СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эмне үчүн жапон балдары мектепке баргысы келбейт?

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эмне үчүн жапон балдары мектепке баргысы келбейт?

Алессия КерантолаБи-Би-Си

  • 22 январь 2020

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIER

Жапон тестиерлери арасында барган сайын мектептен баш тарткандар саны көбөйүп жатат. Жапондор бул феноменди "футоко" деп атап, анын себептерине баш оорутууда. Ким күнөлүү? Окуучубу, мектеп же ата-энеби?

Өткөн жылы жазында 10 жаштагы Юта Ито мектепке баруудан баш тартаарын ата-энесине айтуу үчүн "Алтын апталык" майрамын күтүп жүргөн. ("Алтын апталык" - бир нече майрам катарынан белгиленген апта. Бул аптада Жапонияда кошумча эс алуу күндөрү берилет).

Мектепте Ютаны көп келекелешип, классташтары менен көп мушташат экен. Ошого карабастан, аны кыйынчылык менен болсо дагы мектепке барууга көндүрүүгө аракет кылышты.

Ата-энесинин алдында тандоо бар эле: аны мектептеги психотерапия сеанстарына катыштыруу, убакыттын өтүшү менен баары жолго коюлат деп үмүттөнүштү. Болбосо үйдө окутуу же эркин мектептерге берүү.

Алар үчүнчү вариантты туура көрүштү. Азыр Юта өзү каалагандай убактысын өткөрүп, мурункудан бактылуу.

Сүрөттүн автордук укугуGETTY IMAGES

Image caption40 окуучусу бар класстар Жапонияда көндүм көрүнүш

Юта - Жапониянын Билим берүү министрлиги ден-соолугу же каржылык абалына эмес, башка себеп менен мектептеги сабактарын 30 күндөн ашуун үзгүлтүккө учуратты делген көптөгөн "футоколордун" бири.

"Футокону" кыргызча таржымалдаганда - себепсиз эле мектепке келбей коюу, мектептен коркуу же баш тартуу деген маанини берет.

Жапонияда мындай балдарга карата мамиле сезилерлик өзгөрүүлөргө кабылды. Айталы, 1992-жылга чейин мектептен баш тартуу (анда "тококёши" - "каршылык" деп аталчу) психикалык оору катары каралчу. Беш жыл өткөндөн кийин бул термин "футоко" менен алмашты.

2019-жылы 17-октябрда Жапониянын өкмөтү башталгыч класстардагы "мектептен качкандар" саны рекорддук деңгээлге жеткенин жарыялады. 2018-жылы 164,5 миң бала мектепти отуз күндөн ашуун калтырган. 2017-жылы алардын саны 144 миң эле.

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIER

Image captionТамагавадагы эркин мектеп

"Эркин мектеп" кыймылы Жапонияда өткөн кылымдын 80-жылдары пайда болуп, ушундай көйгөйдү чечүүгө жооп катары чыккан.

Бул альтернативалуу мектептер инсандын эркиндиги жана индивидуалдуу мамиле жасоо принциптерине негизделген.

Үйдө билим берүү менен катар эле билим берүүнүн мындай жолу дагы милдеттүү окутууга альтернатива катары каралып, өкмөт аны тааныган. Бирок мындай мектептер орто билим тууралуу расмий таанылган сертификат бере алышпайт.

Эркин мектептерде окугандар саны 7,4 миң балага өстү. 1992-жылдан 2017-жылга чейин 20,3 балага чейин көбөйгөн.

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIER

Image captionОкуучулар өздөрүнүн эрежесин орнотот: эч кандай мектеп формасы болбошу керек!

Кадимки мектептерден баш тартуу - узакка созулган кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Тестиер же өспүрүм өзүн коомдон обочолонтуп, өзү менен өзү жалгыз калат. Жапондор муну "хикикомори" деп атап коюшат.

Мындан дагы кабатыр кылганы - окуучулар арасындагы өз өмүрүнө кол салгандардын көп катталганы. 2018-жылы алардын саны 332 болду. Бул акыркы 30 жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

2016-жылы мындай абал жапон өкмөтүн суицидди болтурбоо үчүн мектептерге атайын сунуштамаларды берүү боюнча мыйзам кабыл алууга арагасыз кылды.

Балдар эмне үчүн мектептен качууда?

Билим берүү министрлигинин изилдөөсүнө караганда, мектептен качуунун негизги себептери - үй-бүлөлүк абал, курбалдаштары менен чатакташуу, классташтарынын мазактоосу.

Адатта мындай балдар башка окуучулар же мугалимдер менен начар мамиледе болгонун айтышат. Томое Морихашинин окуясы ушундай эле.

"Мен өзүмдү абдан ыңгайсыз сезер элем,-дейт 12 жаштагы окуучу кыз. - Мектепке баруу мага азап эле".

Томое үйүндө, бүлөсү менен жүргөндө гана сүйлөбөсө, үйүнөн чыгары менен дудук кызга айланган. Ал жапон мектептериндеги катаал буйруктарды аткаруудан кыйналган.

"Колготки түстүү болбошу керек, чачты боегонго болбойт, чач байлагычтар бирдей түстө болушу талапка ылайык",-деп айтып берди Томое.

Сүрөттүн автордук укугуGETTY IMAGES

Image captionМектептеги катаал эрежелер өткөн кылымдын 70-80-жылдары пайда болгон

Көптөгөн жапон мектептеринде окуучулардын сырткы кебетесин дагы катуу көзөмөлдөшөт. Маселен, күрөң түстүү чачтарды кара түскө боёгонго мажбурлашат. Айрым учурларда суук мезгилде дагы колготки же күрмө кийгенге тыюу салышат. Ал тургай кээ бир мектептерде ич киймдердин түсүн дагы тескеген эрежелер кездешет.

Мындай катаал эрежелер өткөн кылымдын 70-80-жылдары пайда болду. 90-жылдарга барып, өтө катаал болуп кетти. Акыркы жылдары кайрадан катаалдашып барууда.

Томое дагы Юта сыяктуу эле Томагава эркин мектебинде окуп жатат. Окуучулар бул жерде эч кандай мектеп формасын кийбейт. Эмне менен алектенерин өздөрү тандашат.

Окутуунун планын мектеп окуучулар жана ата-энелер менен бирге иштеп чыгат. Бул жерде окуучулар өздөрү кызыккан билимдерди тереңдетишет.

Мектепте жапон тили жана математика сабактарынын, ошондой эле жапон комикстеринин китепканасын окуй турган компьютерлер коюлган бөлмөлөр бар. Мектептин атмосферасы чоң үй-бүлөнү элестетет.

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIER

Image captionОкуучулар убактыларын эмнеге короторун өздөрү аныкташат

"Биздин мектептин негизги тапшырмасы - социалдык билимдерди өнүктүрүү",-деди мектептин директору Такаши Йошикава.

Көп кишинин арасында болосуңбу, окууда же спортто, жөн эле оюнда болсун дүрбөлөң түшпөөгө үйрөнүү өтө маанилүү. Жакында эле мектеп жаңы имаратка көчүп кирди. Күн сайын мектепке болжолу он киши келип кетет.

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIER

Image captionТамагава мектебинде болжолу он бала окуйт

Йошикава биринчи эркин мектепти 2010-жылы Токионун Фучу районунда ачкан.

"Мен курагы 15 жаштан өйдө окуучулар келет деп күттүм эле. Бирок келгендер 7-8 жаштагылар болду,-деп айтып берди ал. - Алардын көпчүлүгү такыр сүйлөбөйт эле, эч нерсе кылбай эле олтура беришчү".

Йошикаванын болжолунда баарлашуудагы мындай тоскоолдуктун жаралышына мектептен баш тартууга аргасыз кылган маселе бар.

Йошикава бир да жолу мугалим болуп иштеген эмес. 40 жашында компаниядагы жумушун таштап салат. Ал тепкичтен-тепкичке карьералык өсүш жасоого кызыкпай калды.

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIER

Image captionЙошикава биринчи эркин мектепти 2010-жылы ачкан

Атасы дарыгер эле. Ошондуктан Йошикава анын жолун жолдоп, кишилерге жардам бергиси келип, социалдык кызматкер болуп иштей баштады. Бул тажрыйба анын көзүн ачты. Көрсө, окуучулардын көбү жакырчылактан, үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркап, бул алардын мектептеги жетишүүсүнө таасирин тийгизет экен.

Класстагы окуучулар арасында мындай маселе тереңдеп баратат, дейт Нагоя университетинин билим берүү боюнча адиси Рё Учида.

"Эгерде класста 40 окуучу болуп, алар жыл боюу бирге убакыт өткөрүшсө, ар кандай нерселер болушу мүмкүн",-деди ал.

Профессор Учиданын айтымында, Жапонияда жолдоштук бул аман калуунун негизги факторлорунун бирине айланган. Ошондуктан мунун калктын калың катмары өтө жогору баалайт. Эгерде силер аракетиңерди башкалар менен эсептешип жасабасаңар, жашап кетүү кыйын. Мындай принцип бир эле мектептерде эмес, коомдук транспортто жана башка эл топтошкон жайларда иштейт.

Сүрөттүн автордук укугуGETTY IMAGES

Image captionЖолдошуң жок, мектепте сага кыйын болот

Бирок көптөгөн студенттер үчүн мындай талап чоң маселе. Алар киши толгон класстык бөлмөлөрдө, чектелген мейкиндикте классташтары менен баарын чогуу кыла берген абалда өздөрүн ыңгайсыз сезишет.

Андан сырткары Жапонияда окуучулар сабакты жакшы өздөштүрө албаса, ордунан калып, класстан көчпөй жүрө берет.

"Мындай абалда эркин мектептер сунуштаган, айталы, колдоо өтө маанилүү,-дейт профессор Учида. - Эркин мектептерде ар бир окуучунун сезимин, ойлорун баалоого басым жасалган".

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIER

Image captionТамагавада сабак учуру

Эркин мектептер альтернатива сунуштап жатканы менен көйгөйдүн өзү билим берүү системасында кала берүүдө. Өлкөдө барган сайын мектептердеги катаал эрежелер жана мектептеги бүтүндөй атмосфера сынга алынууда. Жакында эле "Токио Симбун" басылмасы мындай мамилени адам укугун бузуу жана окуучулардын өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук деп атады. (AbA)

Просмотр содержимого документа
«Эмне үчүн жапон балдары мектепке баргысы келбейт?»

Эмне үчүн жапон балдары мектепке баргысы келбейт?

ANE BUREAU DU COLOMBIER

Жапон тестиерлери арасында барган сайын мектептен баш тарткандар саны көбөйүп жатат. Жапондор бул феноменди "футоко" деп атап, анын себептерине баш оорутууда. Ким күнөлүү? Окуучубу, мектеп же ата-энеби?

Өткөн жылы жазында 10 жаштагы Юта Ито мектепке баруудан баш тартаарын ата-энесине айтуу үчүн "Алтын апталык" майрамын күтүп жүргөн. ("Алтын апталык" - бир нече майрам катарынан белгиленген апта. Бул аптада Жапонияда кошумча эс алуу күндөрү берилет).

Мектепте Ютаны көп келекелешип, классташтары менен көп мушташат экен. Ошого карабастан, аны кыйынчылык менен болсо дагы мектепке барууга көндүрүүгө аракет кылышты.

  • Жапончо тазалык: көчө шыпыргычы, таштанды челеги жок өлкө

Ата-энесинин алдында тандоо бар эле: аны мектептеги психотерапия сеанстарына катыштыруу, убакыттын өтүшү менен баары жолго коюлат деп үмүттөнүштү. Болбосо үйдө окутуу же эркин мектептерге берүү.

Алар үчүнчү вариантты туура көрүштү. Азыр Юта өзү каалагандай убактысын өткөрүп, мурункудан бактылуу.

Сүрөттүн автордук укугуGETTY IMAGESImage caption40 окуучусу бар класстар Жапонияда көндүм көрүнүш

Юта - Жапониянын Билим берүү министрлиги ден-соолугу же каржылык абалына эмес, башка себеп менен мектептеги сабактарын 30 күндөн ашуун үзгүлтүккө учуратты делген көптөгөн "футоколордун" бири.

"Футокону" кыргызча таржымалдаганда - себепсиз эле мектепке келбей коюу, мектептен коркуу же баш тартуу деген маанини берет.

Жапонияда мындай балдарга карата мамиле сезилерлик өзгөрүүлөргө кабылды. Айталы, 1992-жылга чейин мектептен баш тартуу (анда "тококёши" - "каршылык" деп аталчу) психикалык оору катары каралчу. Беш жыл өткөндөн кийин бул термин "футоко" менен алмашты.

2019-жылы 17-октябрда Жапониянын өкмөтү башталгыч класстардагы "мектептен качкандар" саны рекорддук деңгээлге жеткенин жарыялады. 2018-жылы 164,5 миң бала мектепти отуз күндөн ашуун калтырган. 2017-жылы алардын саны 144 миң эле.

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIERImage captionТамагавадагы эркин мектеп

"Эркин мектеп" кыймылы Жапонияда өткөн кылымдын 80-жылдары пайда болуп, ушундай көйгөйдү чечүүгө жооп катары чыккан.

Бул альтернативалуу мектептер инсандын эркиндиги жана индивидуалдуу мамиле жасоо принциптерине негизделген.

Үйдө билим берүү менен катар эле билим берүүнүн мындай жолу дагы милдеттүү окутууга альтернатива катары каралып, өкмөт аны тааныган. Бирок мындай мектептер орто билим тууралуу расмий таанылган сертификат бере алышпайт.

Эркин мектептерде окугандар саны 7,4 миң балага өстү. 1992-жылдан 2017-жылга чейин 20,3 балага чейин көбөйгөн.

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIERImage captionОкуучулар өздөрүнүн эрежесин орнотот: эч кандай мектеп формасы болбошу керек!

Кадимки мектептерден баш тартуу - узакка созулган кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Тестиер же өспүрүм өзүн коомдон обочолонтуп, өзү менен өзү жалгыз калат. Жапондор муну "хикикомори" деп атап коюшат.

Мындан дагы кабатыр кылганы - окуучулар арасындагы өз өмүрүнө кол салгандардын көп катталганы. 2018-жылы алардын саны 332 болду. Бул акыркы 30 жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

2016-жылы мындай абал жапон өкмөтүн суицидди болтурбоо үчүн мектептерге атайын сунуштамаларды берүү боюнча мыйзам кабыл алууга арагасыз кылды.

Балдар эмне үчүн мектептен качууда?

Билим берүү министрлигинин изилдөөсүнө караганда, мектептен качуунун негизги себептери - үй-бүлөлүк абал, курбалдаштары менен чатакташуу, классташтарынын мазактоосу.

Адатта мындай балдар башка окуучулар же мугалимдер менен начар мамиледе болгонун айтышат. Томое Морихашинин окуясы ушундай эле.

"Мен өзүмдү абдан ыңгайсыз сезер элем,-дейт 12 жаштагы окуучу кыз. - Мектепке баруу мага азап эле".

Томое үйүндө, бүлөсү менен жүргөндө гана сүйлөбөсө, үйүнөн чыгары менен дудук кызга айланган. Ал жапон мектептериндеги катаал буйруктарды аткаруудан кыйналган.

"Колготки түстүү болбошу керек, чачты боегонго болбойт, чач байлагычтар бирдей түстө болушу талапка ылайык",-деп айтып берди Томое.

Сүрөттүн автордук укугуGETTY IMAGESImage captionМектептеги катаал эрежелер өткөн кылымдын 70-80-жылдары пайда болгон

Көптөгөн жапон мектептеринде окуучулардын сырткы кебетесин дагы катуу көзөмөлдөшөт. Маселен, күрөң түстүү чачтарды кара түскө боёгонго мажбурлашат. Айрым учурларда суук мезгилде дагы колготки же күрмө кийгенге тыюу салышат. Ал тургай кээ бир мектептерде ич киймдердин түсүн дагы тескеген эрежелер кездешет.

Мындай катаал эрежелер өткөн кылымдын 70-80-жылдары пайда болду. 90-жылдарга барып, өтө катаал болуп кетти. Акыркы жылдары кайрадан катаалдашып барууда.

Томое дагы Юта сыяктуу эле Томагава эркин мектебинде окуп жатат. Окуучулар бул жерде эч кандай мектеп формасын кийбейт. Эмне менен алектенерин өздөрү тандашат.

Окутуунун планын мектеп окуучулар жана ата-энелер менен бирге иштеп чыгат. Бул жерде окуучулар өздөрү кызыккан билимдерди тереңдетишет.

Мектепте жапон тили жана математика сабактарынын, ошондой эле жапон комикстеринин китепканасын окуй турган компьютерлер коюлган бөлмөлөр бар. Мектептин атмосферасы чоң үй-бүлөнү элестетет.

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIERImage captionОкуучулар убактыларын эмнеге короторун өздөрү аныкташат

"Биздин мектептин негизги тапшырмасы - социалдык билимдерди өнүктүрүү",-деди мектептин директору Такаши Йошикава.

Көп кишинин арасында болосуңбу, окууда же спортто, жөн эле оюнда болсун дүрбөлөң түшпөөгө үйрөнүү өтө маанилүү. Жакында эле мектеп жаңы имаратка көчүп кирди. Күн сайын мектепке болжолу он киши келип кетет.

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIERImage captionТамагава мектебинде болжолу он бала окуйт

Йошикава биринчи эркин мектепти 2010-жылы Токионун Фучу районунда ачкан.

"Мен курагы 15 жаштан өйдө окуучулар келет деп күттүм эле. Бирок келгендер 7-8 жаштагылар болду,-деп айтып берди ал. - Алардын көпчүлүгү такыр сүйлөбөйт эле, эч нерсе кылбай эле олтура беришчү".

Йошикаванын болжолунда баарлашуудагы мындай тоскоолдуктун жаралышына мектептен баш тартууга аргасыз кылган маселе бар.

Йошикава бир да жолу мугалим болуп иштеген эмес. 40 жашында компаниядагы жумушун таштап салат. Ал тепкичтен-тепкичке карьералык өсүш жасоого кызыкпай калды.

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIERImage captionЙошикава биринчи эркин мектепти 2010-жылы ачкан

Атасы дарыгер эле. Ошондуктан Йошикава анын жолун жолдоп, кишилерге жардам бергиси келип, социалдык кызматкер болуп иштей баштады. Бул тажрыйба анын көзүн ачты. Көрсө, окуучулардын көбү жакырчылактан, үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркап, бул алардын мектептеги жетишүүсүнө таасирин тийгизет экен.

Класстагы окуучулар арасында мындай маселе тереңдеп баратат, дейт Нагоя университетинин билим берүү боюнча адиси Рё Учида.

"Эгерде класста 40 окуучу болуп, алар жыл боюу бирге убакыт өткөрүшсө, ар кандай нерселер болушу мүмкүн",-деди ал.

Профессор Учиданын айтымында, Жапонияда жолдоштук бул аман калуунун негизги факторлорунун бирине айланган. Ошондуктан мунун калктын калың катмары өтө жогору баалайт. Эгерде силер аракетиңерди башкалар менен эсептешип жасабасаңар, жашап кетүү кыйын. Мындай принцип бир эле мектептерде эмес, коомдук транспортто жана башка эл топтошкон жайларда иштейт.

Сүрөттүн автордук укугуGETTY IMAGESImage captionЖолдошуң жок, мектепте сага кыйын болот

Бирок көптөгөн студенттер үчүн мындай талап чоң маселе. Алар киши толгон класстык бөлмөлөрдө, чектелген мейкиндикте классташтары менен баарын чогуу кыла берген абалда өздөрүн ыңгайсыз сезишет.

Андан сырткары Жапонияда окуучулар сабакты жакшы өздөштүрө албаса, ордунан калып, класстан көчпөй жүрө берет.

"Мындай абалда эркин мектептер сунуштаган, айталы, колдоо өтө маанилүү,-дейт профессор Учида. - Эркин мектептерде ар бир окуучунун сезимин, ойлорун баалоого басым жасалган".

Сүрөттүн автордук укугуSTEPHANE BUREAU DU COLOMBIERImage captionТамагавада сабак учуру