Чыёгыз Айтматов-менин сүйүктүү жазуучум
Кылымдан бери кыргыздын асманынан эки кут түшкөн дешет: бири - улуу «Манас» болсо, дагы бирөөсү - залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов.
Мен бул дилбаянымды, өздүк чыгармамды, «Азыркынын манасчысы - Чыңгыз Айтматов» жөнүндө жазгым келет.
Адабият айдыңында аты ааламга таанымал болгон Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, ой чабыты, руханий дүйнөсү өзгөчө. Мына ушул инсан 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында төрөлгөн. Жазуучу жаштайынан зирек болгон. Анын балалыгы согуш жылдарына туш келгендиктен, башына кыйынчылык эрте түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алган.
Ал чыгармачылыкка студент кезинен аралаша баштайт. Орус, кыргыз тилдеринде жаза баштайт. Анын биринчи аңгемеси «Газетчи Дзюйо» деген ат менен 1952-жылы «Киргизстан» альманахында орус тилинде жарыяланган.
1956-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Анын жазгандары кыргыз адабиятын эл аралык деёгээлге көтөрүп, дүйнөлүк даражага көтөрүлгөн.
Айтматов бүтүндөй ааламга «кыргыз» деген имаратты куруп кетти. Мен Айтматовдун улуулугун мына ушундан баалайт элем. Ала-Тоо боорундагы кичинекей, ак калпак кыргыз элин бүт жер-жүзүнө даңазалап, касиеттүү эл бул - кыргыз улуту деп таанытты.
Ал кантип таанытты?
Ал өзүнүн суктанаарлык таланты, мыкты чыгармалары аркылуу танытты. Себеби ал - бүтүн адамзаттын жазуучусу!
Орус жазуучусу Николай Тихонов айткандай: «Өзүнүн чыгармалары менен Чыңгыз Айтматов кубанууга, кайгырууга жана тамшанууга мажбурлады». Мына бул цитатада канчалаган маани жатат.
Анын романдарын, повесттерин, аңгемелерин окуганда, башкача бир дүнүйөгө жол аласың, жаңы бир жашоого кадам таштайсың, өзүнүн-өзү ойлор пайда болуп, келечекке болгон көз-карашың өзгөрүлүп, туура максат коюуну үйрөнөсүң жана чыгармадагы терс ролду аткарган каармандардын сапаттарын көрүп, алардай болбоого, жаман кылык-жоруктарды жоготууга умтуласың, ал эми оң сапаттагы каармандарды идеал тутуп, ошолордой болууга ниеттесиң, кыскасы, чыгармаларын окуган окурмандар жүз пайызга өзгөрүп чыга келет. Өзгорүү эле эмес, таң калуу, суктануу да пайда болот.
Мисал келтирсек: өтө бир чоң маселе көтөргөн Чыңгыз агайыбыздын романдарынын бири - «Кылым карытар бир күн». Романда козголгон курч окуяларды окуп отуруп, ушунчалык таң каласың. Жазуучу эмне космоско учуп көрдү беле, ал эмне маңкурт болуп көрдү беле дейсиң. Анан чыгармадагы Эдигей менен Казангаптын рухий дүйнөсүнүн ары күчтүү, ары таза экендигине, адал эмгектери менен күн көрүшөөрүнө, адилеттикти туу тутуп, ал үчүн күрөшкөндүктөрүнө суктануу пайда болот. Маңкуртту окуп отуруп, бир чети кайгырсак, бир чети ачууланып, бир чети жийиркенип, ызааланабыз.
Ал эми Айтматовдун өзгөчөлүгү окурмандарын чыгармасында баш оту менен киришке байлап коет. Дагы бир өзгөчөлүгү көрөгөчтүгүндө, өзү жашаган доордон ондогон жылдар алдыга озуп чыккандыгында.
Анын чеберчилиги адамзаттын аң-сезимин дагы да өнүктүрүп, жогорку деңгээлге жетүүсүнө түрткү берген жана адамдын өздүк өнүгүүсүно таасир тийгизген чыгармаларды жаратуусунда.
Чыңгыз - менин сүйүктүү жазуучум. Ал - менин идеал туткан адамым. Мен аны сүйүүдөн, ага суктануудан, ошондой болууга умтулуудан токтоно албайм.
Анын “Саманчынын жолу” повестинде Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин тылдагы кыйын, күжүрмөн, баатырдык эмгектери сүрөттөлөт. Чыгарманын баш каарманы Толгонай аркылуу жазуучу согуштун оор сыноолорун майышпай көтөргөн карапайым кыргыз аялынын образын түзгон.
Ошондой эле, “Ак кеме” повести жазуучунун чыгармачылыгында бөтөнчө бир мааниге ээ. Бул чыгармасында адам тагдырынын не бир катаал жактарын көрсөтүп турат. Бул чыгармадан Айтматовдун кыраакылыгын, интеллектуалдуулугун, чыгарма жазуудагы ийкемдүүлүгүн байкайбыз. Повесть адамдын бийик сапатын, тазалыгын даңазалап, адамды ар кандай терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө чакырат. Демек, “Ак кеме”- татаал мазмундуу, өтө мыкты повесть.
Дагы бир романы бар. Аны окуп отуруп, Айтматовдун өнөрүнө таң калбоого мүмкүн эмес. Мен “Кыяматты” назарда тутуп жатам.
Чыгармада адам дүйнөсү коркунучталыгын жана муну биз адамдар өзүбүз кылып жаткандыгыбызды баяндайт. Ошондой эле табият менен тыгыз байланыштырып, карышкырдын ролун, алар менен баарлашып, жашап көргөн сыяктуу жазат. Мына сага, анын таланты, анын күч-кудурети! Роман бир нече бөлүктөрдөн турат. Окуялар бардыгы бир бүтүмгө келип, акыры кыяматка такалат.
“...эч ким алдын ала тагдырын тааный албайт. Кимдин бешенесине эмне жазылганын жашоо агымы көрсөтөт, антпесе тагдыр болмок эмес...” - деген таасирд\\ създър менен башталган “Тоолор кулаганда” романы жазуучунун соёку чыгармасы, соёку белеги. Чыгарма - азыркы турмуш, ааламдашуу заманынын экологиялык къйгъйлър\ жън\ндъ. Бул жолу да с\й\кт\\ жазуучум “адам тагдыры” темасына басым жасады. Адамдын жашоодогу орду, ыйманы, сезими, жоруктары тууралуу баяндады. Мына ошон \ч\н Чыёгыз Айтматов - кылымдын, доордун, мезгилдин, учурдун мыкты с\ръткери!
Жазуучунун чыгармалары анын жашоосу менен тамырлаш. Анын чыгармалары-элибизге казына, байлык, мурас. Биз, жаштар, билимд\\ болобуз десек да, кыргыз болобуз десек да, келечекке к\ръшъб\з десек да, адам болобуз десек да ушул Чыёгыз агайыбыздын чыгармаларын окушубуз керек.
Ооба, Айтматов-менин идеалым, устазым, с\й\кт\\ жазуучум!
Кыргызстаным менин
Сыймыгымсыё сен менин Кыргызстан,
Тоолорундай бийик сенин даражаё.
Аздектеймин, алпештеген апамдай,
Ал анткени мен кызымын кыргыздын
Балапаны алпкаракуш, б\рк\тт\н,
Ак калпактай тазасенин ж\ръг\ё.
Ак мъёг\л\\, бийик-бийик тоолордой,
Дили таза Кыргызстан мекеним!
К\н желеси ар бир баскан изинде,
Эр жигитиё ъз мекендин чегинде.
Ата-Журтум, менин ыйык мекеним.
Желбиретип, бийик кътър желегиё.
Кыргыз тилим!
Тилиё баркта, дили таза болосун,
Тилё менен ар кай жерде болосуё.
Адаштырба таттуу тилиё, бал тилиё.
Эё бир кыйын, сен сыйлаган,
Сен с\йлъгън кыргыз тилиё!
Кыргызмын мен, с\йлъгън\м ъз тилим,
Барктуу, таттуу, адилетт\\ ъз тилим.
Кадырлаймын жаёылбастан, тайбастан,
Ал анткени касиетт\\ кыргыз тилим!
Автору: Кыясова Назгүл