Просмотр содержимого документа
«840- жылы УЛУУ КЫРГЫЗ КАГАНДЫГЫН КИМ ТҮЗГӨН»
840-жылы Улуу кыргыз кагандыгын курган каган ким?
Кыргыз тарыхында бул кишиге тең келе турган мамлекеттик ишмер аз болсо керек, анткени бул киши 20 жылга созулган согуштан кийин Амур дарыясынан азыркы Теңир-Тоого, Түндүк Муз океанынан Тибетке чейин созулган, В. Бартольддун сөзү менен айтканда "Улуу кыргыз кагандыгын" курган инсан.
Адискөй тарыхчы болбосом да, бул кишинин ким экендигин өзүм изилдеген Энесай жазма эстеликтери аркылуу тапканга аракет кылып жүрдүм. Себеби мындай улуу инсандын урматына жазма эстелик туругузулбай калышы мүмкүн эмес эле! Анткени 840-жылдагы согушка катышкан баатырларга арналган жазма эстеликтер бар. Мисалы, Уйбат VI (Е 98) жазма эстелигиндеги “(күч) Уйгур кан илин алдукда азыглыг тоңуз тег Тириг Бег эсизим ((Күчтүү) Уйгур кандын жерин басып алганда азуулуу доңуз сыяктуу согушкан Тириг Бек эсил кайраным) (E 98, 3)” сүйлөмүндө жазма эстеликтин ээси уйгур мамлекети каратылган согушка катышканы жазылып калган.
Кыргыз кагандыгынан калган 186 жазма эстеликке көз жүгүртө турган болсок, жазма эстеликтин ээси тышкы душмандарды талкалап, мамлекет курганы айтылган бир гана жазма эстелик бар. Ал - Күмүл Өге аттуу адамга арналган Көжелииг-Хову (Е 45) жазма эстелиги!!! Менимче 840-жылдагы Улуу кыргыз кагандыгын курган киши - так ушул Күмүл Өге. Анткени ал:
1. “Тайпин Хуанюй Цзи ” жана “Син Тан шу” деген кытай булактарында кыргыз этнониминин бир эквиваленти деп эскерилген күмүл деген ат менен да белгилүү болгон кыргыздардын башчысы, өгеси деген мааниге келген Күмүл Өге эр атын алган. Демек ал кыргыздардын башчысы, өкүмдары.
2. Кыргыздар күмүл деген ат менен 820-860-жылдары белгилүү болушкан. Анын үстүнө археологдордун изилдөөлөрү боюнча Күмүл Өгенин жазма эстелиги IX кылымдын ортосуна, т.а. 850-жылдарга таандык болуп чыккан. Демек Күмүл Өге ушул жылдары жашап, өкүмдарлык кылган.
3. Күмүл Өге жазма эстелигинде “Кырк йыл эл тут(т)ум, бодун башладым, таш йагыг йагыладым, элледим (Кырк жыл мамлекетти башкардым, элди бийледим, тышкы жоолорду чаптым, мамлекет курдум)” деп, кайсы бир душмандарын талкалап, мамлекет курганын, бул мамлекетти узак убакыт башкарганын жазат. Ал эми ал жашап, өкүмдарлык кылган 820-860-жылдарда кыргыздар уйгурларды талкалап, Улуу кыргыз кагандыгын курушкан. Демек Күмүл Өге Уйгур кагандыгын кулатып, Улуу кыргыз кагандыгын курган тарыхый инсан деп айта алабыз.
4. Кытайча тарыхый булактарда Улуу кыргыз кагандыгын курган каган Ажо деген титул менен эскерилген. Н.П. Супруненко, С. Е. Яхонтов, Р. Алимов, В.В. Тишин сыяктуу окумуштуулардын изилдөөлөрүндө ажо сөзү байыркы кыргызча ынал титулун чагылдырары такталган. Ал эми Күмүл Өге бул атты алганга чейин Чубуч Ынал деген ат менен жүргөн.
5. Күмүл Өге душмандарын (Уйгур кагандыгы) жеңип, кыргыз мамлекетин (Улуу кыргыз кагандыгы) курганын айткандан кийин “Аз күмүлүг үкүш болты ((Саны) аз күмүлдөр (кыргыздар) көп болду (көбөйдү, жашосу жакшырды))” деп, саны аз кыргыздардын саны көбөйгөнүн белгилеген. Күмүл Өгенин эскерткичиндеги элдин, кыргыздардын санынын көбөйүшү тарыхый чындыкка туура келет. Анткени 840-жылы Улуу кыргыз кагандыгы курулгандан кийин мамлекеттин курамына Евразиядагы көптөгөн элдер жана уруулар кирип, мамлекеттин калкынын, кыргыздардын саны өскөн.
6. Күмүл Өге өзүнүн аркасында саны аз кыргыздардын көбөйгөнүн айткандан кийин “Йабызыг, күмүлүмин бедүк кылтым (Жаман абалдагыны, күмүлдөрүмдү (кыргыздарымды) бийик кылдым (абалын жакшырттым))” деп, ал тышкы жоолорду чаап, мамлекет куруп, ага чейин жаман абалда жүргөн кыргыздарды бийик кылганын, абалын жакшыртканын жазып калтырган. Бул жагдай, биздин оюбузча, тарыхый фактыларга дал келип, эч күмөнсүз, 840-жылга чейинки кыргыздардын начар жагдайын, Уйгур кагандыгынын кол алдындагы букаралык абалын; 840-жылдагы Улуу кыргыз кагандыгынын түптөлүшү менен кыргыздардын бийиктешин, Борбордук Азияга ээ болуп, абалынын жакшырышын чагылдырып турат.
Кыргыз кагандыгынан калган жазма эстеликтердеги маалыматтардын негизинде, башка тарыхый булактарга таянып жүргүзгөн изилдөөбүздүн кыскача жыйынтыгы ушундай. Бул тууралуу кеңири маалыматты жакында чыга турган "КҮМҮЛ ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ ЖАНА УЛУУ КЫРГЫЗ КАГАНДЫГЫН КУРГАН КҮМҮЛ ӨГЕ" аттуу эмгегибизден окуй аласыздар.