СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Гепатит А.В.С.D.E

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Гепатит А.В.С.D.E»

Сарык оорусунан сактануу абзел.



Сарыктын 5 түрү болот. Алар вирустуу гепатит А, Е, В, С, Дельта болуп бөлүнөт.

А, Е вирустуу гепатити идиш-аяк, жаш балдардын оюнчуктары аркылуу, адам менен адам көрүшкөн учурларда жугат. А вирустуу гепатиттин өзүнө гана тиешелүү белгиси – бул теринин сары болушу жана көздүн агынын саргайышы, зааранын түсүнүн кочкул болуп өзгөрүшү. Е вирустуу гепатит көбүнчө кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу.

Ал эми В, С, Дельта вирустуу гепатит кан аркылуу жугуучу оорулар. Эненин кош бойлуу учурунда баласына жугуп калышы мүмкүн же хирургия, стома-тологияларда инструменттер аркылуу жугушу мүмкүн.

Ошондой эле сарык оорусу өрчүшү боюнча да өзүнчө убакыттарга бөлүнөт.

Биринчи. Вирус организмге кирип отурганга чейинки убакыт. Мында жук-турган адамдын оорусуна, иммунитетине байланыштуу болуп, А, Е вирус-тары орто эсеп менен 15-20 күнгө чейин болот.

Экинчи сарыкка чейинки убакыт 10-15 күн. Бул убакытта вирустар көп бөлүнүп чыгып, башка адамдарга жугат.

Үчүнчү сарык убагы.

Төртүнчү айыгуу убагы. Адам сакайып вирустар өлүп, жакшы болуп кеткен убагы.

- Ооруну кантип алдын алуу керек?

- Ооруну алдын алуу үчүн алгач өздүк гигиенаны сактоо керек. Дени соо адамдарга оору кир колдор, вирус алып жүрүүчүлөр, булганган тамак-аштар, тиричиликте колдонулган ар кандай буюм-тайымдар аркылуу жугат. Таза жуулбаган идиштер, балдардын оюнчуктары, жашылча-жемиштер жана тер-микалык жактан (кайнатуу-бышыруу) кайра иштетилбеген тамак-аш азыкта-ры ооруну жугузуу булагы болуп саналат. Ооруну жуктуруп албайын десек, анда жогорудагы айтылган нерселерди таза колдонуу абзел.

Эгер үй-бүлөдө сарык оорусу менен ооруган адам бар болсо, бейтаптын буюм-тайымдарын, идиш-аяктарын 30 күнгө чейин хлорамин менен жууп туруу керек.





- Сарык оорусунан кантип айыгууга болот?

- Оорунун жеңил түрүндө үйдө эле дарылануу сунуш кылынат. Өзүнчө бөлмөдө төшөктө жатуу режими, сүттүү жана жашылча жемиштүү диета кармап, көп суу ичүү зарыл. Куурулган, ышталган, маринаддалган тамак-аштарды тизмеден чыгаруу керек. 6 айга чейин оор кыймыл аракеттерди азайтуу зарыл. Эгер бейтап буларды аткара билсе, анда сакайып кете алат. Оорунун оор түрүндө ооруса анда сөзсүз түрдө ооруканага жатып дарылануусу керек.

Сарыктын А түрү кир колдордун оорусу

- Сарык деген эмне, ал сарыктын А түрүнөн кандайча айырмаланат?

- Гепатит – бул вирустук оору, боор менен өт суюктугу өтүүчү түтүкчөлөргө таасир берет. Сарыктын 5 түрү бар: А, В, С, D, Е. Сарыктын А түрү башка түрлөрүнүн айырмаланып, тиричилик буюмдары бири-бири менен кол алышуу аркылуу жугат. Оору коомдук жайлардан: бала бакча, мектеп, орто жана жогорку окуу жайларында көбүрөөк жайылат. Мисалы бала бакчаларда бардык балдар бир сүлгү менен аарчынганда вирус жугат. Сарыктын Е түрү менен негизинен кош бойлуу энелер ооруйт жана вирус булганыч суулар аркылуу тарайт. Ал эми В, С, D парентералдык (кан аркылуу жуккан) түрүнө кирет. Сарыктын бул түрлөрү медициналык аспатар же сулуулук салондорунда татуаж, пирсинг, маникюр жасоодо колдонулган аспаптар аркылуу жугат. Сарыктын бул түрлөрүнүн айырмачылыгы жыныстык жол менен жукканы.

-Кандай белгилердин негизинде А гепатити менен ооруганын билебиз?

- Көпчүлүк бейтаптарга алгач КРВИ (курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар) диагнозун коюшу мүмкүн, себеби сарыктын А түрү менен ооруганда сасык тумоодой өтөт же бут, муундар, сөөктөр какшаган оорулар менен коштогон артларингиттик варианттары бар. Сарыктын А түрүнө мүнөздүү болгон дененин саргаюсу ал учурда билинбейт. Бул учурда бейтаптар ооруну таратуучу болот. Ошондуктан көп учурда денеси саргарганда гана ооруканага кайрылышат.

- Мындай белгилерди байкаганда бейтаптар кайсы дарыгерге кайры-луулары керек?

- Инфекционист-дарыгер кайрылууга тийиш. Дарыгер аны аныктайт. Кээ бир оорулар дененин саргайышы менен коштолот, бирок алар жугуштуу оорулардын катарына кирбейт. Буларды мисалга алсак, өт оорулары, өттө таш пайда болуп, суюктук өтүүчү түтүкчөнү бүтөп.

- Сарыктын А түрү менен ооруганда атайын диета кармап жана дарыла-нуу учурунда өзгөчө мүнөзүн кармануу зарылбы?

- Сарыктын кайсы түрү болбосун, ооругандан кийин диета менен режимди сактоо керек. Муну биз базалык терапия деп атайбыз. Диета - бул №5 столу. Бейтап куурулган, майлуу жана ачуу тамактарды жебеш керек. Эгер бейтап сарыктын А түрү менен ооруп айыккан болсо, жогорудагы диетаны 6 ай сакташы керек. Диета менен режимди туура сактаса боор 6 айдан кийин калыбына келет.



- Үй-бүлө мүчөлөрүнү бири сарыктын А түрү менен ооруп калса эмне кылуу керек?



- Бейтаптын оорусу аныктаган күндүн эртеси дароо бардык үй-бүлө мүчөлөрү дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүшү керек.

- Канча убакыттан кийин оорунун алгачкы белгилери байкалат?

- Сарыктын А түрүнүн инкубациялык мезгили жэ өөрчүү учуру 1 айды түзөт. Ушул учурда дарыгердин көзөмөлүндө болуу керек.



- Сарыкты А түрүнө эмдөөлөр барбы?



- Кыргызстанда эмдөө вакцинасы бар, бирок эмдөө графиги жок, себеби вакциналар кымбат. Бирок калктын көпчүлүк бөлүгү жеке медициналык клиникаларга барып эмдөөлөрдү алышат.

- Сарыктын А түрүн жуктуруп албаш үчүн кандай алдын алуу иштерин жүргүзүү керек?

- Сарык – бул кир колдордун оорусу, ошондуктан эӊ биринчи колду жууш керек. Сөзсүз түрдө санитардык нормаларды сактоо, идиш-аякты, жашылча -жемиштерди таза жууп колдонуу абзел. Эгер жакындарыӊыздын бирөө ооруп калса дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Келечекте кыйынчылыктарын тарпаш үчүн өз алдынча даарылануу болбойт. Себеби, боор организмдеги жеген тамактарды чыпкалоочу бир эле орган болуп эсептелет.