-
- Кыргызстандагы эл аралык терроризм коркунучу
у
Кыргызстан өзүнүн эгемендик жылдарынын алгачкы баскычтарында мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп терроризм менен бет келишкен өлкөлөрдүн бири болуп калды.
Террорчулукка каршы күрөш жана өлкөнүн коопсуздугун коргоо маселеси 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынан кийин өзгөчө мааниге ээ болгон. Соңку жылдары Кыргызстандын коопсуздук кызматтары өлкөдөгү негизги коркунучтардын бири катары терроризмди атап келүүдө.
Ички иштер министрлиги Кыргызстанда 1200дөн ашуун адам “террорчу” деп катталганын айтып чыккан. Алардын 1192и “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун жатктоочулары, ал эми 49 вахабисттер, 36 акромисттер жана экөө Өзбекстан Ислам кыймылынын өкүлү экенин ырасташкан эле.
Баткен согушу
1999-2000-жылдары Баткен окуяларында Кыргызстан согушчан топ менен жакындан бет келишти. Куралчан топ менен кагылышуулар учурунда кыргыз аскерлери бир топ жоготууларга учураган. Ошокездеги өлкө Президенти Аскар Акаев дүйнө коомчулугуна кайрылуу жасап терроризм менен чогуу күрөшкө үндөгөнү бар. Кийин Кыргызстанда Американын жана Оруссиянын аба майдандары ачылган.
Ага чейин эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстанга аскер керекпи же кереги жокпу деген талаш-талкуулар да болуп келген эле. Соңку жылдары терроризм карпайым адамдарды кабатырланткан чоң коркунучтардын бирине айланып калды. Азыр ар бир кыргызстандыктын террорчу жөнүндө түшүнүгү бар.
Жаңы ишаарат
Кыргызстанда өткөн жылдын күз айларында террордук жардырууларды уюштурууга аракет кылган деп экстремисттик-согушчан уюмдарга мүчө деп шектелген кишилер жок кылынып, айрымдары кармалаганын атайын кызматтар кабарлаган эле.
Коопсуздук күчтөрү аймакта ондон ашуун жардыруулардын планын аныктап, бөгөт койгонун айтып чыккан. Бул окуялар Кыргызстанда абдан кооптондурган жана чочулатчу жышаан катары белгиленген. Мирослав Ниязов Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы:
-Диний күчтөрбү, криминалбы, жикчил күтөр чыгабы террор эмнеден пайда болду? Бийликке ишенбестиктен пайда болду. Бийликке нааразычылыкты билдирген күчтөр терроризмге айланып кетиши мүмкүн. Ушул күчтөр бир эле топ болбой бир нече топ болсо анда Кыргызстанды алдыда дагы көптөгөн оорчулуктар күтөт.
Көп өтпөй Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өз маалыматында Кыргызстанда 1279 адам “террорчу” деп катталганын алардын 1192и “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун жатктоочулары, ал эми 49 вахабисттер, 36 акромисттер жана экөө Өзбекстан Ислам кыймылынын өкүлү экенин ырастады.
Бирок, коопсуздук маселелери боюнча талдоочу Орозбек Молдоалиев булардын ичинен бир гана Өзбекстан Ислам кыймылы Кыргызстанда террордук уюм болуп саналаарын айтууда:
-Кыргызстанда Жогорку соттун чечими менен Өзбекстан Ислам кыймылы, Түркүстан ислам партиясы, Чыгыш Түркүстан кыймылы террористик деп табылган. Хизб-ут-Тахрир эксремистик деп табылган. Кийинчерээк бул тизмеге Талибан менен Аль-Каиданы кошушкан, бирок булар Кыргызстанда аракеттенишпейт.
Терроризм түшүнүгү
Бирок айрым талдоочулар кыргыз мыйзамдарында “терроризм” түшүнүгү жеткиликтүү чечмеленбегенин айтып келишет. Кадыр Маликов, Дин маселелри боюнча эксперт:
-Бул түшүнүктөрдү так классификациялай турган адисттер жок болуп жатат тилекке каршы. Ошон үчүн биздин күч кызматтар вахабисттер, жихадчылар, террорчулар деп ар кандай аталыштарды айтып жатышат. Бул биздин коом үчүн өтө опурталдуу. Анткени, Кыргызстандыктардын басымдуу көпчүлүгү мусулман экенини эске алсак коомчулук менен бийликтин ортосунда чоң ажырым кетиши мүмкүн.
Бийликтин ар бир кадамы, ар бир билдирүүсүн коомчулук “антиисламчыл” катары кабылдап калышы мүмкүн. Бул жагына алып караганда күч кызматтарынын билими жетишсиз.
Талдоочунун айтымында террордук аракеттер белгилүү бир топту, болбосо бүтүндөй мамлекетти буттага алышы мүмкүн. Анын артында дагы кайсыл бир топтор же болбсо бүтүндөй мамлекет турат. Ал турсун, бийлик режиминин өз элине каршы жасаган иш-аракеттери дагы террорчулук деп бааланат.
-Террорчулук - бул күч колдонуу. Ал коомчулукту же болбосо бүтүндөй мамлекетти коркутуу менен өзүнүн саясий максаттарын ишке ашырууга багытталат. Ал турсун мамлекет же болбосо өлкө башында турган элитта дагы террорчунун ролунда болушу мүмкүн. Террорчулук бир гана диний көз караштагылар арасында эмес, светтик чөйрөдө дагы болот-дейт Кадыр Маликов.
Афганистан таасири
Соңку учурларда Афганстан аймагындагы террордук уюмдардын машыгуу лагерлеринде эки жүздөй кыргызстандык атуул согуштук даярдыктан өтүп жатышы ыктымал деген маалыматтар айтыла баштаган. Кыргыз бийликтери алардын так саны жок экенин айтып, ар кандай террордук топтордун бастырып кирүүсүнө алдын-алууга багытталган иш-чаралар жүрүп жатканын билдирген.
Мурат Иманкулов Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары, террорго каршы уюмдун жетекчиси:
-Май айында биз Ош аймагында КМШ өлкөлөрү менен террорго каршы чоң аскердик машыгууларды өткөрдүк. УККнын алдында Террорго каршы борбор түзүлгөн. Ал борбор өз ишин жүргүзүп жатат жер-жерлерде даярдыктарды, окуу, машыгууларды өткөрүп жатабыз. Эгерде сырттан күчтөрдүн келүү коркунучу болсо аларды токтотконго, алдын ала чараларды көргөнгө аракеттер болуп жатат.
Кыргызстанда Финансылык чалгындоо кызматы террорчу жана экстремисттик уюмдардын тизмесин түзүп чыкканын айтып, ал улуттук жана эл аралык деген эки башка тизмеден тураарын билдирген. Коопсуздук комитетинин Террорчулукка каршы борбору жер-жерлерде атайын окууларды жана машыгууларды өткөрүп келүүдө. Мындай аракеттердин баары өлкөдөгү терроризмди алдын алуу максатында жасалууда дейт күч органдары.
Чет элдик байкоочулар терроризм Кыргызстанда демейдеги көрүнүшкө айланып калышы мүмкүн экенин эскертишсе, айрым жергиликтүү коопсуздук эксперттери болсо, өлкөдө терроризм жана экстремизм коркунучун негизсиз көбүртүп-жабыртып жатышканын айтып келишет.
Просмотр содержимого документа
«Биз экстремизмге жана терроризмге каршыбыз»

Афганистан тиисири

Бул макаланы бөлүшүңүз Бөлүшүү жөнүндө