СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чындыктын үнү жагымсыз, жагымдуу сөз жалган.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

  • Чындыктын үнү жагымсыз, жагымдуу сөз жалган. Адептүү адам чеченсинбейт, чеченсинген адам калпычы.
  • Хансарайдын ичи кооз болсо, талааны отоо чөп басып, кампалар бош калат. Бийлик ээлери кымбат, азем кийимдерди кийинип, курч кылычтарын көтөрүп, жөнөкөй тамак-ашка тойбой, ашыкча байлык топтошот. Мунун баарын каракчылык, ысырапкорчулук дейт.

Эл бийликтен коркпосо, андан да чоң бийлик келет.

Просмотр содержимого документа
«Чындыктын үнү жагымсыз, жагымдуу сөз жалган.»

Лао Цзы: Мыйзамдар, буйруктар көбөйсө, уурулар, каракчылар көбөйөт

20.06.2022

  • Чындыктын үнү жагымсыз, жагымдуу сөз жалган. Адептүү адам чеченсинбейт, чеченсинген адам калпычы.

  • Хансарайдын ичи кооз болсо, талааны отоо чөп басып, кампалар бош калат. Бийлик ээлери кымбат, азем кийимдерди кийинип, курч кылычтарын көтөрүп, жөнөкөй тамак-ашка тойбой, ашыкча байлык топтошот. Мунун баарын каракчылык, ысырапкорчулук дейт.

  • Эл бийликтен коркпосо, андан да чоң бийлик келет.

  • Эгерде эл өлүмдөн коркпосо, анда эмне үчүн аларды өлүм менен коркутасыңар?

  • Кичине нерселерден улуу нерселер чыккан сыяктуу эле, дүйнөнүн бардык балээлери майда нерселерден чыгат.

  • Өткөн доорлордун башталыш жолун тааный бил, бул билим бүгүнкү күнгө адаштырбай алып келүүчү жолду көрүүгө мүмкүндүк берет.

  • Өз ойлоруңа көңүл бур – алар аракеттериңдин башталышы.

  • Сабырдуулук – адеп-ахлактык жеткилеңдиктин башталышы болгон изгиликтин биринчи кадамы.

  • Эң мыкты курал да жакшылыктын жышааны эмес.

  • Өзүнө ыраазы болгон – бай адам.

  • Өз ченемин билген адам кызматына ыраазы. Көптү билген көп сүйлөбөйт, көп сүйлөгөн эч нерсе билбейт.

  • Мыйзамдар, буйруктар көбөйсө, уурулар, каракчылар көбөйөт.

  • Оңой жетишилген макулдашууга ишенип болбойт.

  • Жогорку адептүү адамдар өздөрүн адептүү деп эсептешпейт, анткени аларда жогорку адеп-ахлак бар.

  • Көп топтогон – көп жоготот.

  • Карапайым адамдар, белгилүү адамдардын таянычы, жапыз нерселер – бийиктиктин пайдубалы. Ошондуктан өздөрүн өздөрү көтөрмөлөгөн ак сөөктөр менен бийлик ээлеринин туруму күчтүү эмес, анткени алар карапайым элди өздөрүнүн таянычы катары эсептешпейт. Бул адаштыруучу жол.

  • Туруктуулукту билбеген ызы-чуу салып, көп катачылыктарды жаратат, туруктуулукту сезүү адамды сезимтал кылат. Сезимталдык адилеттүүлүккө алып келет.

  • Каниетсиздиктен оор нерсе жок.

  • Зыяндуу умтулууларга берилип кетүүдөн өткөн кылмыш жок.

  • Душманды баалабай коюудан өткөн жаман нерсе жок.

  • Кумардан оор күнөө жок.

  • Жаңы гүлдөп жаткан өсүмдүк назик жана алсыз. Кургап калган өсүмдүк катуу жана ийкемсиз. Ушундан эле назик жана алсыз жашоого жөндөмдүү экендиги көрүнүп турат.

  • Элди билген адам акылдуу. Өзүн тааныган адам билимдүү. Элди жеңген адам күчтүү. Өзүн жеңген адам алп.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ