СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кара буудай маалыматтар

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

КАРА БУУДАЙ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР

Просмотр содержимого документа
«Кара буудай маалыматтар»





Кара буудай

Secale cereale

Кара буудай (Secale) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жана көп жылдык чөп. Кара буудайдын 13 (жапайы жана эгилме) түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү кезигет. Кичи жана Борбордук Азия, Иран, Афганстан, Закавказье жана Африканын түштүгүндө өсөт; 1 түрү буудайдын отоо чөбү катары Кавказ, Кичи жана Борбордук Азияда белгилүү; эгилме 1 түрү Түндүк Жарым шардагы өлкөлөрдө өстүрүлөт. Кара буудайдын мекени – Кавказ, Кичи жана Борбордук Азия. КМШ өлкөлөрүндө негизинен РФте (70%), Украинада (12%), ошондой эле Балтика боюндагы республикаларда, Казакстан, Грузияда эгилет. Кара буудайдын күздүк жана жаздык сорттору бар. Күздүк сорту көп эгилет. Тамыры негизинен топурактын үстүнкү катмарында жайгашкан, айрымдарыныкы 2 м тереңдикке чейин жетет. Сабагы көңдөй, бийиктиги 110–180 см, 6–7 муунактуу. Топ гүлү – татаал машак, эки жыныстуу. Даны кабыксыз, түсү көк, боз, кээде күрөң же сары. Күздүк Кара буудайдын вегетация мезгили 120–150 күнгө созулат. Үрөнү 1–2оС жылуулукта өнүп, 4–5оС өсүп чыгат. Кара буудай суукка жана кургакчылыкка байымдуу. Башка эгиндерге караганда топуракты көп тандабайт. Бирок кара топурактуу жерде мол түшүм берет. Данында 18,0%и белок, 69,1%и углевод, 1,8%и май, В , В , Е, РР витаминдери жана А провитамини бар. Уну нанга, акшагы жана улпагы жем катары пайдаланылат, ошондой эле спирт жана крахмал өндүрүшүнө жумшалат. Наны жыттуу, жегиликтүү, сиңимдүү келет. Кара буудай көк кезинде сапаттуу тоют катары, саманы кагаз, целлюлоза жана башка жасоого жумшалат, малга төшөлөт. Жапайы түрү селекция ишинде колдонулат. Кара буудай менен буудайды аргындаштырып, сапаттуу тритикале гибриди алынган. Кыргызстанда чыгарылган Кыргыз 1 сорту Ош облусуннда, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, ал эми буудай-Кара буудай гибриди – Немига 2 Ысык-Көл өрөөнүндө тоют катары айдалат.