Сабактын темасы: Чыныгы намыс жана кур намыс. Сабактын максаты:
Окуучулар чыныгы намыс менен кур намыстын айырмачылыгы жонундо тушунук алышат.
Ар намыс, адамгерчилик, акылдуулук жонундо ой жугуртууго туртку алышат.
Намыской болууга, патриоттулукка, эр журоктуулукко багыт алышат.
Сабактын жабдылышы: суроттор.
Сабактын журушу:
Уюштуруу.
Окуучуларды жоктоо. Класстын тазалыгына конул болуу. Сабактын максатын тушундуруу.
Киришуу учун суроолор:
Адамда кандай жакшы сапаттар болот? Ошол сапаттар силерде барбы?
Ар намыс дегенди кандай тушуносунор?
Мугалимдин созу:
Ата-баба салтында, ар бир элдин адебинде, урук, урууларда «кепке кемтик, сөзгө сөлтүк» болбошу үчүн этиет жүрүү, туура жолду багыттоо, ар намыстуулук, нукура
таалим-тарбия көрүү сыяктуу сапаттарды аркалашкан. Бироолор бир күнөө кетирсе, ал айыл ичинде белгилүү. Ууру кылса, ушак суйлесе, эр олтурсе, эриш бузса, кийинки муундары үчүн да бетке чиркоо болуп, намыска жыгылышкан. «Алардын тукуму ушундай, ата-бабаларынан бери айтылып келе жаткан соз» -делет. Кеп-соз кыябы келе калганда башкача турде дал ошол айыптарын, таалуу жерин толгоп, айтууга
кыргыздар чебер да, чечен да, жүйөөлүү да болушат. Мында, «Силер эмнеңерге
мактанасыңар, бизди билбейт дейсиңерби?» – деп, соз баштаганда кепке шылкыят.
«Уят олумдон да катуу» – дегендей мындай жагдайларына алар сына түшөт. Ошон үчүн ар бир журтчулук аяр жүрүшкөн. Эгерде уруусунан кимдир бироону кордогон болсо, ошол уруунун ар бир жигити намыстанган. Ар намысты коргоо алар учун
баарынан ыйык болгон.
Талкуулоо:
Эми балдар, чыныгы намыс жана кур намыс деген эмне экендигин чечмелеп тушунолу.
Журокко сакта акыл создун тамчысын, Ала жатпа жамандыктын камчысын.
Адам деген атын жашайт кылымга, Коргоп жаша адам деген намысын.
Ар намысы бар адам, эч качан адамдык сапаттарын жоготпойт. Озун жана
жакындарын жаман созго калтырбайт. Ар намысын сактоону ыйык корот. Намыской адам ошондой эле озунун жакындарынын да уятка калуусун каалабайт. Ушак айтуу, уурулук кылуу, адепсиздик кылуу алар учун жат корунуш.
- Ал эми кур намыс деген эмне? (окуучулардын ойлорун угуу керек).
Туура айтасынар балдар, ушак угуп алып «мени мындай дептир» деп, кокурогун уруп жулкунуп калышат. Же болбосо, жарышып, ойноп утулуп калса аябай жаман иш кылгандай , жерге кире уялып, же туталанып калышат. Азыркы учурда акчасы аз, кийими жупуну болгону учун да намыстанып, уялып калышат. Бул учурларда кур намыска алдырбай «мен эч кандай уят иш кылган жокмунго?!» деген ой жугуртуулор болушу керек.
Жыйынтыктоо:
Чыныгы ар намыстуу адамдар бугунку кундо да бар, ошондой эле кыргыз элибиздин тарыхында коп болгон. Алардын ар намыстуулугу эл ичинде адеп-ахлакты сактаса, эл четинде жоодон коргогон.
Алты сан аман турганда, Ыйык кыргыз жеримди, Душмандын буту баскыча, Асыл кыргыз элимди,
Тебелетип бөтөнгө,
Кор кылып карап жаткыча, Туулбай туна чөгөйүн, Тирүү жүрбөй өлөйүн, Аткарбасам антымды, Төшү түктүү жер урсун!
Көкө Теңир өзү урсун!!!
Манас атанын ушул улуу идеясы менен мекенибиздин уул-кыздары Барсбектен тартып Курманжан даткага чейин, Исках Раззаковдон тартып, Чолпонбай Түлөбердиевге
чейин аба менен дем алгандай дем алып, элинин ар намысы учун оз жанын аябай, тарыхта жашап, күрөшүп келишкен.
Уйго тапшырма:
«Чыныгы намыс жана