Сабактын темасы:Чыңгыз Айтматов –кылымдын залкар жазуучусу
Сабактын максаты:
1.Чынгыз Айтматовдун өмүрү ,чыгармачылык жолу менен кенири тааныша алышат
2.Окуучулар өз алдынча сын пикир айта билүүгө,сүйлөо речин өстүрүүгө үйрөнүшөт
3.Окуучулар эмгектенүүгө,эркттүүлүккө ,тилди таза сактоого үйрөнүшөт
Сабактын жабдылышы: Чыңгыз Айтматовдун портрети,китептери,буклеттер,аудиотехника,ватман,маркер,тест
Сабактын усулу: Интерактивдүү усул
Сабактын жүрүшү:Классты уюштуруу,Саламдашуу,үй тапшырманы суроо
Сахналаштыруу:Саламатсыңарбы балдар!Биз бүгүн Чынгыз Айтматовдун туулган кунуно карата арналган “Чынгыз Айтматов кылымдын залкар жазуучусу”деген темада тарбиялык саатыбызды баштайбыз.Кана анда үйгө эмне тапшырма берилди эле?
1-окуучу:Бизге “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзундү аткарып келүү ”берилген.
Мугалим:Анда даярсыңарбы?
2-окуучу :Даярбыз
Мугалим:Келгиле,анда үйгө берилген тапшырмага көңүл буралы.Окуучулар даярдап келген сценкасын аткарышат.
Мугалим: үй тапшырманы сахналаштыруудан көрүп алдык.Чыңгыз Айтматовдун өмүрү,чыгармачылыгы жөнүндө ким айтып берет?
Окуучу:Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас өрөөнундөгү Шекер айылында туулган.Атасы Төрөкул Айтматов көрүнүктүү партиялык кызматкер болгон.Сталиндик режим учурунда репрессияга учурап,атылып кеткен.Анын сөөгү 1990-жылы табылып ошол эле Ата-Бейитке көмүлгөн.Чыңгыз Айтматов орусча,кыргызча мектептерде окуган.Айтматовдун адабиятка болгон шыгы эрте ойгонгон.Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда дүйнөдөн кайткан.
Мугалим:Эне деген улуу затУлуу жазуучубузду кандай аял бул дуйнөгө алып келди экен?
2-окуучу: Нагима Ханзаевпа 1904-жылы 7- декабрда Кара-Колдогу атактуу бай соодагер Хамза Абдувалиевдин үй-бүлөсунлө жарык дуйнөгө келген.Абдувалиевдин үй-бүлөсү билимди өтө жогору баалашкан.1917-жылы Караколдо жаңы мектеп ачылып, ошол мектепке окууга кирген.1919-жылы атасы Хамза өзү жашап турган үйүн мамлекетке өткөрүп берген.Ал эми мамлекет ал үйдү мектеп кылып ачкан.Ошол мектепти көптөгөн улуу окумуштуулар аяктаган .1935-жылы Нагима Айтматова өзү демилгелүү жаштардын катарында ошол мектепти ийгиликтүү бүтургөн.
Мугалим:кириш сөз
Кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон,төгөрөктун төрт бурчунан атагы чыккан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду кимдер гана билбейт!
Өз элин бир кезде өзүнүн жалаңдаган курч кылычы менен Чыңгыз хан дүйнөгө таанылса,бүгүнкү күндө курч калеми менен элди тамшандырып,дүйнө элине тааныткан сүйүктүү жазуучубуз Чыңгыз Айтматов экендиги талашсыз.
1-бөлүк:Ардактуу уулу кыргыздын,
Даңктайлы улуу Чыңгызын демекчи
(Окуучулар Ч.Айтматовго арналган ырларды ,каалоолорду көркөм окуп беришет)
1-окуучу:
Баары ыйлашты Манас эми өлгөдөй
Манас менен Сизди кошо көигөндөй.
Аалам турду жымжырттыкка суз болуп,
Чыгармачыл кыяматты көргөндөй,
Ишенишпейт окурмандар азыр да
Кантип эле Айтматов жок ааламда
Кун да болуп,айда болуп асманда
Жаркыраган рухун бизге чачаарда.
2-окуучу
Чыңгыз авам кыргыздардан чыкканбы?
Чыңгыз атын дүйнө эли укканбы?
Окуп көрүп ар бир жазган китебин
Айтматовго дүйнө эли суктанды.
3-окуучу
Чолпон жылдыз чыккан сайын элестеп
Күтөбүз биз бир күнү сизди келет деп
Саманчынын жолун сепкен оңдөнүп
Майлуу сүттүү берекесин берет деп
4-окуучу
Чыгармасы көп тилдерде сүйлөгөн
Адамдыкка ,адилетке үндөгөн
Христиан,будда жана мусулман
Айтматовду кимдер гана сүйбөгөн
5-окуучу
Ага классик деген сөздөр жарашты
Ысымы да Шекспирге жанашты
Кыргыз эмес ,буткул союз ичинде,
Айтматовдой кимдер образ жаратты.
Адабият айдыңындай кай жылдыз,
Болсо болор ,болбосо жок бир жылдыз
Аламында жаркыраган ,жайнаган,
Айтматовдун чыгармазы бүт жылдыз.
Мугалим:Тайир Аширбайев “Кыргыз тили”публицистикалык поэсынан узүндү.
Эне тилим , кандай укмуш сулуусуң ,
Энекемдин мээриминдей жылуусуң .
Татынакай жарыңа суктанам ,
Таттыбүбү ,Акмөөрдөй сен сулуусуң.
Айбатыңдан кагылайын Калыгул,
Амансыңбы,ак боз атчан Алыкул.
Караңгылык каптабасын жергемди,
Кыргыз жолун жарык кылгын,аруукыл.
Журт зыйнаты, сен Курманжан Даткасың,
Жашарасың сен жапжашыл арчасың.
Ала-Тоосун абасынан жуткандар ,.
Айткылачы деги кантип чарчасын!
Кыргыз тилим сен Айтматов Чыңгызсың.
Кыргыз жерин асмандаткан кыргызсың.
Саламат бол,жаңы кайра жаралуу,
Сен кыргызга таңкы чолпон жылдызсың.
2-бөлук:Чыгармачылык бийиктикке карай жол.
“Цифралар сүйлөт “ деген тапшырмалар аркылуу окуучулардан жазуучунун өтүлгөн чыгармалары жана сыйлыктары туурасында жооп алабыз.
1958-1965-1963-1966-1968-1970-1977-1977-1980-1983-1987
3-бөлук:”Айтматов жана биз “
Окуучулар жазуучунун чыгармалары жана каармандары боюнча чайнворт,синквейн түзүшүп,кроссворд толтурушат.
Чыңгыз Айтматовго синквейн тузушот.
Сабакты бышыктоо:Окуучулар менен биргеликте чыгармаларын бышыктап алабыз.
“Жамиля” повести жарык көргөндөн кийин М.Рауквер “Жамиля”атту повесть жазды (1961) Казак композитору И.Жакановдун “Даниярдын ыры”,”Жамилянын ыры”деген обондору белгилүү болду.Паовесть 1963-жылы Лениндик сыйлыкка таандык болгон.
Үйгө тапшырма:Каармандардын сүрөтүн тартып келүү ,аларга арнап ыр жазып келүү