Сабактын темасы: Химиялык теӊдеме.
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар “химиялык элемент” – деген термин менен таанышат. Заттардын көп түрдүүлүгү менен таанышат. Химиялык элемент жөнүндө маалымат алышат. Химиялык элементтердин белгилерин жазууну үйрөнүшөт. Химиялык элементтердин көп түрдүүлүгү жана алардын түрлөрү менен таанышат.Химиялык элементтердин латынча аталышын, окулушун, жазылышын окуп үйрөнүшөт. Химиялык белги, химиялык формула, химиялык теӊдемени жазууну үйрөнүшөт.
Просмотр содержимого документа
«Химиялык тендеме»
8
-кл. Химиялык теӊдеме.
Сабактын темасы: Химиялык теӊдеме.
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар “химиялык элемент” – деген термин менен таанышат. Заттардын көп түрдүүлүгү менен таанышат. Химиялык элемент жөнүндө маалымат алышат. Химиялык элементтердин белгилерин жазууну үйрөнүшөт. Химиялык элементтердин көп түрдүүлүгү жана алардын түрлөрү менен таанышат.Химиялык элементтердин латынча аталышын, окулушун, жазылышын окуп үйрөнүшөт. Химиялык белги, химиялык формула, химиялык теӊдемени жазууну үйрөнүшөт.
Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар химиялык элементтин түрлөрүн ,химиялык элементтин белгисин жазууну окуп үйрөнүү менен заттардын касиетин айтып бере алат;
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак
Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: синквейн, топ менен иштөө ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.
Сабактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)
Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
“ Теӊдеме” - деген сөзгө кандай түшүнөсүӊөр?
(жооптор окуучулар менен бирдикте талкууланат)
Теӊдөө;
Куржундун эки жагын теӊдөө;
Таразанын эки табагын теӊдөө;
Т
еӊдемени теӊдөө ж.б.
“ формула ” - деген сөзгө кандай түшүнөсүӊөр?
Мугалимдин билдирүүсү: Демек заттын курамын белгилер, коэфиценттер, индекстер менен белгилөө формула деп аталат. Окуучулардын билимдери бааланып жаӊы тема берилет.
сабактын темасы берилет.
Сабак: Химиялык теӊдеме.
Мугалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар менен бирдикте текст менен иштешет.
Текст: ( 5мин убакыт берилет)
Теӊдеме жазууда төмөнкү эрежелерди эсиӊерге сактагыла!
1
.Теӊдеменин сол жагына- реакцияга кирүүчү заттардын ортосуна ( +) плюс белгисин коюу менен жазуу;
2.Теӊдемеге жебе же барабардык ( ) коюу;
3. Пайда болгон заттарды жазып теӊдеменин оӊ жагына жазуу, андан кийин элементтердин валенттүүлүгүн жазуу;
4.Теӊдеменин сол жагы менен оӊ жагын коэфиценттерди коюу үчүн орток сан келтирүү ;
5. Теӊдемеге коэфиценттерди коюу;
6. Теӊдеме теӊделгенден кийин жебени ( ) барабардык ( =) менен алмаштыруу.
Окуучулар таблицаны пайдаланып 30 дан ашык химиялык реакциялардын теӊдемелерин дептерине жазышат жана ар бир химиялык теӊдемеге мүнөздөмө берүүнү үйрөнөт.
Слайддан көрүшөт.
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.