СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чынгыз Айтматов

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чынгыз Айтматов»

Сабыр Зулпуев атындагы « Айбек» орто мектеби


РЕФЕРАТ



Тема:Чынгыз Айтматов



Аткарган: Акимова. Н Курманбекова. Ф


Текшерген: Турдуев. Ж

Ноокат.2024

Айтматов Чыңгыз Төрөкулович


Чыңгыз Айтматов

Туулган жери:

Шекер айылы, Кара-Буура району, Талас облусу , Кыргыз АССР, РСФСР, ССРС, Кыргызстан

Жарандыгы:

 → 

Ишмердүүлүгү:

прозаик

Багыты:

социалисттик реализм

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз, орус

Бааланганы:

     

Сыйлыктары:







Айтматов Чыңгыз Төрөкулович (1928-2008) — кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Кыскача өмүр таржымалы

Балалыгы

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы ССРСдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Чоң атасы Айтмат кыргыздын Кытай уруусунан чыккан бай кишининуулу болгон.

Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча татар. Чыңгыздын таятасы Хамза - караколдук бай жана айдың татар соодагери болгон. Азыр да Каракол шаарында Хамзанын эки кабат үйү сакталып турат. Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон.

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштункесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен).

Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды..

Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.

1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт.