үстүндөгү температуралык өзгөрүүлөр.
Биологиялык мүнөздөгү ӨК
Социалдык мүнөздөгү ӨК
Конфликтик мүнөздөгү ӨК
- Жарандык чыр-чатактар – коомдо жана мамлекетте жарандык макулдашууну бузууга алып келген, өлкөдөгү конституциялык жана укуктук тартипти бузган социалдык тынчсыздандыруулар.
- Аскердик окуялар – мамлекеттин чек арасында болгон аскер аракеттери жана чыр-чатактары, ошондой эле жарандык жана мамлекеттер аралык жигердүү тынчсыздандыруулардын зоналарында тынчтыкты сактоо боюнча аскер контингенттеринин курамында күчтүү структуралардын катышуусу.
- Терроризм – мамлекеттерде жана коомчулукта туруктуулукту жоготууга жана адамдардын өлүмүнө алып келген банда түзүмдөрүнүн жана террордук топтордун курал колдонгон аракеттери.
Оордук даражасына жараша ӨКдын
классификациясы
КРнын «Жарандык Коргонуу жөнүндө» №239 20.07.2009-ж. мыйзамына ылайык:
Өзгөчө кырдаал – белгилүү бир аймакта, табигый кырсыктардын, кыйроолордун, катастрофалардын натыйжасында пайда болгон, адамдардын курман болуусуна себеп болгон же себеп боло турган, алардын ден-соолугуна, айлана-чөйрөгө, чарба жүргүзүүчү объекттерге чыгым келтире турган, олуттуу материалдык чыгымдарды жана калктын жашоо тиричилигинин шартын буза турган кырдаал.
ӨК классификациясы
- КРнын 2012-жылдын 25-декабрындагы №850 «КРдагы ӨКдын классификациясы жана аларды критерийлер менен баалоо» жөнүндө токтомуна ылайык:
ӨКдар – төмөнкү белгилер боюнча классифицикацияланат :
- жабыркагандардын саны боюнча;.
- экономикалык зыяны боюнча;
- жашоо шарты бузулган калктын саны боюнча.
II др.
III др.
IV др.
VI др.
V др.
Оордук даражасына жараша ӨКдын классификациясы
I др.
Белгилүү бир аймактарда болуп өткөн абал тиешелүү комиссиянын чыгарган чечиминин негизинде гана ӨК деп таанылат.
КРнын ӨКМи менен бирдикте:
- облустук;
- райондук;
- шаардык административдик;
- жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары.
ӨКды аныктоо үчүн комиссиянын курамына төмөнкү өкүлдөр кирет:
- ӨКдын масштабына жараша мамлекеттик бийлик органдарынын ӨКдар боюнча аймактык комиссиясынын өкүлдөрү;
- КРнын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун тиешелүү структураларынын өкүлдөрү;
- ӨК пайда болгон же пайда боло турган аймактагы айыл-чарба субъектилеринин өкүлдөрү.
- ӨКдын экономикалык зыяндардын өлчөмүн жана анын жайылуу зонасын аныктайт;
- ӨКды жоюу үчүн керектүү иш-чараларды иштеп чыгат;
- авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүгө керектүү күчтөрдү, каражаттарды аныктайт;
- белгиленген таблицанын негизинде ӨКдын оордук даражасына жана критерийлерине жараша анын себебин аныктайт.
I даража – объектилик деңгээлде
- өндүрүш объектилеринде, ишканаларда, мекемелерде болуп өткөн ӨК
II даража – Жергиликтүү, айыл өкмөттүк
- жергиликтүү башкаруу органдарынын аймагында б.а. айыл өкмөтүндө
III даража – Райондук
- район, шаар аймагында болуп өткөн ӨК
министрлик жана
административдик
ведомствалар
IV даража – облустук
- 2 же андан көп райондо, бирок бир облустун ичинде болуп өткөн ӨК
министрлик жана
административдик
ведомствалар, КРнын өкмөтү,
Эл аралык уюмдар
V даража – республикалык
- 2 же андан көп облустун ичинде болуп өткөн ӨК
VI даража –Транс чекаралык
- өлкөдөн сыртта, эки өлкөнүн чек арасында болуп өткөн ӨК
- КРнын Өкмөтүндө регламенттелет;
- КРнын ӨКМ, КРнын Коргоо министрлиги, КРнын Өкмөтү, каршы өлкөнүн Өкмөтү жана Эл аралык уюмдар
Айлана-чөйрөнү коргоо, кырсыктарды азайтууну камсыздоо, калкты, аймактарды ӨКдардын ар кандай түрлөрүнө кабылуусунан алдын алуу жана сактоо үчүн Мамлекеттер аралык макулдашуулар менен эл аралык талаптар түзүлгөн жана ага ылайык эки өлкө иш алып барат.
- Аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана КРнын ӨКМнин өкүм чыгаруучу документтери менен ӨК жарыяланат.
- КРнын Өкмөтү бекитилген тартипте жазылган ӨКды таануу жөнүндөгү документти кароого кабыл алат.
- КРда ӨКды жоюу жана авариялык-куткаруу иштерин уюштуруу
- ӨК жарыялангандан кийин аны жоюу ӨК болуп өткөн облустун, райондун, шаардын жана жергиликтүү башкаруу органдарынын, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын (уюштуруучу-укуктук формасына карабай) күчтөрү жана каражаттары менен ишке ашырылат.
- ӨКды ликвидациялоого КРнын мыйзамына ылайык ЖКнун аскерлери, КРнын куралдык күчтөрү жана өлкөнүн башка аскердик түзүмдөрү тартылат.
- ӨК болгон аймактын өздүк күчү жетишпесе жогорку күчтөргө кайрылууга укуктуу.
- ӨК авариялык-куткаруу иштери бүткөндөн жана калыбына келтирүү иштери аяктагандан кийин жоюлду деп эсептелет.
Көңүл бурганыңыздар
үчүн чоң рахмат!!!