СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

5-6-класстар үчүн даярдалган математикалык тапшырмалар

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«5-6-класстар үчүн даярдалган математикалык тапшырмалар»

5 -6 КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ТАПШЫРМАЛАР

  1. Сүрөттөн көрүп тургандай, олимпиаданын эмблемасы түшүрүлгөн. Бир дагы сан эки жолу турбагыдай кылып, ошол эле учурда ар бир тегеректе суммасы 11 болгудай кылып 1ден 9га чейин коюп чыгышыӊар керек. Эгер ушундай кыла алсаӊар, анда кайсы сан суроо белгиси менен турушу керек? 

  2. Теӊдемени аткаргыла: 2x + 245 + 576 + 424 + 755 = 1243 + 1542 + 757 + 458 + 15 + x.

Эӊ эле жөнкөй аткаруунун ыкмасын көрсөтүп бергиле.

  1. Илгери-илгери үч торопой, үч ага-ини жашаган экен: Ниф-Ниф, Наф-Наф, Нуф-Нуф. Yчөө үй курат: самандан, жыгачтан жана кыштан. Yчөө теӊ үйлөрүнүн алдына гүлдөрдү отургузушат: роза, ромашка жана жоогазын. Белгилүү болгондой, Ниф-Ниф самандан жасалган үйдө жашабайт, ал эми Наф-Наф – жыгачтан эмес үйдө жашабайт; самандан жасалган үйдүн жанында роза өспөйт, ал эми кимдики жыгачтан болсо анын үйүнүн маӊдайында ромашка өсөт. Наф-Нафтын жоогазынга аллергиясы бар, ошондуктан ал аларды өстүрбөйт. Кимиси кайсы үйдө жашап, кандай гүл өстүрө тургандыгын билгиле.



  1. Азыр атам ошол кездеги апама караганда эки эсе чоӊ, ошол кезде атам азыркы апамдын курагында болчу. Азыр алардын экөөнүн жашын кошкондо 77 болсо, учурда апам менен атам канча жашта?



  1. Yйдө 25 кабат бар, бирок лифт иштебей калып: эми ал 1 мүнөттүн ичинде же 14-кабатка көтөрүлөт же 11-кабатка түшөт (мисалы, 10-кабаттан 24-кабатка көтөрүлө алат). Адам 1 мүнөттүн ичинде 1-кабатка түшөт. Алтынчы кабаттан биринчиге жөө түшкөн тезби же лифтеби?



  1. Эгер бөлмөгө апа кире турган болсо, анда бөлмөдө болгондордун суммардык курагы 4 эсе жогорулайт, ал эми эгер анын ордуна ата кире турган болсо, – суммардык курак 5 эсеге жогорулайт. Эгер бөлмөгө апа менен ата кире турган болсо суммардык курак канчага өсөт?



  1. Простоквашинодон Печкиного лыжа менен Шарик жана Матроскин чыккан. Шарик Печкиного 30 мүнөттө жетип, кайра артка чегингенден кийин 5 мүнөттөн кийин Матроскинге жолуккан. Простоквашиного багыт алган Шарик Матроскин менен бир эле убакта (албетте кайрылып) Печкиного келиши үчүн кайсы убакта жол тартышы керек?



  1. 3х4 тик бурчтукту эки бирдей бөлүккө бөлгүлө. Көбүрөөк ыкманы тапкыла. 1х1 төрт бурчтуктун тарабы боюнча кесүүгө болот, ал эми эгер ар бир ыкмада фигуралар ар бир ыкмада ар кандай болуп кала турган болсо, ыкмалар ар кандай болуп эсептелет.



  1. 5х5 төрт бурчтукта ар бир боелгон торчодо 3 боелбогон торчо коӊшу болгудай 8 торчону боеп чыгууга болобу? Эгер торчолордо жалпы тарап болсо, торчолор коӊшу деп эсептелет.



  1. Федор ага ата-энесине конокко жөнөп калды, анан ал Матроскин мышыктан 4 л простоквашино сүтүн сурайт. Ал эми Матроскинде болгону 2 бош бидон бар: үч литрлик жана беш литрлик. Жана сүт толтура 8 литрлик чака. Матроскин болгон идиштердин жардамы менен кантип 4 литр сүттү куюп алат?







1