Просмотр содержимого документа
«Excel де матрицалар менен иштөө»
Excel де матрицалар менен иштөө
Максаты: Матрицалар менен иштөө көнүмүштөрүнө (навыктарына) ээ болуу.
1-тапшырма.
матрицасын 3 санына көбөйткүлө.
Көрсөтмө: 1) Excel дин иш таласынын А1:С3 бөлүгүнө (диапазонуна) А матрицасынын элементтерин кийиргиле.
2) Көбөйтүү амалын аткаруу үчүн А матрицасынын ар бир элементин 3 кө көбөйтүү керек, ошондуктан иш талаасынан А матрицасынын өлчөмүнө барабар болгон бөлүктү, мисалы Е1:G3 аймагын (областын) бөлүп алгыла.
3) Формулалар жолчосуна =А1:С3*3 формуласын кийирип, кийирүүнү Ctrl+Shift+Enter комбинациясы менен бүтүргүлө. Ошентип биз программага матрицанын үстүнөн амал аткаруу зарылдыгын билдиребиз. Excel биз жазган формуланы фигуралык кашаага алынган абалга келтирет:{=А1:С3*3} жана Е1:G3 бөлүгүндө берилген А матрицасын 3 кө көбөйтүүдөн алынган матрица келип чыгат (таблицаны карагыла).
| А | В | С | D | E | F | G |
1 | 1 | 2 | 3 | | 3 | 6 | 9 |
2 | 2 | 3 | 1 | | 6 | 9 | 3 |
3 | 3 | 1 | 4 | | 9 | 3 | 12 |
2-тапшырма.
жана
матрицаларынын көбөйтүндүсүн тапкыла.
Көрсөтмө: Excel программасында матрицаларды көбөйтүү мааниге ээ болушу үчүн матрицалардын биринчисинин мамычаларынын саны экинчи матрицанын жолчолорунун санына барабар болуусу керек. Матрицаларды көбөйтүү үчүн Excel программасында МУМНОЖ функциясы бар. Төмөнкү аракеттерди жасагыла:
1) А1:С3 ячейкаларына А матрицасынын, ал эми E1:F3 кө В матрицасынын элементтерин кийиргиле;
2) Көбөйтүндү жайгаша турган ячейкалардын диапазонун, мисалы Н1:I3 диапазонун бөлүп алгыла. Бул бөлүк матрицаларды көбөйтүүнүн эрежесине ылайык, биринчи матрицада канча жолчо болсо ошончо жолчону жана экинчи матрицада канча мамыча болсо ошончо мамычаны камтыйт;
3) Формулы \ fx Вставить функцию маршруту боюнча барып, Математические категориясынан МУМНОЖ функциясын тандагыла. Формулалар жолчосунда = МУМНОЖ( ) жазуусу пайда болуп, Аргументы функции диалогдук терезеси ачылат. Андагы Массив1 талаасына А матрицасынын элементтери жайгашкан бөлүктү (А1:С3 диапазонун), ал эми Массив2 талаасына В матрицасынын элементтери (E1:F3 диапазону) жайгашкан бөлүктү көрсөтүп, Ок кнопкасын баскан учурда формулалар жолчосунда = МУМНОЖ(А1:С3; E1:F3) жазуусу пайда болот.
4) Формулалар жолчосуна курсорду алып келип, Ctrl+Shift+Enter комбинациясы менен чыгып кеткиле. Анда формулалар жолчосундагы жазуу фигуралык кашаага алынат да, бөлүнүп алынган участоктон матрицалардын көбөйтүндүсүн берүүчү матрица орун алат.