Тема: Чыдамдуулукта чалкып жаткан дениздей бол!
Тарбиялык сааттын максаты:
-окуучулар чыдамдуулук жонундо тушунукко ээ болушат
-ар кандай нерсеге чыдамдуу болуунун артыкчылыктарын билишет
-соз которумдуулук да чыдамдуулук сапат экенин билишет
Кетектелуучу каражаттар: флипчарт(ватман), маркер, скотч
Тарбиялык саатка даярдык:
- «Жолборс чекмеси» деген тексти даярдалат
-Жомок боюнча тартылган суроттор доскага илинет
- флипчартка «Чыдамдуулук» деген соз жазылат
Тарбиялык сааттын журушу:
Сабакты мугалим «Жолборс чекмеси» аттуу жомок менен баштайт. Жомокту корком окуйт
Жолборс чекмеси (Татуировка)
Мурда адамдар денелерине ар турдуу чекме чектирууну адатка айландырып алган. Колдоруна, буттарына, желкелерине ар турдуу суротторду тарттырышчу. Бир куну бир киши желкесине чекме чектируу учун устага барат. Ал устага: - Жанымду оорутпай, эч кыйнабай туруп бир чекме чегип бер- деп суранат.
Анда уста: - Эмненин суротун чегейин деп сурайт. Ал киши:
- Айбаттуу бир жолборстун. Себеби менин жылдызым да жолборс. Бирок анын акылы адамдыкындай иштей турган болсун деп айтат.
Уста: -Кайсыл жерине чегип берейин? -Желкеме. Уста ишке кирише баштайт. Ийнелерди даярдап,анын желкесине бир ийненин учун батырып алганда эле ооруганынан кыйкыра баштайт. Жаны ооруган адам устадан:
-Эй уста мени олтуросун го, эмненин суротун тартып жатасын?-деп сурайт. Уста:
-Жолборстун суротун тарт дедин, мен тартып жатам – деп айтат. Ооруга чыдыбаган киши:
-Азыр жолборстун кайсы жерин тартып жатасын- деп сурайт.
Уста: -Куйругун тарта баштадым
-Кой андай кылба. Жолборстун узун куйругу мени кыйнап жиберди. Андай коро куйругу жок эле жолборс тарт – деп айтат.
Уста да анын айтканына макул болуп, бул жолу анын бакырганына да карабастан жолборстун башка жерин тарта баштайт. Ал дагы сурайт:
-Кайсыл жерин тарта баштадын?
-Кулагын.
Ооруга чыдабаган киши:
-Эй устам, кулагын тим эле койчу. Кулаксыз жолборс боло берсин-деп айтат
Уста кулагынын жарымын тартып койгон эле. Аны таштап башка жерин тартууга киришет. Бир аздан кийин:
-Эми кайсыл жерин тарта баштадын? Уста:
-Жолборстун курсагын тарта баштадым-деп жооп берет. Жаны ооруган киши кайра эле:
-Курсагын тартпай эле кой. Курсагы жок эле болсун- деди.
Сабыры тугонгон уста:
-Дуйнодо куйруксуз, башсыз, кураксыз жолборс болчу беле. Ырас, ооруга чыдай албасан, анда эмнеге келдин? Азыр тезирээк болмомдон чыгып кет-деп кууп жиберет.
Мугалим: Балдар бул жомокто кандай идея бар?
1-окуучу: Адам баласынын сабырсыздыгы жонундо идея.
2-окуучу: Адам баласынын ойлонбой иш жасагандыгы
3-окуучу: Акылсыздык жонундо идея.
4-окуучу: Чыдамкайлык жонундо айтылып жатат
Мугалим: Кандай ойлойсунар, уста анын айтканын жасай берсе болот беле?
5-окуучу: Ооруга чыдабаса, ойлонуп анан келиши керек эле да
6-окуучу: Жолборстун бардык жерин тартса да ооруй берсе, анан кайсы жерин тартат?
7-окуучу: Чыдамы жок адамга устанын ачуусу келди да. Мен деле устанын ордунда болсом ошентмекмин.
Мугалим:Балдар, жомоктун негизги идеясына силердин берген жоопторунар туура келип жатат. Негизги идея адамдын чыдамкайлыгы. Бул киши озу суранган нерсеге чыдаган жок. Ал эми бул турмушта адамдын башына ар кандай сыноолор, тагдырлар туш келет. Ошол учурда могдоп калбай, баш учуп женилип бербей, жер сыяктуу которумдуу болуш керек. Айткылачы чыдамдуулук эмнеге алып келет?
Мугалим доскадагы флипчарттагы «Чыдамдуулук» деген жазуунун алдына окуучулардын айткан жоопторун жазып турат.
Чыдамдуулук: Бакытка жеткирет
-ден соолугуна зыян келтирбейт
-ачуусу азаят
-сабырдуулукту уйронот
-ынтымак алып келет
-достук бекемделет
Мугалим: Кыргыздын Даанышман инсандары чыдамдуулук жонундо албан акылдарды айтып, оз башынан откоргон окуяларын улгу катары сунуштап келишкен. Кандай оор кыйынчылык болсо да, чыдамдуулук менен женуу керек экендигин Жээренче чеченге аялынын олгонун угузуу жонундо эл оозундагы айтылманы байкап королу:
Аттан тушуп, жай сурап отурганда, бир карыя чеченге кайрылат:
- Ээ, чеченим, бул дуйнодо учоо: агып жаткан суу, асман тиреген тоо, ааламды жаркын нурга бологон кун олбойт дейт, чынбы?
-Жок алар да олот. Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса, тоонун башын ак басат- олбогондо не болду. Арылдап аккан дайра жок, булактын козун муз басса, суу олбогондо не болду. Асманда булут ойноктоп, нурду жерге жеткирбейт- кун олбогондо не болду.
-Ээ чеченим, агда адмзатка келелик – атасы олгон не болот?
-Атасы олгон аскар-зоосу ураган менен тен болот. Куудай сакалын агартып, тордо отурса атакен – аскар-зоо болбогондо не.
-Энеси олгон не болот?
-Энеси олгон- элин жоо чапкан менен тен болот
-Баласы олгон не болот?
-Озогун орт алган менен тен болот. Орттонсо озок-тукум жок, очкону болот отундун
-Ээ чеченим, эн акыркы бир собол: катыны олгон не болот?
Ошондо Жээренче чечен ыргып кеткен экен:
-Атандын кору, катыным олгон турбайбы? –деп кайгыран экен. Бирок могдоп калбаптыр. Чыдамдуулук менен жениптир.
Тарбиялык саатты жыйынтыктоо:
Мугалим: Урматтуу окуучулар, демек турмуштагы бардык кыйынчылыктарды, сыноолорду которуп, чыдамдуулук менен жене билишинер – бактылуу жашоого умтулганынар.