Практикалык сабак №8
Сабактын темасы: Басаңдама электр-магниттик термелүүлөр.
Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:
Басаңдама электр-магниттик термелүүлөрдү алуу;
Басаңдабас электр-магниттик термелүүлөрдү алуу;
Аргасыз электрмагниттик термелүүлөрдү алуу;
Маселе иштөө;
Сабактын критерийлери:
Басаңдама жана басаңдабас электр-магниттик термелүүлөрдү айырмаласа;
Аргасыз электрмагниттик термелүүлөрдү билсе;
Маселе иштей алса;
Өз көз караштарынын жана чечимдеринин ар түдүүлүгүн кабыл ала билип, башка студенттердин пикирлерин урматтоо менен кабыл ала билүүгө тарбияланышса;
Сабакка активдүү катышса;
Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:
Термелүү контур кантип алынат?
Эркин электр-магниттик темелүүлөр кайсыл учурда пайда болот?
Томсон формуласы эмнени туюнтат?
Термелүүнүн бурчтук жыштыгы кандай туюнтулат?
Жаңы теманы түшүндүрүү:
Контурда активдүү каршылыктын R болгондугуна байланыштуу заряддардын ар бир термелүүсүндө өткөргүчтөр ысып,контурдан энергия уламдан улам азая берет.Бул болсо контурдагы эркин термелүүнү басаңдама болорлугу көргөзөт. Демек,термелүүнүн басаңдоо ылдамдыгы каршылыктын чоңойушу менен жогорулай берет. Басаңдама электрмагниттик термелүүлөр практикалык колдонууларга ыңгайсыз. Ошого байланыштуу контурда басаңдабас термелүүлөрдү алуу зарылдыгы келип чыгат. Ал үчүн өткөргүчтөрдү ысытууга кеткен энергияларды компенсациялоочу кошумча энергияны алуу талап кылынат.Контурдагы энергияны лампалык генератордун жардамы менен толуктоого болот. Ошентип термелүү контурун триоддун аноддук чынжырына туташтыруу жолу менен басаңдабас электрмагниттик термелүүлөрдүн алынышы мүмкүн.
Лампалык генератор деп аталгандыгы анын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп,үч электроддуу электрондук лампа-триод эсептелгендигинде. Эми лампалык генератордун иштөө принцибин карайлы. Анын жөнөкөй түрдөгү схемасы 26-сүрөттө берилген.Сыйымдуулугу С жана индуктивдүүлүгу L болгон
термелүүчү контуру триоддун А аноддук чынжырына туташтарылат.Бул контурда басаңдабас электр-магниттик термелүү сакталышы керек. Ал эми торчонун чынжырына L катушкасы менен индиктивдүү
байланыштагы
катушкасы туташтырылган. Аноддук чынжыр туташтырылганда С конденсатору заряддалат да А контурунда
катушкаларынын ортолугундагы индиктивдүү байланыштын натыйжасында лампанын торчосунун чынжырында жыштыгы А контурундагыдай болгон аргасыз термелүүлөр пайда болот Мунун натыйжасында аноддук чынжырда ток күчү өзгөрөт. Лампанын аноддук чынжырындагы токтун импульстары А контурундагы электр-магниттик термелүүнүн натыйжасында келип чыккандыктан алар бул термелүүлөрдү автоматтык чыгымдалышынын эсебинен кармап турат.
Жогоруда каралган лампалык генератордун жардамы менен жогорку жыштыктагы термелүүнү алууга болот. Мындай термелүүлөр техникада кеңири колдонулат. Мисалга,бардык радиостанциялар лампалык генератордун жардамы менен иштешет. Ошондой эле башка дагы көптөгөн радиотехникалык түзүлүштөрдө да пайдаланылат. Өзгөрүлмөлүү сыйымдуулуктагы конденсатордун же
катушкасынын индуктидүүлүгүнүн өзгөрүүнүн жардамы менен А контурундагы термелүүнүн жыштыгын керектүү чоңдукка дейре жеткирүүгө болот. Мындай көз карандылык Томсондун формуласынан көрүнүп турат.
(18.1)
C менен
канчалык кичине мааниге ээ болсо термелүүнүн жыштыгы ошончо чоң болот.
Аргасыз электр-магниттик термелүүлөр.
Термелүүчү контурга сырттан мезгилдүү э.к.к таасир этсе анда контурда аргасыз электр-магниттик термелүү пайда болот. Сырткы мезгилдүү э.к.к нүн булагы менен индуктивдүүэлектр-магниттик байланыштыруу жолу же болбосо ток булагын контурга түздөн түз туташтыруу ыкмасы колдонулат.Биз 27-сүрөттө көгөзгөндөй контурдагы термелүүнү карайбыз.Мейли тышкы э.к.к убакыт боюнча синусондалдык закон менен өзгөрсүн дейли.
=
(19.1).
Мында
э.к.к нүн амплитудалык мааниси,
-өзгөрмөлүү э.к.к нүн циклдык (айланма) жыштыгы.
Тескерисинче тышкы эк.к. тере жумуш аткарып контурдагы энергияны азайтат. Мындай учурда туюк контур үчүн Кирхгофтун экинчи эрежеси колдоно алабыз: контурдагы чыңалуунун төмөндөшүнүн суммасы ІR+U бул контурда аракет этүүчү э.к.к нүн суммасына барабар.
(19.2).
барабардыгы менен туюнтулат. Эсептөөлөр токтун амплитудасы жана ток менен тышкы э.к.к нүн ортолорундагы фазалардын айырмасы үчүн төмөнкү жыйынтыкты берет:
(19.3)
Ошентип,контурдагы токтун амплитудасы R ден жана
параметрлеринин ортолорундагы катышкан көз каранды болот. Эгер
же
, болсо, R турактуу кезинде ток максималдуу амплитудага жетишет
(19.4)
шарты тышкы күчтүн жыштыгы өздүк термелүүлөрдүн жыштыгына барабар дегенди билдирет. Мындай шартта тышкы булактан контурга бир термелүү мезгилинде келүүчү энергия максимум маанисине жетет б.а ток булагы эң жогорку пайдалуу кубаттуулукту аткарат.
Бышыктоо: Маселе иштөө.
№1. Термелүү контуру индуктивдүүлүгүт
жана активдүү каршылыгы R=1 Ом болгон катушкадан жана сыйымдуулугу С=2пФ га барабар конденсатордон турат. Контурда конденсатордогу максималдык чыңалуу
го барабар болгон өчпөгөн термелүүлөр болуп турушу үчүн, контур кандай кандай кубаттулукту сарп кылат?
Берилди: = R=1 Ом С=2пФ= | Формула: , | Чыгаруу Вт Жообу: Вт |
Р=? |
№2. Термелүү контурунун конденсаторундагы чыңалуусунда аракеттүү мааниси 100 В, ал эми конденсатордун сыйымдуулугу 10 мкФ. Контурдагы электрдик жана магниттик энергиялардын максималдуу маанилерин тапкыла.
Берилди: | Формула: | Чыгаруу Жообу: |
|
№3. 10 МГц эркин термелүүнүн жыштыгын алыш үчүн, сыйымдуулуг 50 пФ термелүү контуруна кандай индуктивдүүлүктү туташтырыш керек?
Берилди: | Формула: | Чыгаруу Жообу: |
|
Үй тапшырмага берилүүчү суроолор:
1. Басаңдабас электр-магниттик термелүүлөр кантип алынат?
2. Лампалык генератордун иштөө принциби кандай?
3. Аргасыз электр-магниттик термелүүлөр кантип кандай болот?
4. Контурда аргасыз электр-магниттик термелүү качан пайда болот?
Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат