Утренник 4-а класс
Утренниктин темасы: Атанын сөзү- акылдын көзү.
Утренниктин максаты: 23- февраль- Мекенди коргоочулардын күнүнүн келип чыгышы боюнча тушундуруу,Аталарыбызды,мекенибизди даңктаган ырлардан айттыруу, майрамдык белек даярдап, каалоо тилектерди туура так айтууга үйрөнүшөт.
Утренниктин жүрүшү:
Саламдашуу.
Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжелер,аталар,окуучулар,бүгүнкү салтанаттын катышуучулары.
23-февраль -Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 4-а класстын күчү менен даярдалган “Атанын сөзү-акылдын көзү”аттуу утреникке көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Жоломанова Альбина: Эгер силер, 23-февраль военный жаатындагылардын майрамы деп ойлосоңор чоң жаңылышасыңар.23-февраль- бул Ата-мекенди коргоо күнү!Ар бир кыргыз эр азаматы мейли ал офицерби,программистпи,фермерби,илимпозбу – ал коргоочу! 23- февраль-бул Ата- Мекенди коргоо, өз үйүн коргоо! 23-февраль- чыныгы эр азаматтын күнү!
Амангелдиева Асема: 23-февраль күнү-Ата Мекенди коргоочулардын күнүн белгилеп келебиз.1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңил алган.ошол мезгилден тарта 23-февраль-“Кызыл Армиянын туулган күнү”деп аталып калган.Ал эми 1922-жылы бул дата расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган.Кийин СССР маалында 23-февраль-Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп жыл сайын белгилене баштаган.Советтер Союзу тарагандан кийин атуулдарын Мекенди сүйүүсүн арттыруу жана патриоттук сезимди чыңдоо ,жаш өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында:Кыргызстанда бул дата 2003-жылдан тартып расмий жалпы элдик майрам катары киргизилген.
Аталар жөнүндө ырлар.
Мурзабеков Даниэл: Коргоп мекен- энесин,
Канга боеп денесин
Ата журтум унутпайт,
Окко учкандар элесин.
Акжолбекова Арууке: Эстеп үйдө балдарын,
Эңсеп үйдө алганын.
Төргө өткөрбөй душманды,
Төкпөдүңбү кандарын.
Муканбетов Даниэл: Ойлоп-ойлоп күлгөнүн,
Ойноп эркин жүргөнүн
Канчасын кийди аталар,
Кан жыттанган күрмөнүн.
Аталарга арналган слайд көрсөтүлөт.
Жеке номер: Дастан,Нуртеңир, Даниэл,Кутман
“Атага кат”
Мекенге арналган ырлар.
Токтожумаева Асема: Сан жыргал берекеге чексиз батып,
Саяңда мен жүрөмүн эркин басып.
Карыганда эркеледим жаш баладай,
Комуз чертип, ыр ырдап,көңүл ачып.
Жаштардай кайгы сезбей ойноп күлүп,
Жылдыздай жайнайм таттуу өмүр сүрүп.
Өмүрүм кыйылганча алтын Мекен,
Өзүңдү кадырлаймын артык сүйүп.
Ата журттун жамалы.
Көк теңирдин көркүн бузба сур булут,
Көчүп конуп,көчүң коштоп удургуп.Жаркыратып мөмөлөрүн бакыттын,
Дайым таза,ачык турсун Ата журт.
Кабак бүркөп Көк кудайы пир болуп,
Ыйлап турсаң бир басаңдап,бир толуп,
Калабы деп корком Ата журтумдун
Каш кирпиги, этек жеңи кир болуп.
Кызыктуу оюн: Кыскача разминка А рам-зам.зам
Жеке номер: “Менин атам” Альбина,Азема,Асема.
Аталарга каалоо тилектери жазылган открыткаларын тапшырышат.
Макал- лакаптар:
Уултай : Эр жигит эл четинде,жоо бетинде.
Чыңгыз: Баатырды намыс өлтүрөт,коенду камыш өлтүрөт.
Гүлжан: Баатыр элден чыгат,байлык жерден чыгат.
Элмырза: Мекенден айрылганча,жаныңдан айрыл.
Азема: Туулган жердин топурагы алтын.
Байэл: Коркок миң өлөт,артында тарпы калат.
Баатыр бир өлөт, артында даңкы калат.
Дастан: Элиңди чындап сүйө бил,
Эл үчүн оттой күйө бил.
Ата Журт уулу дегенди,
Акылга дайым түйө бил.
Хор: “ Чек арачынын ыры”
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.