СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чынгыз Айтматов.Дил баян

Нажмите, чтобы узнать подробности

9-класстын окуучулары жазган дил баян.

Просмотр содержимого документа
«Чынгыз Айтматов.Дил баян»

Кыргызы Республикасынын билим беруу жана илим министрлиги

Ош облусу Кара-Суу району №28 «Учар» орто мектеби









Тема:Айтматовдун чыгармаларындагы

аялзатынын изги орду

(эссе)











2019-2020-окуу жылы









Айтматовдун чыгармаларында аялзатынын изги орду .

Замандаш, Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы аялдардын образы улутубуздун руханий- адептик мурасын сактоодо, жайылтууда зор оболго тузо алат.

Коомдун руханий-адептик мурасын сактоо жана жайылтуу максатында Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образын окутууда жашоонун, уй-булоонун ачкычы болгон, адамдык даражасын бийик которгон, атагын арттырган так ушул аялзаты экендигин чыгармаларынан окуп, уйронуп, алардан таалим алууга аракеттенем жана баалайм.

Уй-булоодо эркек киши баарына баш болуп, тирек болсо, аялзаты-ошол тутканы бекем кармаган, уйдун куту, даанакери, кенешчиси. Элибиз абалтадан бери эле аялзатына урмат менен мамиле жасап, алардын омоктуу ойлоруна,сулуулугуна суктанышып,мээримине болонуп келишкен.

Анткени жазуучу чон энеси Айымкандын жаркын элесине арнап, аны менен сыймыктанып келген. Ошондуктан даанышман, улуу инсаныбыздын калк кадырына ээ болгон жазуучу болушуна ушундай нарктуу аялзатынын таасири тийгени маалым. Ал ар бир чыгармасында аялзатына сыйлоо адеби, урматы даана корунуп турат.

Айтматовдун аялзат парадын коз алдыма элестеттим:

---Эн биринчи Жээнгулдун жалгыздыгына, аялзаты экенине карабастан, суйуктуу куйоосунон калган жалгыз туягын атасыз дедирбей, эч нерседен кем кылбай тарбиялап, атанын «туягын» эрезеге жеткирген улуу эненин карааны тургансыйт.

--- Орозкулдун тороп бербедин деп сабаган ур –токмогуна чыдап которгон,кучтуу, Бекейдин элеси тартылат ….

---Уй-булоосундогу болгон эр журокторунун баарынан айрылган Толгонай эненин кайраты, белди бек бууп, келечекке мункуробой кадам таштаган айкол эненин элеси коз алдыма келгенсийт…

---Танабай Гулсарыны минип дуулап, Бубужанга ашык болуп, сыр бербей жургондо, сабыр менен куйоосун куткон, айкол Жайдардын даанышмандыгы улуу сапат эмей эмине?

--- Жанылыштыгын кеч тушунсо да,бироонун булоосун бузуп, бирок оз бактысы учун курошкон,оз мойнуна алган Кадийчанын образы эсимде..

---Алтынайдын билимге болгон жоопкерчилиги намысы, аракетчилдиги, эмгекчилдиги, илимпоздугун баалаган,нукура сыймык…Дуйшон агайдын акыбетин, умутун актаган кыргыздын биринчи профессор Алтынай Сулайманованын сырдуу элеси келет ….

---Бирде качкынга кошулуп, куйоосу Ысмайылдын жасаган иштерин жашырып келсе, кийин адамгерчиликсиз, айбандын бет кабы ачылганда, аны менен бетме -бет курошкон, Сейденин образы коз алдымда тургансыйт..

---Эдигейдин тагдырына тагдырлаш, бирге туруп, бирге баскан, оор кунундо таштап кетпеген,климаты татаал Бороондуда бирге бактылуу турмуш кечирген, Укубаланын элесичи? .

---Султанмураттын суйуусуно арзыган жароокер,суйкайган Мырзагулдун армандуу коз карашы коз алдыма келет…

---Даниярдын суйуусун кеч тушунуп, арбалган Жамиланын оз булоосун таштоого белсенген чечкиндуу,жароокер коз карашы элестейт.

---Оз махабатынан, Даниярдан ажырап, уулу менен ара жолдо калып, Байтемирдин жылуу созу,кутту уйунон тунок алып, Саматты оз уулундай коргон адамга ыраазычылыгын билдирген Аселдин армандуу махабатты тартылат…

---Моюнкум чолундо Акбаранын оз болтурукторун издеп, кусаланып уулуган уну, Ташчайнардан айрылганына ызаланып, малчылардын жайытына кол салганы, адамдардын ушун алган бору эненин карааны корунот…

---Махабаттын жылуулугунан эрте айрылып, кайнененин мээримине болонуп, чоочун жигиттин суйуусуно арбалып, кош бойлуу болуп, ээн жолдун ортосунда тороттон каза болгон, гул суйгон, жароокер Алимандын ыйы, кыйкырыгы жаныргансыйт….

---Бак аралап, колуна кызыл алма кармаган жигиттин сырдуу суйуусуно арзыган белгисиз сулуунун карааны корунгонсуйт….

Чынгыздын чыгармаларындагы аялзатынын турмогун туруп жатып, анын аялзатын ото баалагандыгы, сыйлагандыгы корунуп турат.Ар бир каармандын озуно гана тиешелуу мыкты сапатка ээ экендигине дагы бир жолу ишенгенсидим…

Ч.Айтматовдун чыгармаларында аялдардын образынан сабырдуулукту сый –урмат корсотууну, жумшактыкты, кечиримдуулукту уйронобуз. Кылымдар кыйырын басып откон кыргыз элинде не бир тугонгус тарбияны жазуучу чыгармаларында суроттоп бере алган.

Андыктан, биз жаш муундар,Айтматовдун чыгармаларындагы тарбияга нарк кайталангыс сапаттар менен тарбиялансак, анда келечектеги чыныгы кыргыздын келечектеги мыкты кызын, энесин, чон энесин турмушка даярдай алабыз деп ойлойм.

Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар баардыгы уй-булонун бекем таянычы, баланын энеси, бироонун суйгон жары же Акмаралдай конулдошу,кээси суйуунун азап-тозогуна эми баш багып, мээрим тарта баштаган селки, ысык-суукту башынан кечирген кечиримдуу,ыймандуу аялдар,булардын баарында тоодой чой суйуу катылып жатат.

Жазуучу аялзатынын асылзаадалыгын,ички жана тышкы сулуулугун, адеп аклактык жактан озгочо биле турган тазалыгын , адамгерчилигин таамай корсотот.

Деги эле жазуучуга таандык сапаттарды алуу учун анын ар бир чыгармасын окуп, талдап, андан зор тарбияны алсак болот.

Чынгыздын ар бир каарманы кыргызмын деген атуулдун журогунон тунок алып жашай бермекчи!






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!