Сабактын темасы: Чыңгыз Айтматов-кылым адамы
Сабактын максаты: 1)Окуучуларга Ч.Айтматов жөнүндө түшүнүк алышат;
2)Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткара алышат;
3)Ыймандуулукка, патриоттуулукка, мекенди коргоого тартияланышат;
Сабактын жабдылышы: плакаттар, карточкалар, додоэкадр
Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу
2.Айтматовдун өмүр баяны
Айтматов Чыңгыз Төрөкулович 1928-жылы 12-декабрда Талас өрөөнүндөгү Шекер айылынд, кызматкерлердин үй бүлөсүндө туулган. Айыл-чарба техникумуна кирип, аны бүткөндөн кийин борбор калабыздагы айыл-чарба институтун бүтүргөн. Студенттик жылдарында ал бир нече чыгарма жазып, чыгармачылыкка баш койгон.
Ч.Айтматов азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан адам эле. Анын калеминен жаралган прозалык, публистикалык жана драмалык чыгармалар ырлар кыргыз адабиятынын өнүгүшүнүн кийинки бийиктиктерин белгилейт.
Чынгыз Айтматовко дүйнөлүк кадыр-барк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган “Бетме бет”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Жаныбарым Гүлсары”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар” аттуу повестери болду.н
Ч.Айтматов өзүнүн чыгармалары менен дүйнө жүзүнө таанылып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Ч.Айтматов 80 жаш курагында 2008-жылдын 10-июнунда бул дүйнө менен кош айтышты. Улуу жазуучу менен коштошууда жалаң кыргыз эли эмес, бүткүл дүйнө жүзү улуу кеменгер инсанды жоготкондуктарын туюп ыйлап да, кайгырып да турушту.
1. Чыңгыз Айтматов жөнүндө көркөм окуу:
Улар: Жаңырат жер жүзүндө Чыңгыз Чыңгыз!
Бабасы улуу Манас кара кыргыз,
Талантын анын таамай салыштырсаң,
Көктөгү жаркыраган чолпон жылдыз.
Хадиче: Жаңырат ай ааламда Чыңгыз Чыңгыз!
Атасы ак калпактуу тоолук кыргыз,
Өмүрү 95ти басып бүгүн,
Аткарды зор иштерди адам кылгыс.
Нурэл: Ким билбейт кара сөзгө чебериңди,
Тарыхта сейрек талант экениңди,
Кылымдап көөнөрбөгөн китептериң,
Таанытты бүт ааламга мекениңди.
Малика: Ободо оттой жанган улуу жылдыз,
Урматтап келет аны бир ууч каыргыз.
Талантты түк ченебей берген экен.
Таймашса түмөн түмөн адам чыккыс.
2. Хор: Таласым
3.Чыгармаларынан үзүндү:
Толганай менен жер эненин маеги
Толгонай: Шибербекова Шахазат
Жер эне: Назарбекова Наима
Майсалбектин каты: Саадабаев Алтынбек
Ак кеме повестинен үзүндү:
4.хор: Махабат дастаны
Сабакты бышыктоо: Суроо-жооп аркылуу
1.Чынгыз Айтматов ким болгон?
2.Анын кандай чыгармалары бар?
3.Ал кайсы жылы туулган?
4.Чыңгыз Айтматов кайсыл жердин уулу болгон?
5.Чыңгыз Айтматовдун учкул ойлору?