Кыргыз тили 4-а- класс
Ат атооч
Тема:
Ош областы Алай району
№ 18 А.Тукеев атындагы орто мектеби
Мугалим: Тамашаева Гулзия
Саламатсыӊарбы окуучулар?
Жакшы эс алдыӊарбы?
Ат
атооч
Сабактын максаты:
- Ат атооч сөз түркүмү менен таанышышат.
- Ат атоочко кандай суроолор берилээрин билишет.
- Сүйлөмдүн арасынан ат атооч сөздөрдү табышат.
- Ойлоо жөндөмдүүлүгү, кабыл алуусу, кругозору, сүйлөө речи өнүгүшөт.
- Адам жашоосунда оройлук жакшы сапат эмес экендигин жана жакшы, жумшак мамиле кылууга, сабырдуу болууга тарбияланышат .
Өтүлгөндү кайталоо
Сөз түркүмдөрү
1. Зат атооч
2 Сын атооч
3 Сан атооч
4 Ат атооч
5 Этиш
6 Тактооч
7 Тууранды сөздөр
8 Сырдык сөздөр
9 Кызматчы сөздөр
Акулалар жырткыч, коркунучтуу болот, узундугу
5-6 метрге жетет .
Акулалар-
эмнелер?
Сөз түркүмү боюнча
Зат атооч
жырткыч-
кандай?
Сөз түркүмү боюнча
Сын атооч
коркунучтуу-
кандай?
Сөз түркүмү боюнча
Сын атооч
болот-
эмне болот?
Сөз түркүмү боюнча
Этиш
болот-
эмне болот?
Сөз түркүмү боюнча
Этиш
узундугу-
Эмнеси?
Сөз түркүмү боюнча
Зат атооч
5-6-
канча?
Сөз түркүмү боюнча
Сан атооч
метрге-
Эмнеге?
Сөз түркүмү боюнча
Зат атооч
жетет-
эмне кылат?
Сөз түркүмү боюнча
Этиш
Акулалар жырткыч, коркунучтуу болот, узундугу 5-6 метрге жетет.
Алар жырткыч, коркунучтуу болот, узундугу 5-6 метрге жетет.
Зат атооч, сын атооч, сан атоочтордун ордуна колдонулуп, алардын атын атабай, жалпылап көрсөткөн сөз түркүмү ат атооч деп аталат.
Мисалы: мен, сен, ал, биз, силер, бул, ар кайсы, ушундай, бүткүл, бардыгы ж.б .
Ат атооч зат атоочтун, сын атоочтун, сан атоочтун суроолоруна жооп берет.
Азат жана Айжан топ ойноп жатышат.
Алар топ ойноп жатышат.
Тилек китеп окуп жатат.
Ал китеп окуп жатат.
Асел, сен жазып жатасыӊбы?
Сен жазып жатасыӊбы?
Атам, апам , иним жана мен ынтымактуу үй-бүлөбүз.
Биз ынтымактуу үй-бүлөбүз.
«Чынжырча» окуйбуз
Күн менен шамал
(жомоктон)
Бир күнү Күн менен Шамал экөө талашып калышты.
-Мен баарынан күчтүүмүн,-деди Шамал мактанып.
-Жок, сен баарынан күчтүү эмессиӊ,-деп каршы болду Күн. Шамал өз күчүн Күндүн көзүнө көрсөтүп далилдегиси келип:
-Кел анда, экөөбүз мелдешели, тээтиги тон кийген абышканы көрдүӊбү? Ким анын тонун үстүнөн чечип алса, ошол күчтүү болот, - деди.
Күн анын айтканына макул болду.
Күн булуттун артына жашынып карап турду. Шамал кишиге келип, анын тонунун этек-жеӊин делбиретип учура баштады. Киши тонун кымтыланып алды. Шамал болгон күчүн салып, катуулап кирди. Ал канчалык катуулаган сайын киши да ошончолук бекем кымтыланды. Акырында Шамалдын күчү кетип, тонду чече албасына көзү жетти да, Күнгө кайтып келди.
Эмки кезек Күнгө келди. Ал жашырынган булуттан чыгып, кишиге жылуулугун чачып, жылмая карады. Киши Күндүн мээримине ысып, тонун чечип койду. Ошондо Күн Шамалга:
-Досум, жумшак, жакшы мамиле оройлук менен залимдиктен күчтүү болот,- деди жылмайып.
Эс алуу мүнөтү:
Биз бөлөбүз апельсин,
Баарыбызга теӊ болсун.
Бул бөлүгү кирпиге,
Бул бөлүгү түлкүгө,
Бул бөлүгү чычканга,
Бул бөлүгү чымчыкка,
Карышкырга кабыгы.
Ал бизге каарданды,
Туш тарапка качалы .
Чын курандын 8и
Ат атооч
4 – көнүгүү 116- бет
Күн анын айтканына макул болду.
Ал анын айтканына макул болду.
Киши тонун кымтылап, ага бекем жармашты.
Ал тонун кымтылап, ага бекем жармашты.
Эми кезек Күнгө келди.
Эми кезек ага келди.
5 - көнүгүү 116 – бет
1. Жылуулук – күндүн көзүндө.
2. Тийип туруп жааган күндөн түӊүл,
Күлүп сүйлөгөн кишиден түӊүл.
Үйгө тапшырма:
6 – көнүгүү
«Аба ырайы» деген темада ат атоочторду катыштырып, жомок ойлогула
Көӊүл бурганыӊар үчүн рахмат!
Көрүшкөнчө!