СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чынгыз Хан жана монгол империясы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чынгыз Хан жана монгол империясы»

Монгол Империясы - XIII к. Чыңгыз хан жана анын орун басуучуларынын жоортулдарынын натыйжасында түзүлгөн жана дүйнөлүк тарыетагы эң чоң аянтты камтыган мамлекет (аянты 33 000 000 го жакын квадратного километра). Мамлекеттин борбору Каракорум болгон.

Чынгысхандын теги ким болгон?

Орто кылымда жашап ѳткѳн тарыхый инсан - Чынгысхандын тегерегиндеги талаш-тартыштар узак убакыт бою жүрүп, дагы деле болсо теги түркпү же монголбу, казакпы дешкендер жок эмес. Бул инсандын тегин билиш үчүн, анын жашап ѳткѳн доорун экиге бѳлүп кароо керек. Биринчиси, Чынгысхандын тѳрѳлгѳнүнѳ чейин элинин кайсы урууга таандык болгону жана анын тѳрѳлгѳндѳн кийинки мезгили. Экинчиси, анын бийликке келиши жана мамлекетти түптѳшү менен империялык доорунда бириктирген элин, эмне себептен монгол атап койгону. «Тэмужин Делүн-Болдок капчыгайындагы Онон дарыясынын жээгинде, кыят-боржигин уруусунан чыккан Есугей баатырдын үй бүлѳсүндѳ тѳрѳлѳт. Энеси Олуэн олхунут уруусунан болгон. Есугей меркиттер менен болгон чабышта Еке-Чилду баатырдан Олуэнди ажыратып аялдыка алат. Уулун Тэмужин деп, татарлар менен болгон чабышта жеңишке жетишип, татар баатыры Темужин-Угенин урматына койгон». (Энциклопедиялык сѳздүк – Брангауза жана Ефрона. 4т.-СПб., 1890-18907 б.).

Чынгысхан алгач кол башчы катары, ар жерде андалап жүргѳн түрк урууларынын башын бириктирип, баскынчылык жүрүшүн коңшу элдер: Кытай, Орто Азия, Кавказ, Чыгыш Европа жерлерин басып алып, улуу Монгол империясын түптѳгѳн биринчи монгол ханы. Аялдары: коңурат уруусунан Бортэ, меркит уруусунан - Хулан, татар аялдары - Есугэн, Есуйдан тѳрѳлгѳн балдары: Жучу, Чанатай, Угедей, Толуй, Күлхан, Хатачар, Чохур, Хархат, кыздары: Хажин-беги, Иэцэйхен, Алайра, Тэмулгэн жана Алдун дегендер болгон.

Тарыхый жактан талашка түшкѳн Чынгысхандын тегерегинде илимий изилдѳѳлѳр жүрүп, тарыхчылар, тарыхчы-хронистер, тарыхчы-лингивистер ѳз убагында илимий эмгектерин, иликтѳѳлѳрүн, саякаттарын уюштуруп, Чынгысхандын ѳзү менен анын дооруна бир топ эмгектерин арнашкан. «Монгол» деген термин, Чынгысхан тарабынан XIII кылымда пайда болсо, Чынгысханга чейин «монгол» деген сѳз болгон эмес, деген сѳздѳрдүн канчалык чын-тѳгүнү бар экенин тарыхчылардын бир канча эмгектеринен жолуктурууга болот.

Тарыхта кѳптѳгѳн элдер мезгил ѳткѳн сайын, байыркы алып жүргѳн аттары ѳзгѳрүлүп айтылып калгандары кездешет. «Монгол» деген термин орто кылымдын XIII кылымынан тарта пайда болгонун, тарыхчы - хронлогдор, лингивистер келтирген мисалдары жокко чыгарбайт. Байыркы «Грек-макендондуктар, азыркы кезде «Славян-макендондуктары», орто кылымдагы «Түрк-болгарлары», азыркы кездеги «Болгар-слвяндары» деп аталып калышы, тарыхый ѳзгѳрмѳ аттардын мезгил чындыгы.

«Ошону үчүн: «Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» деп бекеринен айтылбаган. Атактуу инсандардын теги жѳнүндѳ кѳптѳгѳн ой жоорулар болуп келгени албетте мыйзам ченемдүү иш. Чындыктын жүзүн тарыхчылар, хронологдор, лингивист - илимпоздор илимий изилдѳѳлѳрдүн негизинде тастыктап, аныгын ачып бергенинде. Алар тарыхый тактыкка таянып, болгон так далилдерди келтирип, жазып кетишкендери, кийинкилер үчүн зор эмгек.

Ѳткѳн кылымдардын мамлекет аралык алака, алгач – кат жазмалары аркылуу болгон. Кат ханга жеткен убакта окутуп кѳрүп, сѳз кудуретине маани-маңыз берген ошол ѳлкѳнүн ханы же султаны, кат аркылуу кат келген элдин ханын жѳндүү экенин таанып, билген. Сѳз сыйлаган, кадыр күткѳн хан, мыкты жазылган катты ардактап, барктап сандыгына сактайт. Хандар, учурунда элчилери аркылуу бири-бирине кат аркылуу кайрылышкан. Жазма каттар кайсы элге таандык экенин, алардын сактап койгон тарыхый кол жазма каттары атайы оромого оролуп, кийинки урпактарга ѳз доорунун дипломатиялык иштеринин ѳрнѳгү болсун деген. Ушундай каттар, бир канча жылдар ѳткѳндѳн кийин, кийинки урпактарга илимий эмгектеринин баа жеткис табылга катары табылып, тарыхый булактарга айланып кеткен». (К.Б.)

Монголдор XIII кылымда уйгур жазмаларын пайдаланып келишкен болсо, XIII кылымдын аягы XIV кылымдын башында Кытай ханы Хубилай жаңы кол жазманы бекитип киргизет. Анда –кол жазма тѳрт чарчы болгондуктан, түрк-монгол же монгол (түрк) элдери мындай - тѳрт чарчы кол жазманы кабыл албагындыктан, кайрадан уйгур графикасына кайрылышкан. Анын далили, Гүйүк-хандын 1246 жылдагы мамлекеттик мѳѳрү басылган катын, Рим Папасы Инокентий IVгѳ жѳнѳтѳт. Ал кат, ушу кезде да Ватикан архивинде сакталып калган. Мѳѳр басылган бул кат – уйгур арибинде эски монгол (түрк) тилинде жазылган. Орто кылымдагы монгол эстеликтеринин бетине жазылган кол жазмалар менен котормолор да арбын болгон.

Рашид-ад- Дин ѳзүнүн эмгегинде, «Тарыхчы Хулагуидов 1300-1311 жылы Газан-хандын тапшырмасы менен «Мезгилдин жазма жыйнагы» деген биринчи дүйнѳдѳгү тарыхый эмгегин басып чыгарат». Рашид-ад Дин. Бул эмгегинде, монгол жана татарлар – түрк этносуна таандык деп, жазат. Анда, «Уруулар азыркы кезде монголдор деп аталып калган, чынында булардын түпкү теги монголдор эмес, мындай атты алар ѳзүлѳрүнүн дооруна карата атап алышкан. Уруу-уруктан кѳбѳйүп отуруп, уруунун ичинде ѳзүлѳрүнчѳ аттар пайда болгон. Алар: жалаир,кирей, найман, онгут, кыргыз ж.б. болуп атакка ээ болушуп (Чынгысхан бириктиргенден кийин) башкалары да кошулуп, бул ѳлкѳ атак-даңкка ээ болушканды каалашкан. Түрктѳрдүн кѳпчүлүгү, ѳзүлѳрүн монголдорбуз деп аташкан. Алардан мурда татарлардын күч кубаты болуп турган кезде, татарларбыз дешип турган» деп жазат.

Рашид-ад Диндин «Кол жазмалар жыйнагында» XIV к. т 1, 1-китеп, 103-б: «Азыркы убакта, Чынгысхандын урматына жана укум-тукумуна карата монгол деп айтылып калганы менен, чындыгында монголдор – түрк тукумуна таандык. Монгол-Түрк урууларынын ичиндеги уруулар: жалаир, татарлар, онгуттар, кереиттер, наймандар, жана башкалары ѳз кезегинде ѳзүлѳрүнѳ таандык болгон белгилүү аттары болгон – ушулардын бардыгы ѳзүлѳрүнүн жогору, бийик кѳрсѳтүш үчүн монголдорбуз атап алышкан. Түпкү тегинде, байыркы убактарда монгол деген мындай ат болбогонун танышкан, мындайлардын катарында татарлар монголдор деп ѳзүлѳрүн такыр аташкан эмес» деп жазат.

Рашид-ад Дин ушул эмгегинин 2-бабында: «Түрк уруулары жѳнүндѳ, азыркы убактагы түрктѳр ѳзүлѳрүн монголдорбуз айтышканы менен, байыркы эл катары ар биринин ѳзгѳчѳ аттары жана ѳзүлѳрүнүн бийлик жүргүзѳ тургандай абалдагы ысымды ала жүрүшү менен толук кандуу бийлик ээлерибиз дешет». Ушул эмгегинин 3 бабында: «Түрк уруулары жѳнүндѳ, ар биринин ѳзүлѳрүнчѳ падышалары жана бийлик башчылары болгон…» дейт. Рашид-ад Диндин жазганы боюнча, монголияга XII-XIII кылымдарда Түрк уруулары барып отурукташкан. Рашид-ад Диндин дагы бир тарыхый кол жазма булагында: «Чынгысхандын бийлик доорунда «Алтын дептер» деген түрк тилинде жазылган кол жазмалар, биздин күнгѳ жетпей калды» дейт.

Мэн Хун - кытай элчиси, Сун тукумунан (династиясынан) 1219 жылы ѳзүнүн «Монгол-татар жѳнүндѳ» (Мэн-да, бей-лу) кол жазмасында минтип жазат: «Түрктѳр Монгол империясынын жаңыча жашоо башатында турган кезинде» европанын биринчи саякатчысы жана араб хронисты (мезгил жазмачысы), Улуу кѳчмѳндѳрдүн жер ээлери «татарлар». Чынгысхандын «Монголдору» - бул ар кандай саясий жактан кошулган Түрк урууларынын бир мамлекетти түзгѳн бирикме. «Татарлар – түрк элдеринин орто кылымдагы жалпы түшүнүгү деп, сырттан келишкен чоочун авторлордун жазгандарын жолуктурдум», дейт.

Махмуд Кашгари: «Татарлар-Түрк тилдүү эле уруу» дейт. Татарлар жѳнүндѳ Дивани Лугат Ат-Түрк (Үч томдон турган түрктѳрдүн жѳндүү сѳздүгү) Махмуд Кашгари 1075 жылы: «22 түрк уруулары жѳнүндѳ: печенектер, кыпчактар, ѳгүздѳр, йемектер, башкырлар, басмылдар, каялар, ябагу, татарлар, кыргыздар, чигилдер, тухсылар, ягмалар, ыграк, чумул, уйгур, тангут, кытай, табгач, аргын, булгар, субар» деп кѳрсѳтѳт. Махмуд Кашгари, Чынгысхандын тѳрѳлгѳнүнѳ чейин 80 жыл мурда эле татарды Түрк этносуна тийиштүү кылат. 732 жылкы Орхон жазмаларында: «Менин түрк атам Билге-каган отуз уруу-татарлардын башкаруучу тагында отурган…». Татарлар деген, Түрк Каганатынын эпитафиясында эскерилип, Чынгысхан тѳрѳлгѳнгѳ чейин 432 жыл мурда эле жазылганын айтат.

Юань уругунун (династиясынын) жазмаларында, XIX кылымдын европа тарыхчылары, XIII кылымдагы «Монголдордун ыйык айтымдарын» ѳзгѳртүшүп салышкан. Себеби, уйгур тилинде жазылган түп нуска жоголуп кеткен. XIV кылымда кол жазма кытай династиясы болгон - Миндин колуна тийет да, 1403-1425 жылдары кытай тилине которулат. Мин ксилографиялык басмасы ѳз учурунда бир канча жолу алып жазылып отуруп, биздин убакка чейин кытай тилинде толук эмес котормосу жеткен. Азыркы кезде монголдордор, ѳткѳн доордогу монголдордон айрымасы, биз Халха-Монголдорубуз дешип келишет. «Юань урпагынын ыйык айтымдарында» «Монгол» термини биринчи жолу эскерилип «Бүтүндѳй монголдорго Кабул-каган бийлик кылат» (параграф 52). Кабул-хан, Чынгысхандын чоң атасы 1094-1148 жылдары жашап турган мезгилинде, нирун-монгол урууларын бириктирген жана «улук Хамаг Монголду» элин түптѳгѳн! «Хамог Монгол» түрк (карлук) тилинен которгондо «Бүтүндѳй монголдор» деген түшүнүктү берет. «Монгол» жѳнүндѳ термин XIII кылымда биринчи жолу кагаз бетине түшүрүлүп, пайдалана баштаган.

Андан мурдараак кытайдын кылым жазмалары жүргүзүлгѳн кагаз иштеринде, 945 жылдары «мэн-у ши-вей»: мэнгу, мэнва, жайдак мохэ уруулары токойлордо жашашкан! Булар, XIII кылымдагы кѳчмѳн монголдорго эч кандай тиешеси болбогону жѳнүндѳ жазылган.

Юань урпактарынын ыйык айтымдарында: «Татарлардын талкаланышы жѳнүндѳ айтылып, талкалануу автордун түшүнүгү боюнча, душманына толук баш ийип бериши (бүтүндѳй түрк урууларынын биригүү мезгилинде душмандардын биригүүгѳ каршы болушу) жана Чынгысхандын жаңыча ойлоп табуусунда, монголдордун саясий жактан биригүүсүн кабыл алган. Мында, татарлар кыйроого учураган эмес, анын себеби Чынгысхандын эки аялы – Есухей, Есуй; Монголдун хуралынын башкы соту – Шигу-кутугу; ноендордун башкы аскер башчысы 1229 жылы – Элчжигидей татарлар болушкан! Чынгысхандын аскерлеринин алдыңкыларынын кѳпчүлүгүн чыгыш-түрк уруусу Татарлардан турган» делет.

Алтын табчи хроникасы, 1651-1675 жылдары «Кытай Түрктѳрүнүн» тилинде жазылганын монгол илимпоздорунун таануусунда: «Чынгысхандын тили жоголгон» жана ал тилди эски монгол тили деп таануу менен, «Алтын тобчи» тили азыркы халха-монголдорго түшүнүксүз» дешкен. Буга карата, Голландиялык окумуштуу – Лео де Хартогдун далилдѳѳсүндѳ: «Гуюк-хандын 1246 жылдардагы Мамлекеттик мѳѳрү менен кол жазмалары түрк тилинде жазылган!» деп ( «Чынгысхан дүйнѳнү каратып алуучу» 9, 246-247 б.) жазат.

Венециалык саякатчы, Рим папасынын ѳкүлү Марко Полонун (1254-1324 жж) «Дүйнѳнүн керемет китеби» дегенинде: «Бул жердеги мамлекет Ун жана Могул. Ун мамлекетинде жашагандар онгуттар, ал эми Могулдарда (Чынгысхан мамлекети) татарлар (түрктѳр) жашайт. Бул жердеги адамдар аң-сезими жогору жана татарча билишет. Улуу хандын айтканында – Хубилай, «Мактоо барагын түрк тилинде жазып, Апостолго жѳнѳткѳнгѳ даярдгыла» деген. Рим Папасы жана кытай башкаруучулары мамлекеттик алака иштерин жүргүзүүдѳ монгол (түрк) Хубилай түрүк тилин пайдаланган!» дейт.

Дагы бир тарыхый жактан тастыктай турган жагдай, Россиялык тарыхчы В. Тизенгаузен (1825-1902 жж), «4 сентябрь 1264 ж. Египет элчилерин Алтын ордонун ханы Береке кабыл алат: Кат (Египет) султан тарабынан түркчѳ жазылган. Алар (татарлар) буга абдан сүйүнүшкѳн. («Материалдардын толук жыйнагы, Алтын ордого таандык болгон» 308 б) «Нил жана Волганын ортолорундагы байланыш XIII-XIV кылымдар арлыгында» эки жүз жыл арасында Каир жана Сарай 50 жолу элчилери сүйлѳшүүлѳрүн жүргүзгѳндүктѳн, монгол-татарлар түрк тилинде жазышкан. Батыш тарыхчылары, мусулмандардын уйгур жазууларын окуй албагандыктан (жогордон тѳмѳн) «монголчо жазылган», - дешкен.

Совет доорунун чыгыш-тарыхчысы - В.П.Юдин (1928-1983жж), «Монгол бийлигинин курамына карап турган уруулар, негизинен этникалык жактан монголдор үстѳмдүк кылганы менен, чынына келгенде түрктѳр болуп саналган. («Борбордук Азия XIV-XVII к.» 105 б.). Ушул эле эмгегинде, «Азыркы убакта түрк тилдүү моголодордун күмѳндү жараткан тилин эсептесек, анда бул тил ѳзүнүн салттуулугун жашап бүттү деп эсептешке болот» («Борбордук Азия XIV-XVIII кк, 127 б.).

Монгол тарыхчы-хронисти Мухаммед Хайдар Дулати (1499-1551 жж) «Могул мамлектинин негиздѳѳчүсү Султан Саид-хандын курч айтканында, түркчѳ жана персче, орфографиялары туура жана талашсыз болгон, ошол эле фарс жана түрк, араб тилдеринде». (Тарихи-и-Рашиди» 1541-1546 жж. Кашмир) Моголдор халха-монгол тилинде сүйлѳшкѳн эмес! Моголистан-Борбордук Азияда түрк мамлекети болгон (Чыгыш Түркстан, Кашгария, Жети суу) 1347-1462 жж. Чагатай Улусунда негизделип Моголистандан Бабур мамлекети тарап «Улуу Могол империясына» кирген дейт.

Мезгил ѳткѳн сайын тарыхчылар изилдеп, жазып ѳзүлѳрүнүн кѳз караштарын айтып келген. Россиялык