Просмотр содержимого документа
«Биологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар»
ОШ МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ
Тема:Биологиялык – социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар:
Окутуучу:Токтомат кызы Калыя
Студент: Советбек кызы Зулайка
Группа: Ин-20 б
1.Биологиялык өзгөчө кырдаал- бул кандайдыр бир территорияда биологиялык оору булагынын пайда болушунун натыйжасында адамдардын нормалдуу жашоо жана ишмердүүлүк шарттары бузулган, жугуштуу оорулар кеңири таралуу коркунучу, айыл чарба жаныбарлары жана өсүмдүктөрдүн жок болуп кетүү мүмкүнчүлүгү болгон абал.
• адамдардын арасында массалык жугуштуу оорулардын пайдаболуусу (эпидемия, пандемия, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар);
• жаныбарлар арасында массалык жугуштуу оорунун таркалуусу (эпизоотии, панзоотии);
• айыл чарба өсүмдүктөрүнүн массалык зыянкечткрге кабылуусу (эпифитотия).
Эпидемия- бул кайсы бир райондун территориясынын чегинде убакыт жана мейкиндикте адамдардын жугуштуу оорулары массалык түрдө көбөйүп, кеңири
таралып ошол территорияда демейде катталып туруучу оорулардын деңгээлинен бир топ ашып кетүүсү.
Эпидемиянын өөрчүшүнүн себептери
Алдын ала эмдөө каражаттарынын жоктугу
Калктын жыш жайгашуусу
Миграциясы (бир жерден экинчи жерге барышы
Калк жашаган жерде тазалыктын жоктугу
Согуш, табигый кырсыктар
ачкачылык жана башкалар түрткү берет
Мындай убакта элдин турмуш деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу жалпы санитария-гигиеналык абалы начарлап, мурунку сейрек кезигүүчү жугуштуу ооруга шарт түзгөндүктөн, эпидемияга айланат.
Эпидемия очогу — жугуштуу оорулуу же оору козгогуч алып жүргөн адамдын жашаган жайы, жери (үйү, иштеген мекемеси жана башкалар).
Пандемия – бир түрдүү оорулардын бир өлкөдөн экинчи бир өлкөгө өтүп таралуусу.
Обсервация- бул бөлүп таштоо-чектөө чараларынын системасы, ал коркунучтуу деп жарыяланган территорияга кирүүгө, мүмкүнчүлүк
чыгууга жана ал жерде чогулуп сүйлөшүүгө чеккоюлат, жугуштуу ооруларды алдын алып жана жок кылат.
Эпизотия
Эпизоотия- бул кайсы бир региондун чектеринде мезгил менен мейкиндикте бир убакытта көбөйүп көптөгөн айыл чарбажаныбарларынын биринин арасында таралган жугуштуу оору,демейде ошол территорияда катталып келген оорудан көбөйүп кеткен учур.
Панзоотия- бул айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу оорулары бир мезгилде массалык түрдө жогорку деңгээлдеги оору менен чоң территорияда таралып, бүтүндөй региондорду, бир нече өлкөлөрдү жана материктерди камтыйт.
Эпифитотия-деп мезгил менен мейкиндикте массалык түрдө көбөйүп жаткан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жугуштуу оорулары же өсүмдүктөрдүн зыянкечтеринин кескин көбөйүшунөн улам айыл чарба өсүмдүктөрүнүн куурашы жанаалардын түшүмүнүн азайышы аталат.
Колдонулган адабияттар:
Жашоо-тиричилик коопсуздук негиздери
Перханова Ы.А…Мусаахунов К.М.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат