СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чыңгыз - өчпөс жылдыз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чыңгыз - өчпөс жылдыз»

Сабактын темасы: Чыңгыз – өчпөс жылдыз

Сабактын максаты:

А)Окуучулар Чыңгыз Айтматов жөнүндө маалымат алышат.Өмүр, баяны, чыгармалары менен таанышышат.Ырды көркөм айтууга үйрөнүшөт.

Б) Окуучулардын дүйнө таанымы кеңейет, ой-жүгүртүүлөрү өнүгүп өсөт.

В) Окуучулар улуу инсандардын эмгегин сыйлоого, барктоого тарбияланышат.

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.

1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-1965-жж. "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин

кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон.

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган.

Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" газетасына жана "Киргизстан" альманахына жарыяланат. Ал ошол кезде эле В. Катаевдин "Полктун уулу" повестин, М. Бубеновдун "Ак кайың" романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. Анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунда болот. Бул жылдары "Бетме-бет" (1958) жана "Обон" ("Жамийла", 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат. Адам мүнөзүн, психологиясын ачууда "Бетме-бет" повести кыргыз прозасына жаңылык катары кирди. "Обон", "Жамийла" повесттери кыргыз идеялык-эстетикалык проблематикасы жана ага шайма-шай келген көркөмдүк сапаты менен кыргыз совет адабиятындагы нукура жаңычыл чыгарма болуп, бат эле көп тилдерге которулду. "Жамийла" өнүп-өсүп калган кыргыз прозасынын жаңы сапатка жетишип, өркүнү өскөн адабияттардын деңгээлине көтөрүлгөнүн дүйнөгө маалым кылды. Ошондон бери Айтматов жаңы чыгармаларында сейрек кездешүүчү талантынын улам жаңы кырларын ачып келе жатты."Кызыл жоолук жалжалым" ("Тополёк мой в красной косынке", 1961), "Бото көз булак" ("Верблюжий глаз", 1961), "Биринчи мугалим" (1962), "Саманчынын жолу" (1963) деген повесттеринде жазуучунун нравалык, философиялык изденүүлөрү андан ары тереңдеп, чеберчилиги бийиктен бийикке көтөрүлгөн. Аларды айрыкча "Биринчи мугалим" повестинен ачык көрүүгө болот. Повесть өткөндөгү окуяларды сүрөттөсө да, азыркы мезгил менен үндөш көйгөйдү козгойт. Башкы каарман Дүйшөн өктөмдүгү, өз идеалы үчүн курман болууга кайылдыгы менен адабияттагы Левинсон, Павел, Корчагиндин образдарына барабар турат.

"Саманчынын жолу көркөм тасмасында Толгонайдын ролун аткарган актриса Бакен Кыдыкеева. Сценаристтер: Чыңгыз Айтматов, Борис Добродеев, Игорь Таланкин. Режиссёр: Геннадий Базаров. "Кыргызфильм" киностудиясы.

Анын "Саманчынын жолу" повести Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин тылдагы кыйын, күжүрмөн, баатырдык эмгегин даана сүрөттөйт. Чыгарманын баш каарманы Толгонайдын элеси аркылуу жазуучу согуштун оор сыноолорун майышпай көтөргөн карапайым кыргыз аялынын типтүү образын түзгөн. Бул трагедиялуу боектор менен жазылган зор оптимисттик күчкө ээ болгон Толгонайдын образына күчтүү драмалык чыйралыш, терең психологизм, эпикалык кеңири масштабдуулук мүнөздүү. Ал эми "Жаныбарым, Гүлсарым!" ("Прощай, Гульсары") повестинин жарык көрүшү көп улуттуу совет адабиятына зор идеялык-эстетикалык табылга катары кирип, кыргыз прозасы социалисттик реализм жолунда дагы алдыга илгерилегенин далилдеди. Чыгарманын сюжетин кураган окуялар кыргыз айылынын турмушу менен чектелсе да, анда жалпы совет коомуна орток маселелер көтөрүлгөн. Ак ниеттүүлүк менен кара санатайлыктын ортосундагы "түбөлүк" конфликт повестте жаңыча, партиялык принципте чечилген. Танабай менен Гүлсарынын образдары өтмө катары айкалышып, өзүнчө бир жалпыланган образды түзөт.

Айтматовдун "Ак кеме" аттуу повести жазуучунун чыгармачылыгында бөтөнчө мааниге ээ. Бул чыгармада адам тагдырынын не бир катаал жактарын изилдөөдөгү жазуучунун кыраакылыгы, интеллектуалдуулугу, ийкемдүүлүгү көрүндү. Повесттин гуманисттик пафосу баштан-аяк адамдын бийик сапаты жана нравалык тазалыгын даңазалайт. Повесттеги "балык" болуп сууга агып кеткен баланын образы, куулук-шумдугу жоктугу, ак пейилдүүлүгү менен айырмаланып, адамды ар кандай бузукулукка, арамдыкка, зомбулукка каршы активдүү күрөшүүгө чакырат. Повесттин мазмунунан, эгер адам ар кандай кара күчтөрдүн зомбулугуна туруштук бере албай, пассивдүү жолго түшсө, анда ал өзүнүн ыйык идеалына да кол көтөрүүгө чейин барат деген философиялык жана нравалык тыянак чыгат. "Ак кеме" — түзүлүшү татаал, кабат-кабат мазмундуу, көп проблемалуу чыгарма.

Чыңгыз Айтматов "Ак кеме" тасмасынын тартуу аянтында. 1975-жыл

Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесинен алып "Эрте жаздагы турналар" (1973) аттуу лиро-романтикалык стилдеги повестин жараткан. Жазуучу "Манас-Атанын ак кар, көк музу" аттуу автобиографиялык очеркинде повесттеги "Аксай десанттары": Анатай, Эркинбек, Эргеш, Кубаткул өзүнүн классташ курбулары экендигин баяндайт.

"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" (1977) повестинде алыскы Охотск деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушу сүрөттөлгөн. "Кылым карытар бир күн" (1980), "Кыямат" (1986), "Кассандра тамгасы" (1995) романдарында жазуучу учурдун актуалдуу проблемаларын: илим, техниканын, дүйнөлүк, эл аралык коммуникациялык байланыштын күчтүү басымы алдында адам өзүнүн жеке адамдык өзгөчөлүгүн, индивидуалдуулугун, адамгерчилик сапатын, өзүнө, келечекке болгон ишенимин сактап калуу аракеттерин Едигей, Бостон, Авдий, Филофей, Роберт Борк, Руна Лопатиналардын образдары аркылуу чагылдыруу менен адамзатты ыймандык тазалыкка чакырат.

Ошондой эле, публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң чебери. Жазуучунун ар кайсы жылдары жарык көргөн макалаларынын топтомдорунан түзүлгөн "Жер, суу менен авторлош" (орус тилинде), "Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жыңыртат" (кыргыз тилинде) жыйнактары тематикасынын кызыктуулугу, проблеманы терең ачып бере билүү чебердиги, көркөмдүгү менен анын көркөм жанрдагы чыгармаларынан кем эмес окурмандарды өзүнө тартып турат. Япон философу Д. Икэда менен "Духтун улуулугуна ода" (1993), казак акыны жана коомдук ишмер М. Шаханов менен "Жар боюнда боздоп калган аңчынын ыйы" (1996) аттуу диалогдору – да бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемалары, дегеле турмуштук ар кандай көрүнүштөр зор философиялык тереңдикте, турмуштук- фактылык ынанымдуулукта көркөм чагылдырылган баяндар.

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди.

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди. Анын чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга чейин жазылды, көркөм сүрөт искусствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театралдык спектаклдер, кино-фильмдер коюлду.

ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, бир нече ирет чоң тираж менен (1998-ж. жалпы саны 67,5 млн. экз.) кайталап басылган. "Айтматов таануу" деген илимий атайын дүйнөлүк адабий процессте кеңири колдонулууда. 1989-ж. Бишкекте эл аралык Айтматов клубу (негиздөөчүсү жана президенти окумуштуу А. Акматалиев) түзүлгөн. Анын кыргызстандык жана чет өлкөлүк мүчөлөрү белгилүү илимпоздор, журналисттер, адистер ж.б. Клубдун жобосу, секциялары, адабият, көркөм өнөр жана маданият жагындагы эл аралык сыйлыгы бар. 1992-ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу институту түзүлгөн. Ошондой эле, Бишкекте "Айтматов чыгармаларынын китепканасы", 1993-ж. Эл аралык коомдук айтматовдук Академия уюштурулуп, анын анык, ардактуу академиктери шайланган.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов жубайы Мария Акматова менен

Сыйлыктары. Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), "Ысыккөл форумунун" президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Эл баатыры (1997).

Ата-энеси. Атасы Төрөкул Айтматов жана апасы Нагима Айтматова Түштүктө жашап иштегендигине байланыштуу, Чыңгыз 1932-1934-жылдары Ош шаарындагы №1 балдар бакчасында тарбияланган. 1934-1935-жылы Фрунзеге ата-энеси которулуп келгенде дагы балдар бакчасына баруусун уланткан. Тагдырдын тамашасын караңыз, ошол бала бакчанын ордунда азыр Раззаков жана Киев көчөсүнүн кесилишинде Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулган. Төрөкул Айтматов айрым документтерде Торекул, Тюрякул деп жазылган. Бул инсандын туулган жери Россия империясынын Сырдарыя облусунун №5 аулу деп көрсөтүлөт. Кээ бир документтерде Олуя-Ата уезди, Күркүрөө болушу мүмкүн деп берилет. Азыркы аймактык бөлүштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылы. Туулган жылы – 1903-жыл, айы белгиленген эмес. Төрөкул Айтматов сол канаттын кытай уруусунун шекер уругунан. Атасы – Айтмат, Айтматтын атасы – Кимбилди, анын атасы – Кончужок. Айтмат менен зайыбы Айымкан беш балалуу болгон, алар: Айымкүл, Төрөкул, Карагыз, Гүлайым жана Рыскулбек. Ал эми Нагима апайдын атасы Хамза Хасанович Абдулвалиев (айрым документтерде Габдулвалиев) Утямыш-Гирей тукумунан, анын ата тегинде Россия канышасы Екатерина IIге товар ташыган атактуу көпөстөр өткөн. Алар азыркы РФтин Татарстан Республикасынын Кукмар районунун Мачкара кыштагынан. Хамза Абдулвалиев ошол айылда 1850-жылы туулган. Аялы — Газиза Абдулвалиева. Алар Мухамеджан, Сабиржан, Шариф, Абдула, Нагима, Гульша, Зейнаб, Асия аттуу балалуу болушат. Хамза Абдулвалиев 1887-жылы Ала-Тоо аймагына көчүп келет да, Караколду байырлап калат. Сибирь соода-өнөр жайынын 1913-жылдагы каттоосуна караганда ошол жылы Абдулвалиевге таандык Пржевальск шаарында галантереялык товарлар дүкөнү, булгаары заводу, боёк, лак жана олифтер фабрикасы, бир тууганы менен теңшерик ачкан мануфактуралык товарлар соода үйү болгон. 1905-жылы дүкөнү бар үй курат. 1909-жылы 3800 рублге эки кабаттуу жыгач үй сатып алат. Кыйла байып, II гильдиядагы көпөс даражасына ээ болот. Бүт байлыгын, анын ичинде 1925-жылы Базарный көчөсү №79/133 деген даректеги үйүн, 1928-жылы 23-июнда Октябрь, Крупская, Парк көчөсүндөгү үйлөрүн Кеңеш өкмөтү тартып алган. Өзү жана балдары туш келди, бири Маргалаңга, бири Ташкентке куугунтукталып, 1932-жылы жакырчылыкта көз жумган.

Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

0

Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.



Жарк этип, жарык чачты көктө жылдыз,

Кубанып сыймыктанды бүтүн кыргыз.

Дүйнөгө кыргыз деген ат таанытып,

Дүйнөнү дүңгүрөттү биздин Чыңгыз! (Элдос)

Ак карлуу тоонун үстүндө,

Жаркырайт асман жылдызы.

Дүйнөгө элин тааныткан,

Кыргыздын залкар Чыңгызы.(Назбийке)

Көгүлтүр көлдүн бетинде,

Жаркырайт асман жылдызы.

Дүйнөгө жерин даңктаган,

Кыргыздын улуу Чыңгызы (Арлен)

Чын айтамын балким жалган туюлар,

Чыңгыз десем ыр өзүнөн куюлар.

Окшоштурсам мен Чыңгызды тоолорго,

Оркойгон тоо улам көзгө урунаар. (Рамазан)

Чыңгыз атам дүңгүрөтүп ааламды,

Калем иши эң жогорку бааланды.

Ай-ааламга аты кетти даңктана,

Кыргыз жүрөт Чыңгызына мактана. (Бийкелди)

Делбирим”

Нечен-нечен чыгармалар жаратып,

Дүйнө элине белек кылып таратып.

Асел менен Илясты эскерем,

Долон деген белди ашып баратып. (Айжан)

Биринчи мугалим

Султанмурат сүйгөн кызы Мырзагүл,

Согуш апаат күндөрүндө иштеген.

Жаш болсо да ойлонгону орундуу,

Жашап кетти жакшынакай иш менен. (Умаралы)

Ак кеме

Тууган жер, туу көтөрүп дем берип,

Толкун ойноп, үйлөп улам жер көрүп.

Салкын жели, сылап саамай чачтарын,

Кетип барат Ак кемедей термелип. (Алинур)

Кызыл алма.

Күз мезгили кечээги,

Калың бактын этеги.

Кимге буйруйт дегенсийт,

Кызыл алма тээтиги. (Батма)

Ак кемени, Кыяматты” жаратып,

Кыргыз эмес, кыйла тилге таратып.

Жоргосунан жаңылдыбы Гүлсарат?

Даңкын салып, “Деңиз бойлой” баратып.(Албан)

Өтүп жатат сизди эскерүү күнүбүз,

Чексиз эле өзүңүзгө сүйүүбүз.

Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып,

Аттиң арман, жетпейт сизге үнүбүз. (Зуура)

Ушул жылы 97 жашка толмоксуз,

Жакындардын сый төрүндө болмоксуз.

Аткарам деп көздөп койгон иштерди,

Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз. (Данилбек)

Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз,

Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз.

Окуганда сиз жараткан китепти,

Жүрөк эргип, жазылчу эле жарпыбыз. (Мадина)

Туу чокуну багындырып алдыңыз,

Кыргыз Туусун желбиретип салдыңыз.

Кыргыз үчүн абийир, атак жаратып,

Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз! (Акбата)

Өтүп жатат сизди эскерүү күнүбүз,

Чексиз эле өзүңүзгө сүйүүбүз.

Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып,

Аттиң арман, жетпейт сизге үнүбүз. (Бекхан)

Айтматов Чыңгыз жаркыраган

Ак таңыбыз дечү элек

Айтылып бүтпөс дүйнөдө

Дастаныбыз дечү элек (Айтмырза)

Алаамда сиздей аз эле

Тааныбай калса кээ бир эл

Кыргызсың дебей кыргызды

Чыңгыздын эли дечү эле. (Эмир)

Күмүштөн күүлөндүрүп тойго чапкан

Кастарлап көкүлүнө тумар таккан

Топ жарган тобурчактын кашкасындай

Чыныгы талант чыкты кыргыздардан

Ал деген Айтматов аты Чыңгыз

Атына сыймыктанат жалпы кыргыз! (Зейнеп)

Жакын болду асмандагы жылдыздар,

Жаша, гүлдө түбөлүккө кыргыздар

Элибизден чыга берсин көбөйүп

Жаңы талант, дагы далай Чыңгыздар! (Эмир)

Ак жамгыр көздөн төккөндөй

Ак бороон жулуп кеткендей,

Ала-Тоонун башынан

Ак мөңгү ээрип түшкөндөй,

Атасы кетти улуттун

Айласыз гана дүйнө көмгөндөй,

Эзилет кыргыз кайгыдан

Эр Манас эки өлгөндөй, (Илима)

Эне бөрү, - улуйт издеп өзүңдү

Эне бугу, - күтөт улуу тоолордо

Токсон жети жашка чыкмак дешет шолоктоп,

Чыңгызымдын көзү тирүү болгондо. (Бегимай)

Жер энеге таарынгандай түр берип

Толгонай да батат түркүн ойлорго

Токсон жети жашка чыкмак эле деп кейийт

Чыңгызымды албай эле койгондо. (Анара)

Сайрайт бир куш: Чыңгыз! Чыңгыз! Чыңгыз! – деп

Кең дархандуу талаасында казактын

Найман эне – бактысыздык чырмаган

Күйүп жанат калаасында азаптын. (Амина)

Нургазысын кыса кармап Момун чал

Жалдырашат бир жан таппай колдоорго

Токсон жети жашка чыкмак дешет үшкүрүп

Чыңгызымдын көзү тирүү болгондо. (Нурхан)

Дегендерге кошулбасмын эч качан,

Кайдан алдың улуу Чыңгыз өлдү деп!

Чыңгыз дагы өлмөк беле, жарыктык,

Окурманы жашап жатса, сан миңдеп. (Аруузат)



Чыгыштын соолбас булагы,

Чындыктын өчпөс чырагы.

Чыгарма сунган дүйнөгө,

Чыңгыз го кыргыз туягы (Нурмира)

Көзү тирүү! Көзү тирүү! Чыңгыздын,

Айтканыма кимдер гана көнгөн жок.

Чыңгыз көзү жашайт кыргыз көзүндө,

Токсон жети жылдык мааракесин куттуктап,

Тосор жактан төрт сап четте калбады.(Арсен)

Айтматовдун ааламында жашаган,

Ар бир кыргыз бактылуу деп айта алам.

Мурас кылды жазып тоодой эмгегин,

Маңкурт болбо! – дейт тигинде Жоламан.

Көрүнүш.Окуучулар Ак кеме повестинен үзүндү аткарышат.

Ошентип, Чыңгыз Айтматовго арналган эскерүү концертибиз аяктады көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ырахмат.