Ачык сабак.
ТЕМА : Байыркы адамдар.
Аткарган : Гүлбайра Дувлатова
Сабактын темасы : Байыркы адамдар.
Сабактын максаты : Окуучулар байыркы адамдардын жашоосу боюнча маалымат алышат,сөз байлыгы өсөт. тарыхый кругозору кеңеет ,Ата - Мекенди сүйүүгө , коргоого, эли - жерин кийинки муундарга өткөзуп берүуго ,патриот болууга тарбияланышат.
Сабактын тиби: Аралаш сабак.
Сабактын жабдылышы: ТСО ну пайдалануу, саясий карта,сүрөтттор, слайд,
Сабактын жүрүшү : Уюштуруу
Тапшырманы суроо
Жаны тема.
Адамзат цивилизацисынын башаты.
Байыркы адамдардын жашаган жерлери жана келбети. Байыркы адамдар жашоого ыңгайлуу аймактарды мекендеген. Алар Чыгыш Африкада,о,э, Европада Тундүк Африкада Крымда, Кытайда ,збекстанда,Жакныкы жана Ыраакы Чыгышта жашаган. Бул аймактан археологдор мындан 2,5 -2.6 млн жыл мурда адам баласы айбандар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыккан.Алардын баш сөөгүнүн түзүлүшү азыркы адамдардын баш сөөгүнө окшош болгон.Эки буттап басып,чымыр денелүу , чекеси жалпак, кабагы салынкы,көрүнгон.Мурундары барбагай,астынкы ээги узун, жаагы чон,көзү бүтүк,өңү серт,моюну жоон болгон,Сырткы келбети маймыл кебетеленип турган. Үзүл – кесил үн чыгарып, бири-бири менен жансашуу аркылуу ойлорун түшүндүрүшкон. Алар жырткыч жаныбарлардан коргонуу үчүн топ-топ (20-40 тай адам) болуп күн кечиришкен. Бул адам үйүру деп а
талган.
Байыркы адамдардын негизги кесиптери. Алар кичинесинен чоңуна чейин эртеден кечке жыйноочулук менен кесиптенишкен. Алар жегенге жарактуу жапайы өскөн жер-жемиштердин жана өсүмдүктөрдүн тамырларын жыйнашкан. Байыркы адамдар жамаатташып жашашып, анчылыкка чогуу чыгышкан. Алар тобу менен антилопаларга, жапайы букаларга, жапайы жылкыларга, кээде пилге,камандарга , аюу, жолборсторго,бийик тоолуу жерлерде жапайы эчки-текелерге,аң уулашып этти чийки жешкен.Алар жапайы айбандарды көргөндө кулак тундура кыйкырып,союл менен айбат кылып, таш баранга алышкан. Кээде жапайы айбандарды үркүтүп, жараг такап же атайын казылган орго түшүрүшкөн.Ошентип байыркы адамдардынтт кесиби жыйноочулук жана аңчылык болгон.Тропикалык зоналарда адам тургундарынан жүздөгон,миндеген жаныбарлардын сөөктөрүнүн катмарлары табылган.Алгачкы адамдардын жамаатташып жашашы ,жапайы айбандарга чогуу анчылык кылып этин жеши, жырткыч айбандардан коргонушу алгачкы жамааттык коомдун өнүгүшүнө обөлгө түзгөн.
Байыркы адамдар аңчылыкта кандай куралдарды колдонушкан?
Аңчылык маанилүү кесипке айланган. Адамдар эми куралдарга муктаж боло баштаган. Алар таштан эн жөнөкөй кескичтерди , кыргычтарды , учтуу көзөгүчтордү жана миздүу бычактарды жасашкан. Аңчылык учурунда таш куралдарын эт кесүү жана бөлүштүрүу, терисин кырып тазалоо үчүн колдонушкан. Башы учтуу таш куралдары сайуу,кесүү милдетин аткарган. Узак убакыт бою аңчылыктын негизги куралы учтуу найза болуп калган. Мындан сырткары таштан жасалган эмгек куралдарын союлдарды пайдаланышкан. Байыркы адамдардын таш куралдарды колоднушу адамзат тарыхында таш доорунун башталышына алып келген.
Таш доору учко бөлүнөт: Байыркы таш доору.
Ортонку таш доору.
Жаны таш доору.
Деп бөлүнот.Адамдар бара-бара от жакканды үйрөнүшкөн.Бир кезде чагылгандан түшкөн от тутанып ,токойлор өрттөнүп, адамдын жашоосуна коркунуч келтирсе, эми от адамдарга кызмат кыла баштаган. От карангыны жарык кылып, адамдарга жылуулук берип, түнкүсүн жырткыч айбандардан коргогон.Отту пайдаланаганга чейин адамдар этти чийки эле жешсе эми чоктун табына кактап бышырып жегенди үйрөнүшкөн.
Уруу жамааттары.(общиналары).Бара-бара байыркы адамдар Европа жана Азия аймактарына жыла баштаган. Миллтондогон жылдардын өтүшү менен климат өзгөрүп,жер бетин муз каптаган. Таш доорунун акыркы этаптарында азыркы типтеги адамдар калыптанат.Адаидардын сырткы кебетеси озгөрүп баш сөөгү азыркы түзүлүшкө жакындаган.Алардын жаактары ,ооз көңдөйу сүйлөогө ылайыкташып,мээсинин көлөму чоңойгон.Денеси чымыр колдору ийкемдүу келип түз баскан.Эми алар мурдагыдай жегенге жарактуу жемиштерди жыйноо, аңчылык кылуу менен эле чектелбестен,жашоо үчүн өздөрүно керектүу азык-түлүк тамак-аш камдашкан. Аң терилерден кийим тигишкен. Алар от жакканды даОздоштүрүп алышкан. Уңкүрлөрдү турак жай кылып, жырткыч айбандардан, суук шамалдан,жаан-чачындан борошологон кадан корголошкон.үнку жок жерлерде жер төлолордү казып, шыры. Сөөк менен алачыктарды жасаганды үйрөнүшкөн.
Чоң-чоң балыктарга аң уулоо.сайуу=ып кармоо үчүн шиштерди ойлоп табышкан.Кайыктар п.б. балыктарды тор менен кармай баштаган. Таштан жасалган куралдар кыйла өркүндөтүлгөн.Майда микролиттик таш куралдары кенири таралган. Алардын ичинен кесүугө.саюуга, ыңгайлуу болгон жалпак таштардын мааниси зор болгон. Узун жан бышык таяктын учуна миздүү ташты кайыш менен чырмап байлап, найза жасашкан.Байыркы адамдар жаны куралды - жаа менен жебени ойлоп табышкан. Эмгектин коомдун өнүгүшүнүн натыйжасында эркектер балык кармап,аң уулаган,аялдар мөмө-жемиш чогултуу иштерин аткарган.
Коомдук мамилелер. Эмгек куралдары өркүндөдү.Натыйжада алгачкы адам үйүрү энеге негизделген уруу жамааттарына айланды. Бул Эне бийлигнин коому – Материархат деп аталат. Бул мещгиле туугандык байланыш эне жагынан эсептелген. Энелик уруу мезгили таш доорунун акыркы мезгилин катыган. Байыркы көрүстөндөн аялдардын статуэткалары көбүрөөк табылган. Бул Эне кудайы жөнүндөгү түшүнүктөн жана материархат доорундагы энелердин ээлеген ордунун жогору болгондугунан кабар берет.Ошол доордо Эне кудайы коргоочу катары эсептелген.
Таш доорунун акыркы этаптарында аска беттерине жана үнкүрлөргө тартылган сүрөттөр,диний ишенимдер пайда болгон. Кой уй, жылкы сыяктуу жаныбарлар колго үйротүлө баштаган. Эмгек куралдары негизинен жез.сыяктуу колдо металлдардан жасалган. Коомдо аялдарга караганда эркектердин ролу тездик менен жогорулаган. Аталык уруулук түзүлүшү патериархат энелик доорду ( материархат) алмашылган. Эми уруулар энеге эмес атага карап болүнгөн.Уруулар эркекетин наамы менен атала баштаган.Бул мезгилге өндүрүштүк каражаттарга болгон жеке менчик жана адамдарды адам эзүү мезгили башталат. Аталык уру мезгили таш доорунун акыркы этабын жана алгачкы металл доорун камтыйт. Бул мезгилде өндүргүч күчтөр өнүгүп, дыйканчылык , мал чарбачылык жана кол онорчүлүк (жез. Коло, темир металлдарын ысытып иштетүу) пайда болгон.Өндурушто эркектердин ролу күч алган . Аялдын коомдогк жана чарбадагы абалы төмөндөп , энелик доорду (материархат) аталык доор ( патериархат) алмаштырылган.
Бышыктоо : Эмне учүн алгачкы адамдар үйүр-үйүр болуп жашашкан
Байыркы адамдар эмне менен кесиптенишкен ?
Жыйынтыктоо : Байыркы адамдардын эмгегинин натыйжасында алардын
Ан сезимдери өнүгүп кебетеси да озгорүп улам эмгек куралдары жакшырган сайын энелик доор патриархат аталык доор менен алмаштырылган. Ан улоочулук жана кол өнөрчүлүктөн дыйканчылык жана малды колго кармап үй жаныбарларынын пайда болушуна алып келген. Таш доорунун акыркы этаптарында аска беттерине жана үңкүрлөргө тартылган сүрөттөр , диний ишенимдер пайда болгон.
Баалоо.