СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чычкан жылына сабак иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чычкан жылына сабак иштелмеси»

Окуучулар үчүн Чычкан жылына карата Жаңы-жылдык оюн- зооктун сценарий

Катышуучулар:

1. Аяз ата: Сыймык

2. Аяз кыз: Басбүбү

3. 1.Фея : Элида

4. 2.Фея: Марина

4. Мышык: Айзирек

4. Чычкан: Жасмин

5. Каман:Жаңыл

6. 4 Шайтан: 1.Сапарбек 2.Насип 3.Ыйман 4.Бакыт,

7. 4 Кулон: 1.Айпери 2.Касиет 3.Надира 4.Майрамкүл

Музыка (Окуучулар жаңы жыл ыры менен залга киришет.)

01 .ыр (Феянын музыкасы коюлат эки фея чыгат)

1.Элида.Фея Салам айтам Жаңы жылда жалпыңа

Берсин жылым жакшылыгын баарыңа

Аман болсун кыргыз элим

Жылып келген шашып келген жылында

Саламатсыңарбы урматтуу,ата-энелер,сүйүктүү окуучулар, мына минтип көптөн күткөн жаңы жыл майрамы кирип келди. Анда эмесе Жаңы жылдык майрамдык аземин ачууга Мектептин директору Осконбаева Нуржамал Кеңешкуловнагва сөз бермекчибиз.

2.Надира Фея Амансыңбы, жаңы жылым, аруу бол!
Сени тостум жетимиш жол, берчи кол!
Эми он эки ай насиптешсиң биз менен
Ата-Журтка берерибиз болсун мол!

Жаңы жылды баарыбыз чыдамсыздык менен күтөбүз.

Силер дагы чыдамсыздык менен күттүңөрбү? .

Ооба, балдар туура айттыңар, баарыбыз жаңы жылды чыдамсыздык менен күттүк.

Келгиле балдар, маанайыбызды көтөрөрөлү. Азыр силер биздин бийчи кыздарыбыз бийлеп беришет. Кол чаап тосуп алабыз.

02. ыр (бийчилер чыгып, бийлеп беришет.)

03. ыр (Мышык чычкан чыгат музыканын коштосунда.

Жасмин, Чычкан: Мени жебе Мышык , мага жардам бергиле балдар!!!!!!

Айзирек, Мышык: Мен сени кармап, жейм!!!!

Чычкан, Чычкан: Жардамга балдар!!! Жардамга!!!Жардамга!!!мага жардам бергиле!

04. ыр (Камандын музыкасы коюлат)

Жаңыл, Каман: Токтот МЫШЫ, Токтот!! Балдар мени тааныдыңарбы, Туура, азаматсыңар балдар! Мен Каман жылымын! Балдар мен чычканды издеп жүрөм, балдар силер билесиңерби келе жаткан жыл кайсыл жыл экенин .

Ооба албетте бул чычкан жылы !

Келгиле балдар, биз баарыбыз чогу Мышык чычкан оюнун ойноп. Чычканды Мышыктан куткарып алалы:

(Балдар чогу тегеректеп мышык чычкан оюнун оюношот чычканды куткарып калышат.)

Каман: Чычкан мына аман эсен Мышыктан кутулдуң! Мен сага быйылкы жылды өткөрүп берем .Жакшы маанай менен балдар менен биргеликте Жаңы жылды тосуп ал! Кош болгула балдар мен коштоштум келген эмес. Айла жок коштошууга туура келди. Кошкула, Кошкула балдар..

05.ыр (Каман музыканын коштоосунда чыгып кетет.)

Чычкан: Балдар, балдар, мени мышыктан куткардыңар, мен абдан кубанычтамын. Силерге Ыраазымын! Мышыктан качып жүрүп менин жылым келип калганын билбей калыптырмын. Эми силер менен бир жыл бою бирге болом. Мен быйылкы Чычкан жылымын! Балдар, Жаңы жылдык маанай жакшыбы? Келгиле балдар Жаңы жыл ырын чогу ырдайлы

06. ыр. Асманда ак себелеп (Жаңы жыл ыры балдар ырдашат, бийлешет.)

07. ыр (Шайтандар келет музыка коюлат)

1Фея: Токтоткула!!! Балдарга тийбегиле! Силер бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр? Биз жаңы эле Жаңы жылга даярданып, чычкан жылды тосуп алдык! Чычканды коркутпагыла.Тезинен чыгып кеткиле!!!!

1.Сапарбек Шайтан: Бул жакта эмне болуп жатат ХААА, ХАА силерге жаңы жыл жоок эмии... биз жок баштадыңарбы... жаңы жыл...болбойт!

Карасаң буларды кооздонуп кийинип алышканын!

2.Насип Шайтан: Ошону айтсаң булардын кебетелерин.

Келгиле булардын кийимдерин тытып салабыз!Келгиле!

08. ыр (4 Кулондор чыгат)

  1. Айпери:Кулон: Балдар, балдар токтогула коркпогула!Аяз ата силердин мектепке жакындап калды!Биз аяз атаны чакырып, силерге жардам беребиз, шайтандар тийбегиле балдарга!!!

  2. Касиет: Кулон балдар бизди тааныдыңарбы? Туура балдар биз кулондорбуз. Азыр биз Аяз атаны чыкырабыз шайтандарды аяз атага айтып тоңдуруп салабыз!

3.Ыйман Шайтан жок балдар Аяз атаны чакырбагыла биз силер менен майрамдагыбыз келет.

4.Бакыт Шайтан Балдар бизди кечиргиле, кечирип койгула!!!

3.Надира Кулон Жок! Аяз ата жок эч кандай жаңы жыл болбойт! Биз аяз атаны чакырабыз! Кана балдар биргеликте Аяз ата менен Аяз кызды тосуп алалы!

Аяз ата, Аяз кыз чогу чакырышат.

Музыканын коштосунда Аяз ата , Аяз кыз чыгышат.


Сыймык Аяз ата: Саламатсыңарбы кичинекей досторум

Шаңдууу күчтүү акылдуу бөбөктөрүм

Кааларым менин силерге бул майрамда

Көп көп оюн тамаша күлкү. Ийгиликтер дайыма коштоп, билимиңер сандыкка толсун! Келе жаткан жылыңар кут болсун.



Басбүбү, Аяз кыз:Саламатсыңарбы! Урматтуу Петропавловка орто мектебинин окуучулары.Бардыгыңыздарды жадырап-жайнап кирип келген жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Балдар билесиңерби ,эгер силер баарыңар жакшы ырдап бийлеп берсеңер Аяз ата силерге сонун белектерди берет.

Аяз кыз оой балдар бул жак эмнеге караңгы балаты гана?

Келгиле балатыны жандыралы.

1 Элида Фея...Бизди жезкепирлер кармап коркутуп... абдан кыйнашты... эми алар майрамга улуксаат бербейбиз деп жатышат.

Сыймык, Аяз ата: Сыйкырдуу таягым мага жардам бер . Келгиле балдар чогу биргеликте балатыны жандыралы.Мындай болбойт балдар жаңы жылдык майрамды баштайлы...Анда эмесе балдар жардам бергиле Бир эки үч балаты жан... 3 жолу. Чогу айталы

Балаты күйөт.

Жезкемпирлер келип ыйлайт..ооо жоок биз дагы майрамдайлычыы биз дагы кошулуп ойнойлуу.бийлейли.

Сыймык, Аяз ата :Сыйкырдуу таягым мага жардам бер,буларды музга айландырып сал.

Басбүбү, Аяз кыз:Аяз ата бүгүн майрам эмеспи менин буларга боорум ооруп жатат буларды коё береличи Балдар кечирелиби? Экинчи мындай кылбайсыңарбы?

Шайтандар: Бизди кечирип койгулачы экинчи мындай кылбайбыз.


1.Элида Фея: Балдар, Жез кемпирлерди кечирдик ээ балдар келгиле анда эмесе жаңы жылдык майрамды баштайлы аяз атага кичине балаты ырын ырдап берели.

09. ыр (Кичине балаты ыры коюлат, чогу ырдашат.)


Басбүбү, Аяз кыз: Азаматсыңар балдар! Жакшы ырдыдыңар!Келгиле балдар мени менен чогу оюн ойнойлу ээ. “Колунду чап жерди теп “ деген оюнду ойнойбуз

Бир эки колд чап

Үч төрт жерди теп

Бир эки жылмайгын

Үч төрт керилип

Бийиктикке секиребиз

Бут менен жер тебебиз

“салам”-деп кыйкырып

Бир-бирине учураш

Тептегерек айландык

Оңго солго жандайдык

Бир бирбизге жүгүндүк

Ал эми азыр баарыбыз

Буттарыбыз тыпылдап

Ордубуздан чуркайбыз

Чурка,чурка бат чурка



Басбүбү, Аяз кыз: Ой , ой кандай Азаматсыңар силер. Оюнду бат эле ойноп алдыңар.

Балдар Аяз атага арнаган ырыңар барбы? Келгиле балдар балатыны айланып, Аяз Атага ырдап берели .

10.(Жаңы жыл ыры коюлат)

Сыймык, Аяз ата: Балдар, мени менен бирге жүргөн кулондор силер менен биргеликте бийлеп, табышмактарды айтышат.! Эгерде силер жакшы бийлеп табышмактын жандырмагын туура тапсаңар. Мен силерге белек берем. Келгиле кулондорум .

4.Майрамкүл Кулон. Балдар маанайыңар абдан жакшы, баарыңар сулуу, баарыңыр көңүлдү жаңы жылды тосуп жатасыңар. Келгиле балдар азыр бизге ырдап бергилечи.?

(Кыздар, балдар чуркап чыгышат. Чет тилде ырдып беришет.)

1.Айпери Кулон Азаматсыңар балдар! Силер чет тилде да ырдай алат экенсиңер Келгиле биздин артыбыздан туурап бат баттан бийлеп көргүлөчү.

11. ыр ( Арам зам зам музыка коюлат чогу бийлешет)

2.Касиет, Кулон: Эң жакшы бийлеп ырдадыңар! Балдар мен силерге табышмак айтам жандырмагын тапкыла:

Колу жок, буту жок,
Терезеге сайма саят
(Аяз)

Туура таптыңар жандырмагы Аяз.

3.Надира, Кулон Муруту бар, ээгинде сакалы жок,
Тону бар киерине, чапаны жок.
Пайдасы үй ичинен табылган соң,
Талаага барып келер сапары жок.
(Мышык)

Ооба, бул Мышык. Аз жерден быйылкы чычкан жылыбызды деп коё жаздады.

4. Майрамкүл, кулон. Балдар менин табышмагымды таап көргүлөчү..

Колу жок, согуп турат,
Буту жок, жүрүп турат.
(Саат)

Туура таптыңар балдар! Бул саат. Убакыт учкан куш экен. Биз бул жака аз кана саатка келгенбиз. Балдар Аяз атаны шашып кетем деп жатат.Башка жакта балдар аяз атаны күтүп жатышат.

Аяз ата менен коштошолу анда.Силер жакшы ырдап бийлеп, табышмакты туура таптыңар.

Азыр баарыңара аяз ата белектерин берет.


Сыймык, Аяз ата: Жаңы жылыңар менен сүйүктүү жаш досторум. Майрамыңар кут болсун. Ар дайым ийгиликтердин үстүндө гана жүргүлө. Биз силерди абдан сагынып. Эмки жылга чейин күтөбүз.



Басбүбү, Аяз Кыз: ооба достор. Баардыгыңар жакшы майрамдап... окууңарды жакшы окугула. Жаңы жылыңар кут болсун. Кошкула...балдар

(Музыка коюлат балдарга белектерин берип аяз ата чыгып кетет.)

1.Фея Балдар маанайыңарды түшүрбөгүлө.Аяз ата эмки жылы кайра келип. Жаңы жылды биз менен тосот.

2.Фея: Бүгүнкү жаңы жылдык майрам жактыбы. Азаматсыңар балдар! Келгиле чогу баарыбыз бийлели. Маанайды түшүрбөйбүз. бийлейбиз.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!