Просмотр содержимого документа
«15-февраль Афгандар күнү»
Афгандар күнү.
Акбар: Четке туруп үйрөнөбуз жол сырын,
Эрдигибиз жашагандай көп кылым,
Түбөлүккө түнөк тапкан жүрөктөн.
Жоо сүрдөткөн кулунубуз кыргыздын.
Айжаркын: 15-февраль Ооган аскерлери үчүн өзгөчө күн. Бул күнү Ооганстандан Советтик аскерлер чыгарылган. Жүздөгөн тагдырларды талкалаган, миңдеген жаш жигиттерибиздин өмүрүн алып кеткен ал согушту дале эске алып келебиз.
Биздин бүгункү каармандарыбыз дал ошол ооган согушунун ардагерлери болмокчу.
“Ооматы келди айтылар,
Ооганды көргөн баатырлар”
Акбар: Кыргызстандын жоготуулары 1979-1989-жылкы Афган согушуна кыргызстандан 7 миңден ашык кыргыз аскерлери мобилизацияланып алардын 252 адамы каза тапкан жана 1500 гө жакын кыргыз аскерлери жаракат алышкан, 600гө жакын жоокер майып болуп мекенге кайткан.
Айжаркын: Эстегиле эгер эстей алсаңар,
Биз өлгөнбүз Кандагарда,Кабулда
Чакырык кат үйүбүзгө барганда,
Сезген ата, сезген эне ыйлаган.
Акбар: Ушуну менен Афган согушунда курман болгон аталарыбызды, агаларыбызды эскерип, бир мүнөттүк эскерүүгө кол сунабыз.
Айжаркын: Эмнегедир канаттуудай талпынам, көнүл толкуп ойго батып турамын. Жүрөгүмдү жарып чыккан бул ырды гүлдесте деп аталарга сунамын.
“Эстелик” хор.
Акбар: 10-классты бүткөнүмдү деле чакыруу келди, дароо эле жолго чыккамбыз. Ташкентте бир күн күтүп, адан ары поезд менен Ашхабадка бардык, ал жакта бизди алты ай даярдап Кундузга алып барышты.Биз жашбыз согушка алып барбаса керек деп ойлоп жатканбыз Кундузга жетээри менен жерге түшүп катарга тизилип жатсак ок атышуу башталды. Мына ошол ааламат согушка катышкан жоокерлерибиздин жүрөгүндө кара так калтырып, ал эми окко учуп мезгилсиз оо дүйнөгө сапар тарткан эр азаматтарыбыздын энелеринин жүрөгүндө айыккыс дарт.
Азыркы кезекте көркөм окуу.
Айжаркын: Жеңишчил эр жүрөк аталардын эрдиги эч убакта эстен кетпейт.
Бий “Катюша”
Акбар: Азыркы кезекте “суроолор рубрикасы”.
Айжаркын: Ал эми азыркы кезекте “сценка”.
Акбар: “Тынчтык керек” хор.
Айжаркын аяктады.