СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Чычкандардын кеңеши"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Чычкандардын кеңеши"»





2 сабактын планы: Алфавитти билүү

Сабак учурунда пайдаланыла турган формалдык эмес баалоонун суроолору:

  • Балдар аӊгемеге көӊүл бөлүшөбү (угушат, суроо беришет жана жоопторду беришет)?

  • Көпчүлүк балдар окуганга чейин, анын учурунда жана андан кийинки суроолорго аӊгемени кунт коюп угуп жооп беришет деп айтууга болобу?

  • Балдар бардык көнүгүүлөр менен ийгиликтүү иштей алышабы?

  • Балдар «жаса – жана – алып кет» тапшырмасын ийгиликтүү аткара алышабы?

  • Балдар портфолио/папканы туура толтурушабы?



Жүгүртмө.

1..Бош убакыт /каттоо. Сабак башталганга чейин келген балдар үчүн.

Сабак башталганга чейин келишкен балдар Китеп банкында болгон буюмдар менен ойной алышат же каттоо процедурасына катышат. Каттоо учурунда балдар бардык жазгыч буюмдарды колдоно алышат, өз атын же айрым тамгаларды жазып ,сүрөттөрдү тартып же тамгаларды окшоштуруп чиймелешет.



2.Ырдоо үчүн убакыт. 10 мүнөт

Ырдоо үчүн убакыт сабакты баштоого бардык балдарды чакырып алуу үчүн керек. Тарбиячы балдарга тааныш эки ырды ырдап бериши керек. Ошондой эле тарбиячы балдардын класска чогулуусуна жараша аларды ырга кошулуусун суранат.



3. Сабактын планы. 5 мүнөт

Ар бир сабак башталганга чейин тарбиячы сабактын структурасын схемалуу түрдө чагылдырган планды даярдоосу керек. Сабактын планы балдар аны дайыма көрүп тургандай орунга жайгаштырылат. Окуганды баштоодон мурда тарбиячы бүтүндөй класска сабактын планын кыскача баяндап бериши керек.

4. Окуу үчүн убакыт. 20 мүнөт

Ар бир сабактын учурунда бүт класска бир аӊгеме окулат. Тарбиячы балдарга суроолорду окуу башталганга чейин, окуп жаткан учурда жана окуп бүткөндөн кийин бериши керек. Бул сабактын учурунда класска «Чычкандардын кеӊеши» аӊгемеси окулат.

Окуганга чейин:

Мен силерге бүгүн «бир проблеманы чечебиз» деген бир нече чычкандар жөнүндөгү аӊгемени окуп беремин. Чычкандар «кантип мышыкка жем болбойбуз, ошону чечели» дешти. Эгерде силер чычкан болсоӊор, анда кандай кылат элеӊер? Силер чоӊураак жаныбарлар аӊчылык кылган башка дагы майда жаныбарларды билесиӊерби? (Тыным жасап, 2-3 окуучуга жооп берүүгө мүмкүндүк бергиле). Силер туура айттыӊар, эми чычкандар мышык менен болгон маселени кантип чечкендигин билүү үчүн, келгиле, аӊгемени окуп баштайлы.

Окуу учурунда:

Сунуш кылынган чечимдер жөнүндө балдар эмнени ойлоп жаткандыгын билүү үчүн тыным жасагыла. Эсиӊерде болсун, эгерде Силер алар менен макул эмес болсоӊор дагы, балдардын пикирин колдошуӊар керек.

Чычкандардын кеӊеши.

Илгери өткөн заманда жер төлөдө жашаган чычкандардын бардыгы чогулуш өткөрүүнү чечишти. Чогулушта чычкандардын башчысы мындай деп айтты. «Бизди дайыма жеп жаткан мышык менен түйшүк пайда болуп жатат. Ал түн ичинле бизге жашынып келип жебегендей кылып бир чечимди табышыбыз керек». Көптөгөн сунуштар каралып, бирок жактырылган жок. Аягында бир кичинекей чычкан туруп: «Мышыктын мойнуна коӊгуроо илип коёлу, ошондо анын келе жатканын алыстан эле угуп турабыз»,- деп сунуш кылды. Мындай сунушка кубанган чычкандар кол чаап, аны ишке ашыралы дешти. Бирок ушуга чейин үн чыгарбай отурган абдан картаӊ Чычкан турду дагы, бул планды абдан акылдуу план деп эсептээрин жана бул чечим түйшүктү чечүүгө жардам берерин айтты. Бирок картаӊ чычкандын бир суроосу бар эле: «Чычкандардын кимиси мышыктын мойнуна коӊгуроону илүүгө батынат?»

Бир дагы чычкан муну жасаганга барган жок. Ошентип мышыктар ушуга чейин чычкандарга көп түйшүктү жаратып келе жатышат.

Окугандан кийин:

  1. Аӊгеме жактыбы? Анда аӊгеме жөнүндө сүйлөшөлү.

  2. Чычкандардын эӊ башкы проблемасы эмне эле?

  3. Чычкандардын бири кандай сунуш киргизди?

  4. Чычкандардын бул сунушунда эмне кемчилик бар эле?

  5. Кандай деп ойлойсуӊар, эмне үчүн өз ыктыяры менен коӊгуроону мышыктын мойнуна эч ким илгиси келген жок?

  6. Эгерде силер коӊгуроону мышыктын мойнуна илгенге макул болсоӊор, анда муну кантип аткарар элеӊер?

  7. Эмне үчүн мышыктар чычкандарга аӊчылык кылышат?

  8. Балдардан сурагыла, балким чычкандарды мышыктан коргоп калуу боюнча алардын сунуштары бардыр? 3-4 окуучуга жооп берүугө мүмкүндүк берем жана ар бирине кубатточу бир нерсе айтамын. Мисалы: «Бул жакшы идея экен» же «Бул кызыктуу идея».

Бир акылдуу чычкан бул проблеманын чечилишин сунуш кылды. Чечим бул идея катары. Мен «чечим» деген сөздү тактага/кагаз барагына жаздым.

  1. Бул сөздө канча тамга бар? (жооп-5 тамга)

  2. Сөздө канча «М» тамгасы бар (1)

  3. Сөздө канча «Ч» тамгасы бар? (2)

  4. Сөздө үндүүлөр көппү? (1-е, 1-и)

Бүгүн биз алфавиттин тамгалары жөнүндө көбүрөөк билебиз. Келгиле силердин тамгаларды канчалык жакшы билээриӊерди аныктоо үчүн төмөнкү көнүгүүнү аткаралы.

  1. Көнүгүүлөр үчүн убакыт.



Көнүгүүнүн аталышы: «Алфавиттик лотерея»

  • Баяндама: Балдар сөздөрдүн биринчи тамгаларын табышы керек.

  • Өнүктүрүлө турган көндүмдөр: Алфавитти билүу, фонеманы кабыл алуу.

  • Зарыл болгон материалдар: Аӊгемеден алынган сөздөрү бар карточкалар, тамгалары менен лотереялык доска, таштар.

  • Көнүгүүлөрдүн баяндамасы: Ар бир жупка лотереялык тактаны жана бир ууч таштарды бергиле. Ар бир лотереялык такта бири-биринен айырмаланышат, анткени тамгалар ар кандай квадраттарда жайгаштырылган. Такталардагы тамгалар кайталанышы ыктымал. Тарбиячы каптан сөздү сууруп чыгып үн чыгарып окуйт. Балдар сөздүн биринчи тамгасын аныктап, эгерде алардын тактасында ушул тамга бар болсо, тамгага ташты коюусу керек. Мисалы, эгерде «Чычкан» деген сөздү окуган болсо, балдар ташты лотерея тактасындагы «Ч» тамгасына коёт. Жуптардын бири ырааты менен беш таштан линияны чогултканга чейин оюн улантыла берет. Линия горизонталдуу, вертикалдуу же диагоналдуу болушу ыктымал. Төмөндө лотереялык тактанын мисалы келтирилген.



Б


И

Н

Г

О

М


А

Т

В

И

В


Т

С

К

В

Г


Р

боштук

И

П

О


Л

А

Д

С

Ф


Д

Г

О

З





Тарбиячы: Бул оюн «Алфавиттик лотерея» деп аталат. Мен силерди кошунаӊар менен отурууӊарды каалайм, ар бириӊерге лотерея тактасын жана бир ууч таш беремин. (Ар бир жупка тараткыла). Силер байкагандай, силердин такта алфавиттин ар кандай тамгаларын камтыйт. Ар бир такта башка тактадвн айырмаланат. Ошондой эле «Боштук» деген аталыш менен борборунда ачык жер бар. Келгиле, мен бул оюнду кантип ойногонду түшүндүрүп берейин. Мен өзүмдүн кабымдан бир сөз тандап аламын. Ал сөз азыр эле окуган «Чычкандардын кеӊеши» аӊгемесинен алынган. Силер сөздү угушуӊар керек жана сөздүн биринчи тамгасын аныктооӊор керек. Тамганы аныктагандан кийин силе раны өзүӊөрдүн тактаӊардан табууӊар керек. Кимдир – бирөөнүн тактасында бул тамга болот, кимдир бирөөнүкүндө болбойт. Эгерде бул сөз силердин тактаӊарда болсо, анда ага ташты койгула. Эгерде тамга жок болсо, анда тамганы силер дептериӊерге жазып алышыӊар керек. Мен сөздөрдү окуганды улантамын, а силер болсо биринчи тамгаларды өзүӊөрдүн тактадан издей бересиӊер. Биринчи болуп 5 ырааттуу дал келүүлөрдү катары менен горизонталдуу, вертикалдуу жана диагоналдуу тапкан жуп жеӊүүчү болот. (Ырааттуу 5 тамга эмне экендигин горизонталдуу, вертикалдуу жана диагоналдуу линиялар менен жүргүзүп көрсөткүлө).

Суроолоруӊар барбы? Келгиле, бардыгыӊардын оюндун эрежелерин түшүнгөндүгүӊөрдү билүү үчүн ойноп көрөлү. (Тарбиячы каптан бир сөздү алып чыгат жана так айтуу менен бүт класска аны окуп берет). Ошентип, өзүӊөрдүн кошунаӊар менен кеӊешкиле жана сөз кайсы тамгадан башталаарын аныктагыла. Силер биргелешип чечим кабыл алышыӊар керек. Бул тамганы тактадан табууга аракет кылгыла. Эгерде силердин тактада бул тамга болсо, ташты ошого койгула. Эгерде тамга жок болсо, аны дептериӊерге жазып алгыла. Мен азыр классты кыдырып, силерде суроолор бардыгын текшеремин. (Тарбиячы классты кыдырып көрүп, бардыгы оюндун эрежесин түшүнгөнүн текшерет).

Эми биз оюнду улантабыз. (Кайсы-бир жуп «Бинго» деген сөздү айтканга чейин сөздү окууну уланткыла. Жакшы, эми өз тамгаӊарды үн чыгарып айткыла. (окуучулар бардык баштапкы тамгаларды туура тапкандыгына ынангыла). Эӊ жакшы бул жуп бинго жасады. Келгиле, ага кол чабалы. Келгиле оюнду уланталы.



  • Оюндун кошумча ыкмалары:

Эгерде ар бир жуп үчүн такта жасай албасаӊыз, анда 4-5 окуучудан турган топко бир такта бере аласыз.

  • Көӊүл буруӊуз:

Айрым учурларда балдар сөздүн биринчи тамгасы боюнча сөздүн биринчи тыбышын туура аныктай албай калышат. Балким балдарга керектүү тамганы туура аныктап алуусу үчүн сөздү окуп туруп, андан кийин биринчи тыбышты өзүнчө бөлүүгө туура келет. Эгерде балдар 4-5 тен турган топто болсо, анда айрым балдарды биринчи болуп тамганы аныктоону жана андан кийин башкалар менен кеӊешүүнү тапшырат. Бул бардык балдардын бул оюнга катышуусу үчүн керек.

  1. Жаса – жана - алып кет” 15 мүнөт

О” тамгасынын китеби

О” тамгасы жөнүндө китеп

Автору – Ширин



  • Сабакка даярдык: Кагаздан же картондон кичинекей карточкаларды, жипти же пластик пакеттерден тасмаларды жана балдар жазышы үчүн карандаш менен калемдерди даярдап койгула.

  • Ар бир бала кагаздын үчтөн барагын алышы керек. Карандашты пайдалануу менен ал четинен тешиктерди даярдап, жипти пайдалануу менен (пластик пакеттин бир кесими же башка материал) бардык барактарды китепче болгондой кылып бекитет. Биринчи бетине окуучулар “О” тамгасын жазып коюусу керек. Ар бир кийинки баракка окуучу өзүнө “О” тамгасын камтыган сөздү жазып коет (тамга сөздүн бардык жагында болушу ыктымал). Мисалы: коенек, козу, окуучу. Ошондой эле окуучу өзү тандап алган предметти же жаныбарды тартып коюшу керек.

Тарбиячы: Келгиле, силер алфавитти билүү боюнча билимиӊерди такшалтуу үчүн жана кийин үйүӊөргө алып кете турган пайдалуу бир нерсе жасайлы. Силер үйдөн бүгүн бул жерден окугандарды кайрадан кайталай аласыӊар.

Мен силерге үч барак кагаз берем. Силер карандаш менен кагаздын четинен үстүӊкү жана астыӊкы бөлүгүнөн эки тешик жасайсыӊар. (бул кандай жасаларын балдарга кагаз таратылып берилгенден кийин көрсөткүлө). Андан кийин жипти тешиктен өткөрүп туруп учтарын бекем байлагыла. Ушинтип силерде китепче пайда болот. Бул китепче “О” тамгасына арналган болот. “О” тамгасын камтыган үч сөздү ойлоп тапкыла. Тамга сөздүн башында, ортосунда жана аягында болушу ыктымал. Ар бир баракка бирден сөз жазыӊыз жана бул сөз эмнени билдирерин тарткыла. Эми сизде “О” тамгасы менен өзүнчө китепчеӊер болот.




  1. Портфолио/папканы толтуруу

Портфолио /папканы толтуруу сабактын аяктоочу көнүгүүсү болуп эсептелет. Балдар өз портфолио /папкасына бүгүн кандай көнүгүүлөрдү жасагандыгы жөнүндө жазып жана тартып коюшу керек. Мисал катары, балдар бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөттү же Окуу лагерине байланышкан башка кандайдыр - бир сүрөттү тарта алышат.

  • Портфолио/ папканы толтуруу үчүн болжолдуу тапшырма.

  1. Бул көнүгүү үчүн балдарга бардыгынан көбүрөөк жаккан сабактын бир бөлүгүн жазып берүүнү сурангыла. Бул аӊгеме, оюн же “Жаса – жана – алып кет” көнүгүүсү болушу мүмкүн.

  2. Балдарды өз портфолио/папкасында “чечим” сөзүн пайдалануусун сурангыла.