СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат 2-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат 2-класс»



Менин мекеним-Кыргызстан!

Менин мекеним-Кыргызстан!

Сабактын максаты: Ата мекенди сүйүүгө жана Ата журту менен сыймыктанууга тарбиялоо. Улут аралык достук биримдик, тынчтык – мекенибиздин өнүгүшүнүн негизги шарты экендигин кенже окуучулардын аң-сезимине жеткирүү.

Сабактын жабдылышы: Кыргызстандын картасы, герб, ГИМН жазылган сүрөттүү, обондуу видео фильм, Мекендин жаратылышын чагылдырган сүрөттөр, Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттардын музыкасы жазылган кассета. А. Токтомушевдин «Булбул» аттуу жомогу (текст жана мультфильми).

Сабактагы негизги иш-аракеттер:

1. Мекенибиздин жаратылышы, Мамлекетибиздин символдору, элибиздин улут аралык достугу, ынтымагы, түрдүү улуттардын маданияты, үрп-адаты тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.

2. Мекен тууралуу ыр ырдоо, макалдардын маанисин чечмелөө, жомоктун негизги идеясын айтып берүү.

Сабактын негизги идеясы: Мекенди сүйүү, билим жана тарбия, ынтымак, улут аралык достук, окуудагы ийгилик, чың ден соолук — Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү.

Сабактын жүрүшү

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүгү

1. Уюштуруу:

Сабакка балдардын көңүлүн буруп, жакшы маанай тартуулоо.

Көңүлдөрү ачык, кунт коюп отурушат.

2. Кыргызстандын Гимни.

Видеодон коюп берет.

Орундарынан туруп, оң колун жүрөгүнүн тушуна коюп, видео менен чогуу ырдашат.

3. Бүгүнкү сабактын максаты:

Балдар! Биз бүгүн «Мекеним — Кыргызстан» деген темада тарбиялык саат өтөбүз.

Мекенди сүйүү, анын жаратылышы, символдору, улут аралык достук, окуудагы ийгилик, тартип, тарбия туралуу ой бөлүшөбүз.

4.Видеодогу

сүрөттөрдү көрүү,

ыр угуу.

Мен сыймыктанам,

Атабыз Манас эр менен,

Ак калпактуу тоо менен,

Ажайып кооз жер менен,

Суйкайган сулуу кол менен,

Баа жеткис каада-салт менен,

Сыймыктанып келебиз,

Көп улуттуу эл менен.

Ырды угушат.

  • Мугалим менен окуучунун

иш-аракети

(суроо- жооп)

1. Гимнди ырдаганда эмне үчүн колубузду жүрөгүбүздүн тушуна коёбуз?

2. Мен сыймыктанам деген ырдын мазмуну эмне жөнүндө экен?

3. Мекенибиздин жаратылышы, символдору, жөнүндө эмне айта аласыңар?

4. Мекен жөнүндө ыр, макал билесиңерби?

5. Республикабызда кайсы улуттагы элдер жашайт?

6. Кайсы улуттан досторуң бар?

(Жалпы тапшырма)

Окуучулар берилген суроолор боюнча ойлонот, оюн так, туура айтууга аракеттенет.

6. Улуттук кийим

(Жуп-жуп болуп бирге ойлонуп, оюңарды топтоп жооп берсеңер болот).

1. Кайсы улутка тиешелүү?

(Жуп-жуп болуп иштешет).

Окуучулар бири-биринин оюн угуп, бир жыйынтыкка келип айтып беришет.

7. Мугалим (окуучулардын оюна, жообуна кошулат) бышыктайт.

Туура, Балдар! Мамлекетибиздин өзүнө тиешелүү символдору, Кониституциясы, чек арасы, мамлекеттик тили бар. Мекенибиздин гүлдөп өсүшүүчүн, мамлекеттин символдорун ыйык сактап, силер жакшы билим-тарбияга ээ болуп, каада–салтты үйрөнүп, көп улуттуу эл менен достукта, ынтымакта жашап, өлкөбүздүн өнүгүшүнөөз салымыбызды кошуубуз абзел.

Окуучулар эстерине сактайт.

(ар дайым аткарууга аракеттенет).

8. Адрасул Токтомушев «Булбул» жомок

Келгиле, балдар! Ханга жардам беребиз.

1. Жомокто кимдер катышып жатат?

2. Бул жомоктун бүгүнкү сабакка кандай байланышы бар?

3. Жомок эмнеси менен жакты?

(Окуучулар жомокту угат, көрөт).

Жалпы суроого жооп беришет.

Бул жомоктун негизги максаты эмнеде?

3 топко бөлүнөт, ойлонот, ойлорун топтоп бир ойго келишет.

(топтон бирден окуучу чыгып жактайт).

9. Сабактын жыйынтыгы.

— Адам Мекенин сүйөт, булбул гүлзарын сүйөт — дегендей биз сыяктуу эле канаттуу куштар да өз мекенин сүйөт, сагынат. Жомоктун негизги идеясы мекенин сүйүп, куса болгонунда. Мекенди сүйүү бул — жакшы окуп, тартиптүү болуу. Бабалардан калган каада-салтты билүү, символдорду ыйык сезүү, эне тили менен сыймыктануу, чынчыл адептүү болуп, бардык улут менен ынтымакта жашоо.

10. «Мекеним- Кыргызстан» обондуу ыр

Баардыгын ордунан турууга өтүнөт.

Билсе кошулуп чогуу ырдашат.

11. Үйгө тапшырма

Мекен жөнүндө 1-2-куплет ыр жаттоо.

Тапшырманы эсине сакташат.

Тема:Мектеп күндөлүгү



Бул Мектеп күндөлүгү ортосундагы артыкчылыктуу байланыш куралы болуп саналат мектеп жана үй-бүлө. Окуучуга өзүнүн иш-аракеттерин уюштурууга мүмкүнчүлүк берет, ал эми ата-эне дайыма баланын мектеп жумуш.Студент алып келиши керек Мектеп күндөлүгү чейин мектепжана андагы үй тапшырмасын жаз.

Ошого жараша мектеп күндөлүгүн кантип жүргүзөсүз?

Кадамдар
  1. Кичинекей күндөлүк тандаңыз. Муну иш тактаңызга жашыруу жана кармоо оңой болот.

  2. Ишиңиз бүткөндө, танаписте жана түшкү тамак маалында жазыңыз.

  3. Жазуу учурунда күндөлүгүңүздү үстөлүңүздүн үстүнө коюп, колуңуз менен ороп алыңыз.

  4. Сабак учурунда (мугалим карабаганда!)

Мектептин күндөлүгүнө жазууну кантип баштоо керек? 2-бөлүк Жеке жазууларды түзүү

  1. Датаны бурчка же биринчи сапка жазыңыз.

  2. Ар бир жазууну бир теманы эске алуу менен баштаңыз.

  3. Кааласаңыз "Урматтуу күндөлүк" менен ачыңыз.

  4. "Мен" деген сөздөрдү колдонуп, биринчи жак менен жазыңыз.

  5. Жазууларыңызда чынчыл болуңуз.

  6. Грамматика жана орфография жөнүндө көп кабатыр болбоңуз.

Буга байланыштуу күндөлүктү кантип натыйжалуу колдоносуз?

үчүн колдонуу а күндөлүк, аны жаныңызда алып жүрүңүз жана жашоого жетиш үчүн күн сайын жок дегенде 10 мүнөт жазууга аракет кылыңыз. Киргизүүнүн башына датаны жазуу менен баштаңыз, андан кийин жашоодогу негизги окуяларды, күнүмдүк деталдарды, сезимдериңизди, кыялдарыңызды, аткарыла турган иштердин тизмесин жана башка каалаган нерселерди жазыңыз.

Күндөлүк жазууну кантип баштайсыз?

Күндөлүк жазууларды жазуу
  1. Эмне жөнүндө жаза турганыңызды ойлонуңуз.

  2. Өзүңүзгө суроолорду бериңиз.

  3. Жоопторуңду жаз.

  4. Формат тандаңыз.

  5. 5. Аларды башкача кылыңыз.

  6. Жазып жатып өзүңө катуу тийбе.

  7. Ойлоруңузду иретке келтириңиз.

  8. Чыгармачылык ширеңизди агып алыңыз







Тема: Окуучунун күндөлүк режими

Сабактын тиби: Жаңы билимди калыптандыруу сабагы

Сабактын формасы: топто, жекече иштөө

Сабактын методдору: аңгемелешүү,түшүндүрүү, суроо-жооп,көрсөтмөлүүлүк

Сабактын жабдылышы:окуу китеби, сүрөттөр

Сабактын максаттары

Көрсөткүчү

Билим берүүчүлүк

Күндөлүк тартип жөнүндө анан аткаруунун мааниси жөнүндө түшүнүк алышат.Күндөлүк режимдин пайдасы жөнүндө билишет

Күндөлүк тартип жөнүндө анан аткаруунун мааниси жөнүндө түшүнүк алышса.

Күндөлүк режимдин пайдасы жөнүндө билишсе.

Өнүктүрүү

чүлүк

Күндөлүк режим сактай билүүгө көнүктүрүү. Ой жүгүртүүсү, сүйлөө кеби өсөт.

Күндөлүк режим сактай билүүгө көнүктүрүү. Ой жүгүртүүсү, сүйлөө кеби өссө.

Тарбия

берүүчүлү

Тыкандыкка, тартипке, тазалыкка,эрктүүлүккө тарбияланышат.

Тыкандыкка, тартипке, тазалыкка,эрктүүлүккө тарбияланышса.




Сабактын жүрүшү


Сабактын этабы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Баалоо




Уюштуруу:

Мугалим окуучуларды сабакка даярдап, жагымдуу маанай түзөт.

Окуучулар жагымдуу маанай түзүүгө катышат, ага жардам беришет. Бири-биринин жакшы сапаттарын айтышат.

Ыраазы

чылык билди

рүү


Үй тапшырма

ны суроо

Ден соолук боюнча сурайт.

Ден соолукка өн жана терс таасир этүүчү жагдайлар жөнүндө сурайт

Суроолорго жооп берип, түшүнүк айтышат.

мактоо


Жаңы темага өбөлгө

Бир күндүн тартиби деген эмне?

Күндөлүк режим керекпи? Эмне үчүн?

Суроого берилген жоопторду угуу

мактоо


Жаңы тема
































Күн тартиби бул күнүгө жасала турган иштердин убакытка карап бөлүштүрүлүшү. Ар бир адамдын күн тартиби болушу керек. Күн тартиби силердин туура өсүшүңөргө,ден соолугуңардын чың болушуна, эрктүүлүккө тарбиялайт, тартипке үйрөнүүгө жардам берет.Күн тартиби силердин ден соолугуңарга, жаш өзгөчөүгүңөргө жараша түзүлүшү керек. Анда ар кандай иш аткаруунун, уйку менен эс алуунун, анын ичинде таза абада сейилдөө мөөнөтү, убагында тамак ичүү,өздүк гигиена эрежелерин сактоо белгиленет. Күн тартибин сактоого кичине кезибизден эле үйрөнүшүбүз керек. Белгилүү бир убакта уктоого, тамактанууга, ойноого, сейилдөөгө, ата-энеге жардам берүүгө, сабак окууга үйрөнүшүбүз керек. Бул силердин чоңойгон сайын тартипке, тыкан болууга үйрөтөт.

Тимурдун бир күндүк тартиби менен таанышышат.

Сүрөт бөюнча маектешишет.

Угушат,суроолорго жооп берип, маектешишет















































Сүрөттөрдү карашып, маектешишет.















Бышыктоо










Ар бир окуучу өзүнүн күн тартиби жөнүндө айтып берет.

Бир күндүн тартиби эмне үчүн керек?

1-топ. Кластер түзүшөт.

2-топ. Стикер аңгеме жазышат

3-топ. Күн тартиби сакталбаса эмне болот? Стикер аңгеме.

Айтып беришет.





Топтордо иштешет.



Мактоо













Жыйынтыктоо



Баалоо



Уй тапшырма

Топторду баалоо

Окуучуларды билим деңгээлине жараша баалайт.




Уйго тапшырма:Менин күн тартибим, сүрөт менен чагылдыруу.









Үй тапшырма алышат.

Бири-бирин баалашат.











Тема: Китеп билим булагы,китеп билим чырагы

Сабактын максаты: окуучуларды китеп окууга, китепти суйууго багыттоо.

Сабактын жабдылышы: Ноутбук, ватман, маркер, адабий китептер, суроттор ж.б

Китеп жонундо видео ролик корсотулот.

Илим, билим адамга, улутка кут алып келуучу улуу мулк. Адам жашоосунда ага эзелттен терен баа берип келген «билим адамга канат», «билими кучтуу минди жыгат», «илим окуу булагы,билим омур чырагы»- демекчи азыр жаштар копчулугу китепке кайдыгер карап, соц тармактардын кулу болуп, китепканаларда китеп окуган жаштар азайгандан азайып бараткандай. Китеп адамдын чыныгы досу жана окутуучусу, акылдуу кенешчиси жана ишеничтуу жардамчысы, андыктан жаш кезибизден тартып китеп биздин талыкпаган жандоочубуз болушу керек.

«Китеп- адамдардын руханий байланышындагы коонорбос коронгонун бири, ал адамды оз башатына баш багууга ,жан дуйносунун сырдуу туйундорун чечууго, учурдагы , откондогу жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жургузууго туртку берет. Китеп- адамдарды байланыштырат»- деп улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов да эскертип кеткен.

«Китеп билим булагы», « Китепсиз бардык тармактагы илим, билимди билу таануу ото кыйын»- демекчи кайсы онуккон олкону карабайлы баардыгы китеп канага барып китеп окуу алардын кунумдук жашоосунун бир болугу. Алар китеп окуу менен эбегейсиз жетишкендиктерге жетишип, кыйынчылыктарды акылдуулук менен чечип,оз олкосун экономикасын кучтуу, гулдоп онуккон олкону билим алуу менен, китеп каналардан китеп окуу менен туптоп жатышпайбы.

КИТЕП окуунун пайдасы.

1.Китеп окуу стрессти азайтат.

Башынызды чыналткан булл оорчулукту жойуу китеп окуу менен андан да женил болорун аныкташкан.

2.Уйкусуздуктан арылтат.

Китеп окуу – эс алуунун жана уйкуга жакшы камынуунун эн жакшы багыттоочусу.

3.Акылынызга акыл кошот.

Корком чыгармаларды окуу мененадам жашоону, айланасындагыларды туура тушунууго калыптанат.

4.Мээнин иштоосун жакшыртат.

Окуу менен мээнин нерв байланыштарынын саны физиологиялык денгээлде кобойорун аныкташкан.

5.Депрессияны айыктырат.

Оор абалдан кутулууда бир жыл бою китеп окуу менен алек болгон оорулардын абалы китеп окубай дарыланган ооруларга салыштырмалуу кыйла жакшыргандыгын практика коргозгон.

6.Китеп окуу менен кызыктуу адамга айланасыз.

Жогорку интеллектуалдык денгээл сизди айлананызга кызыктуу кылып корсотот.

7.Китеп окуу жашоого максат коюга комоктошот.

Коп окуган адам максаттарды так кое билуу менен бирге кыйынчылыктарданоной кутула алат жана суйууго бай келет.

8.Коп окуган адам жигердуу жашоо образына ээ болот.

9.Эс тутумду жана ой жугуртууну жакшыртат.

10.Соз байлыгынызды кенейтет.

11.Китеп окуу , жазуу шыгынызды арттырат.

12.Китепкойлуулордун куч- кубаты туруктуу болот.

13.Ачык-айрым болууга жардам берет.

14.Чет тилдерин тез оздоштурууго жардам берет.

15.Альцгеймер оорусунун алдын алат.

16.Бирге китеп окуу ата-эне менен баланы жакындатат.

17.Каржылык абалды ондойт.

18.Китеп коп окугандар аратор болушат.

Ватманга китеп жонундо кластер тузулот.

Окуучулар китеп жонундо макал –лакаптарды жана учкул создорду айтышат.

Бышыктоо максатында талкуу жургузуп, туура жыйынтык чыгарышат.

Үй тапшырма: Адабий китептерди окуу.





























Сабактын темасы: Билимдүү болсоң – өсөсүң, билимсиз болсоң осолсуң.

Сабактын максаттары:

Күтүлүүчү натыйжалар:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар билимдүүгө дүйнө жарык экендигин, билим тууралуу макалдардын, учкул сөздөрдүн маанисин түшүнүшөт;

билимдүүгө дүйнө жарык экендигин, билим тууралуу макалдардын, учкул сөздөрдүн маанисин түшүнүшсө;

Өнүктүрүүчүлүк: илим-билим алууга умтулуу керектигин, билимдүү адам кор болбостугун ар дайым сый үстүндө болорун билишет.

илим-билим алууга умтулуу керектигин, билимдүү адам кор болбостугун ар дайым сый үстүндө болорун билишсе;

Тарбиялык: Окуучулар бирин-бири сыйлоого, бирөөнүн пикирин уга билүүгө көнүгүшөт, алептик сапаттарын калыптандырышат.

бирин-бири сыйлоого, бирөөнүн пикирин уга билүүгө көнүгүшсө;

Сабактын жабдылышы: Билим тууралуу макалдар, учкул сөздөр, таркатмалар, ватман, маркер, проектор.

Сабактын негизги иш-аракеттер: диалог, дискуссия, аңгемелешүү, окуу, топтордо иштөө.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу. Доскага тема жазылат, Билим тууралуу макалдар, учкул сөздөр илинет:

Билим алуу-ийне менен кудук казгандай.

Окубаган бир бала, окуса эки бала.

Окуу-билим азыгы,
Билим-ырыс казыгы.

Билим башы-мээнет.

Билимдүүгө дүйнө жарык,
Билимсиздин күнү карып.

Көзү жок, кулагы соонун,
Акылы толот.
Кулагы жок, көзү соонун,
Акылы соолот.

Жердин көркү-эгин,
Эрдин көркү-билим

Билим – ырыстын тизгини.

Өнөр-агып жаткан булак,
Илим-жанып турган чырак.

Билимдүү өлсө,
Кагазда аты калат.
Уста өлсө,
Иштеген заты калат.

Китеп-алтын казына.

Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.

Тилиң менен жүгүрбө, билимиң менен жүгүр.

Илим-деңиз, билим- кайык.

Алтын алба, билим ал.

Жети элдин тилин бил,
Жети түрдүү билим бил.

Китеп, илим-тилсиз мугалим.

Билегиңе ишенбе, билимиңе ишен.

Экпей эгин чыкпас,
Үйрөнбөй билим жукпас.

Билим оошот,
Ырыс жугушат.

Билимдүү таап айтат,
Билимсиз каап айтат.

Билбегениңди кишиден сура,
Улуу жок болсо кичиден сура.

Акыл-дарыя,
Ой-деңиз.

Күч-билимде, билим китепте.

Билим каухар-баасы жок
Наадандык кесел-дабасы жок.

Түшкө чейинки өмүрүң болсо,
Кечке чейинки билим жый.





  1. Мугалим: силер билим алып, эл керегине жароо, ата-эненин ишеничин актоо үчүн мектепке келесиңер. Доскадагы “Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүу бирди жыгат” деген макалды окудуңарбы? Кандай деп ойлойсуңар билимдүү адам кантип миң адамды жыгат, билим албай жүргөндөр миң адамды жыга алабы? Сөз кандай мааниде айтылып жатат?

Окуучулар мугалимдин суроосуна жооп беришип, тема жөнүндө өз ойлорун ортого салышат. Окуучулардын эркин сүйлөөсүнө мугалим шарт жаратыш керек.

  1. Мугалим доскага илинген макалдардын ар бирине токтолуп, окуучулардан алардын маанисин сурап, класста талкуу уюштурат. Макалдарды дептерлерине жазып алышат.

4.

«2» МЕНЕН ЭМИЛБЕК

Эмилбек, Эмилбек,

Эбелектей жеңилбек,

Биздин берген суроого

Жооп берет мындай деп.

Кырк алтынчы жыл кетти,

Кырк жетинчи жыл жетти,

Жарым жылдык белгиңиз,

Кандай экен билели.

- «2»иң канча?

- жети!

- «4» үңчү?

- Эки.

- «3» үң канча?

- «3» үмбү...

Үчүм...

Таң...

Эсимен чыгып кетти,

Айтор

Төртпү... Бешпи...

- Тартибиңчи?

- Тартибимби...

Тартиптен:

«1» жок,

Эмесе «1» берет элек дешти:

Андыктан,

Андан да «2».

- «5» иң канча?

- «5» им...

Тиги... тиги...

(Башын тырмап) «Ж» ны «Ш» кылып

(Мурдун тартып) «5» им «Шок» деди.

(Окуучулар ролдоштуруп окушат)

Үйгө тапшырма: А.Осмоновдун ырларынан, макалдарды жаттап келүү.









Сабактын темасы:  Сүйлөшүү маданияты

Сабактын максаты:

  1. Суйлошуу маданияты жонундо ой жугурто билууго багыт берүү

  2. Адам оз жашоосунда ар дайым маданияттуулукка умтулуу керектигине ынанат.

  3. Адептуулукко, озундо жакшы сапаттарды онуктурууго умтулууга тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Суроттор, иллюстрациялар.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу

Класстын санитардык абалына, окуучулардын маанайларына конул буруу.

  1. Киришуу учун суроолор.

    • Телефонунар барбы? Ким менен суйлошосунор?

    • Маданият деген эмне?

  2. Жаны теманы баяндоо.

"...Азаматтын жакшысы - азыраак сүйлөп, көп тыңшайт" 

(Угуу жана сүйлөө маданияты жөнүндө)

Жапон элинде: "Сүйлөгөнгө караганда уккан кыйын" деп айтылат. Бул демек, сүйлөгөндү уккан кишинин маданияты жогору дегенди билдирет. Ал эми гректерде чечендик маданият "ынандыруу маданияты" катары талкууланат да, сүйлөп жаткан адам угуп жаткандарды айтып жаткандарына ынандыра алышы керектиги айтылат. Чечендик - бул аудитория менен чечендин ортосундагы мамиле эмеспи.

"Эгерде сен сүйлөп жатканда, угуп жаткан адам саатын караса, ал бир жакка шашып, сенин тезирээк сүйлөп бүтүшүңдү каалап жатканы; эгерде эки жакты карап жаткан болсо, сенин сөзүң аны анчалык деле кызыктырбаганы; эгерде эки колун көкүрөгүнө алып, же бөйрөгүн таянып турса, тоготпой жатканы; эгерде сен сүйлөп жатканда угуп жаткан адам, "бул фактыларды кайдан алдың" деп сенин сөзүңдү бөлсө, анда ал сенин маегиңе ишенбей жатканы... ж.б. деп айтылат угуу жана сүйлөө маданияты жөнүндөгү усулдук китептерде.

Ал эми азыркы учурда адамдар бетме-бет суйлошкондон да кобуроок

телефондо суйлошушот. Ошондуктан телефондо суйлошуу маданиятын

билишибиз керек.

Телефондо суйлошуу этикасы:

    • Баарынан мурда мүмкүн болушунча сылык болгонго аракет кылуу керек.Коңгуроону угар замат трубканы алганга шашыл. «Алло» деген сөздү айтуу менен бирге саламдашканды унутпа.

    • Эгер сенден кимдир бирөөнү чакырып коюуну суранса, анда «Бул ким?», «Эмне үчүн керек?» деген сыяктуу суроолорду берүү таптакыр туура эмес. Ал ким экенин жана эмне деп айтып коюу керектигин чакыруучу тарап өзү айтат.

    • Телефонду эч качан эсте калган номер боюнча чалба. Балким туура эмес болуп калат.Эгер туура эмес түшүп калса, «Бул кайсы номер, мен кайда түшүп калдым?» деп айтуу адепсиздик. Жөн гана кечирим сурап коюу абзел.

    • Коомдук жайларда унунду бийик чыгарып, жанындагыларды эске албай суйлошуу да туура эмес. Кечирим сурап, кийин суйлошууну сунуш кылууга болот. Эгер ото зарыл чалуу болсо, сыртка же четирээке отуп суйлошууго болот.

    • транспортто да ушуларды эске алуу менен зарыл чалуу мезгилинде гана айланадагылардан кечирим сурап, акырын суйлошууго аракет кылуу керек.

  1. Бышыктоо.

    • Силерге уккан жагабы же суйлогонбу?

    • Суйлошуу маданияты жонундо тушунугунорду айтып бергиле.

    • Телефондо суйлошуу этикасы жонундо айтып бергиле.

  2. Жыйынтыктоо.

Мен маданияттуу инсанмын деген адам баардык жагынан маданияттуу болуш керек. Уй булоодон баштасак. Ата-эненин бири -бирине болгон мамилеси сылык, урматтоо, сыйлоо болсо, акырын суйлошуп, бири-биринен кечирим суроону билишсе алардын балдары да ошондой болуп чоноюшат. Уй булоодо жарышып суйлошпой биринин созун баары угуп, соз берип суйлошуу. Уйдо уйронгонунорду мектепте да оркундотуп, маданияттуу инсан болуп чоноюуга аракет кылгыла.







Сабактын темасы : Түшүм майрам- ырыс майрам

Сабактын максаты:

- окуучулар түшүм майрамы тууралуу маалымат алышат

- Күз берекелерин айта алышат

- Мөмө жемиштердин ар биринин пайдалуу жактарын айта алышат

Сабактын жабдылышы:

Сары жалбырактар, мөмө жемиштер ( алма анар, жүзүм, жангак ж.б

Ватмандар, клей, кайчы, маркер ж.б

Сабактагы негизги иш аракеттер:

Диалог, дискуссия, ангемелешүү, тоитордо иштөө

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Уюштуруу иштери,. Класстагы окуучуларды мугалим 6 топко бөлөт. 1-топ «Алма», 2-топ «Жангак», 3-топ «Ѳрүк» , 4-топ «Жүзүм» 5-топ «Дарбыз» , 6-топ «Коон» деп аталат. Ар бир топко бирден ватман, бир нече жалбырак, клей, кайчы, маркер берилет. Убакытты белгилеп топторго жалбырактардан куз мезгилинин бир көрүнүшүн жана топтун атын чагылдырган сүрөт тартууга тапшырма берилет. Окуучулар жалбырактарды кыркып, ватманга жабыштырып , чыгарма жаратыш керек.

2-кадам: убакыт бүткөндөн кийин топтор өз чыгармаларын жактоого чыгышат. Ар бирине кол чабышып , кубаттап турушат. Эн жакшылары мугалим тарабынан бааланат.

3-кадам: «Күз мезгили силерге эмнеси менен жагат?» деген суроо менен окуучуларга кайрылам. Окуучулардан жооптор алынып , кызуу талкуу жүрөт.

4-кадам: Мугалим куз жөнүндө ырды окуп берем. Окуучулар да көрктүү окушат. Эмне үчүн күздү жоомарт дешет?

Окуучулар өз ойлорн айтып жооп беришет

Жоомарт күз

Жоомарткуз берекесин төгүп турат,

Жер эне балдарына белек сунат

Элимдин курсагы ток бейкутчулук

Жаш балдар көнүлү шат оюн курат




Мээримге берекеге толгон күзүм

Коон, дарбыз, анар, алма, албан түшүм

Тандырга апам жабат ысык нанын

Айылды өрдөп кетет ачуу түтүн




Кочушу толуп кызылга атакем жүрөт кубана

Жайлата баккан эгиндин түшүмүн жыйнап убара

Боекчу күзүм баарына жаны түс берди карачы

Алтын түс алып заматта өзгөрдү жашыл тукаба.

5-кадам: Улукбек Оиокеевдин «Кеч күз» деген ыры менен сабак жыйынтыкталат

Кеч куз

Кээде ачык, кээде асман түнөрүнкү

Тоо жактан суук тарткан илеп келет

Кун дагы баштагыдай ачууланбай

Мемиреп жылуу салкын нурун төгөт




Чокулар аппак кардан калпак кийип,

Сарыга алмашылган жашыл кымкап

Куураган бак башында жалбырактар

Дирилдеп чакыргансыйт колун булгап




Тунжурап тиктеп койуп алды жактан

Аралап бара жаттым калын бакты

Кечээ эле көк шиберди араласам

А бугун кечип барам жалбыракты




Аппак кар жака көздөй энкейишип

Айлана суук тартып барат улам

Шамалга кайып учкан жалбырактын

Тушумун сугум арта карап турам




Конур куз уста белем бак –даракты

Түркүн түс бойокторго боеп койгон

Күрөнү , кызылы бар кээси сары,

Кээ бири саргая элек жашыл юойдон.

Уйго тапшырма: окуучулар мөмө жемиштер жөнүндө ырларды , табышмактарды жазып жаттап келишет





Сабактын темасы: Карысы бардын-ырысы бар

Сабактын максаты:

  • Балдар карылардын коомдогу, үйдөгү орду жөнүндө түшунүк алышат;

  • Карылардын кеп-кеңеши дайыма керек экедигин билишет;

  • Кары адамдарды сыйлоого, дайыма аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө үйрөнүшөт.

Сабактын методу: интерактивдүү, эссе.

Сабактын жабдылышы: доска, бор, карточкалар, макал-лакаптар, тексттер, сүрөттөр ж.б.

Сабактын тиби: жаңы билим берүү.

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу

  • Топторго бөлүү

  • Текстти окуп, долбоор түзүү, жактоо

  • Макал-лакаптарды айтып, талдоо

  • Суроолор менен иштөө

  • Ыр

  • Жыйынтыктоо (кластер)

  • Үйгө тапшырма

Сабак: Балдар, карылар – эң ыйык адамдар. Биринчиден алар бизди өстүргөн ата-энелерибизди жарык дүйнөгө алып келип, бапестеп багып өстүрүшкөн, биздин ата-энелерибиз азыркы кезде бизди багып, окутуп өстүрүп жатышат. Өз ата-энесин карыганда ага кам көрүп, ден-соолугунун чыңдыгын текшерип, тамак-ашын бапестеп берип, кийим-кечегинен кем кылбай багуу, алардын кеп-кеңешин угуу ар бирибиздин милдетибиз. Бул адам баласынын жашоосунда муундан муунга өтө турган кубулуш.

Күмүш сакалдуу аталар, ак жоолук салынган мээримдүү чоң энелер төрүбүздүн көркү эмеспи. Карылар – үйдүн куту деп да бекеринен айтылбаса керек. Себеби , карысы бар үйдүн ырысы бар, алар өздөрүнүн кеп-кеңешин айтып дайыма уул-кыздарына, неберелерине жакшы жашоого, түз жүрүүгө багыт берип, тарбиялап турат. Бул болсо жаштардын турмушта өз ордун табууга чоң жардам болот. Элибизде кеп бар эмеспи: «Көптү көргөн көп билет» деген, алар өздөрүнүн турмуш жолунда баштарынан көп кыйынчылыктар, жетишкендиктер, ийгиликтер, окуяларды өткөргөн. Ошонун негизинде көп тажрыйба топтоп алышкан. Ошондуктан карыялардын кеңештери бизге абдан жардам берет. Атам замандан бери эле биздин кыргыз эли улуу адамдарга сый урмат көрсөтүшүп, аларга таазим кылып, алдынан кыя өтпөстөн баш ийип салам айтып келишкен. Ак дасторконду жайып, даамдуу тамак-аштар менен ысык чай узатуу өзүнчө эле сыймык эмеспи. Биз аларды урматтап, сыйлашыбыз керек. Алар биздин туугандырбыз! Аларды сактагыла!







Балдар төмөнкү ырларды көркөм окушат.



Бир айылдын балдары

Бир көчөгө чогулду

Ким ардактуу ким үчүн?

Деген суроо коюлду

Эч ким оюн айта албай

Карай берди ар жакты

А мен үчүн бир гана

Атам апам ардактуу.



Бир эли бөксөрбөгөн сөз үрөнү

Казына карылардын көкүрөгү

Өткөн күн жаңы заман ортосунда

Сөз менен куруп турат көпүрөнү



Атанын өзү турсун аты да ыйык

Муундан муунга өтүп урматталат

Сүрөтү да өзү жокто бизди дайым

Аталык ыйбат менен карап турат.



Күндүр-түндүр көтөрүп

Мээрим төгүп өстүргөн

Апам мени бапестеп

Эрезеге жеткирген.



Балдар силер карыя, чоң ата, чоң апа, тайэне, тайата деген сөздөрдү укканда эмне жөнүндө ойлоносуңар? (Эссе жазышат)

Эссени окугандан кийин эки группага текст таратам. Текстти окуп чыгып, ватманга сүрөт аркылуу чагылдырат, жакташат.

Аңгеме



Акылдуу карыя

Илгери өткөн заманда деңиз жээгинде ынтымактуу эл болуптур. Алардын калыстыкты как жарган ханы өлгөндөн кийин ордуна каардуу хан келет. Ал бардык мыйзамдарды өзгөртү, алардын арасына шаардагы 60 жаштан ашкан карыялардын башын алып салуу буйругун киргизет. Ынтымактуу калк айласы кетип акыры макул болууга аргасыз болот. Ошентип хан карыган адамдардын башын жашы улгайган сайын эле алдыра берет.

Күндөрдүн бир күнүндө айылдагы эң акылдуу карыяга кезек келет. Анын акылдуу уулу атасын сандыкка салып эч бир жанга көргөзбөй багат. Ал аңгыча хандан буйрук келет. Суу жээгинен алтын кумураны көрөт да бардык жаш балдарды чогултуп алып мындай : «Эгерде кимде ким ушул кумураны таап чыкпаса башын алам » дейт. Күндөр өтүпайлар өтүп акылдуу балага да кезек келет. Ал атасынан акыл суроого барат. Атасы чечкмндүүлүк акылы менен ал алтын кумура сууда эмес ал жанындагы чынардын башында күнгө чагылышып суудан көрүнөт дейт. Карыянын баласы атасы айткандай эле чынарга чыгып караса кумура илинип туруптур. Алтын толгон кумураны алып хандын алдына барат.

Хан жигитке ыраазы болуп ага тилеген тилегиңди айт дейт. Жигит атасынын картаң болсо да акылдуу экенин жана карыялардын бир эл үчун аябай керектүү акылманы болоорун айтып, атасынын жана жалпы эле ошол айылдын карыяларынын өмүрүн сурап калган экен.

Хан болсо ушуга чейин канча деген балдар барып таппай, өмүрү кыйылды, демек карыялардын кеңеши, акылы жакшы турбайбы деп ойлонуп калган экен.

Акылсыз уул

Илгери өткөн заманда бир айылда Кадыр аттуу бала жашаптыр. Ал өз ата-энесин өмүрүндө сыйлаган эмес экен. Ал гана эмес катуу сөзү тийип, кээде колу да тийчү экен. Бир күнү болбогон бир иш менен атасы менен урушуп кетип, бир чоң дөбөнүн үстүнө жеткенде атасын аябай сабап коюптур. Көргөн эл жерге түкүрүп, баланы аябай жаман көрүшөт. Күндөр өтүп Кадыр өзү да балалуу болот. Баланын атын Тилек коёт. Тилек да өз атасындай болуп, ата-энесин сыйлабаган бала болуп чоңоёт. Бир күнү атасы менен урушуп кетип, баягы дөңдүн үстүндө Тилек атасы Кадырды уруп жатканын эл көрүшөт.Ошондо бул окуяны көргөн кары адамдар: «Жашоонун табышмагын карасаңар, так ушул жерде мындан бир нече жыл мурун Кадыр өз атасын урду эле, эми минтип ошол окуя ны баласынан көрүп жатат» дешкен экен.

Ошондон бери эл арасында ата-энеңди кандай сыйласаң, өз балаңдан ошондой сый көрөсүң деген сөз калыптыр.

Келгиле балдар доскада илинген макал-лакаптарды окуп, кыскача чечмелейбиз.



Макал-Лакаптар:



Жаш күчү менен

Кары кеңеши менен

Жаш келсе ишке, кары келсе ашка

Ата сөзү – алтын, көнүл коюп уксаң

Ата сөзүн укпасаң, ажырайсың журтуңдан.

Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны.

Карысы бардын ырысы бар!

Заманы жакшы болсо , карысы жаш болот.

Агайындын кадырын , жалалуу болсоң билээрсиң

Ата-эненин кадырын, балалуу болсоң билээрсиң.

Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.

Кары адам – үйдүн куту.

Карысы бар үйдүн карааны чоң.

Карыга катуу айтпа, ката кетирсе жаакка чаппа.

Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү

Карылар – кагылайын үйдүн куту

Карылар кагылайын элдин куту

Жакшы сөз, кеп-кеңешин аябаган

Кадырман калайыктын уюткусу.

Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат.

Өнөр башы - аталар

Адеп башы - энелер

Карысы жок эл болбойт,

Тулаңы болбой жер балбойт

Карынын кебин капка сал

Кары билет кааданы

Карчыга алат сонону

Көрдүңөрбү балдар кыргыздын ар бир макалынын маанисинин тереңиде өзүнчө бир философия жатат, алар турмуштан алынат.



Бүгүнкү биздин майрамдык сабагыбыз да аяктап баратат. Келгиле балдар сабактан кийинки ой-толгоолорубуз менен бөлүшөлү. Даракка илинген карточкаларды алып, андагы суроолорго жооп беришет.



Жыйынтыктоо үчүн суроолор:

  1. Ата-эне бактылуу болуш үчүн сен эмне кылышың керек?

  2. Келечекте ата-эненин бактылуу, татыктуу карылыгын камсыз кылуу үчүн кандай ой пайда болду?

  3. Карылар үйдүн куту деген сөздүн маанисин чечмеле.

  4. Карылар кандай максат менен бизге акыл-кеңештерин айтышат?

  5. Акылдуу, таланттуу карыялардан кимдерди билесиңер?

  6. Бардык эле карыялар акылдуу, жакшы деп ойлойсуңбу?

  7. Өзүңдүн карылыгыңды кандай элестетесиң?

Эми Сыймык өзүнүн «Апакем» деген ыры менен апаларыбызды куттуктайт. (Сыймык ырдайт).



Мына балдар биз силер менен бүгүн Карылар үйдүн куту дегенге дагы ынандык. Демек силер жакшы тартибиңер, окууңар, мамилеңер менен ата-апаңарды, чоң ата, чоң апаңарды, тайэне, тайатаңарды сүйүнтөт экенсиңер. Силер да келечекте чоңоюп, бойго жетип үй-бүлө курасыңар, балалуу болосуңар. Ошондо ата-энеңер менен чоң ата, чоң апаңарды эстейсиңер. Турмушта туура багыт алып, ордуңарды таап, балдарыңардын сыйын көргүлө. Ал үчүн ушу мезгилден баштап карыларды жакшы көрүп, сыйлагыла. Көчөдөн көрсөңор дайыма ийилип салам бергиле, коомдук транспортто орун бошотуп берип, эгерде жардамга муктаж болсо эч качан колуңардан келген жардамыңарды аябай жакшылык кылып, бата алгыла.



Үйгө тапшырма: Чоң ата, чоң апа, тайэне, тайаталарыңардын эмгек жолу, балалык чагы жөнүндө билип, аңгеме жазып келгиле.





Сабактын темасы: МУГАЛИМ-акыл кенчи

Сабактын максаты:

1.Окуучуларга мугалим деген ким, мугалимдик кесип ардактуу,ары туйшуктуу кесип экенин тушундуруу

2.“Мугалим – акыл кенчи” экендигин далилдей алышат.    

3.Талыкпастан изденип, окуучуларга билим тарбия берген мугалимдерди сыйлоого тарбияланышат.



Сабактын усулу: Интерактивдуу усул топто иштөө.

Сабактын жабдылышы: тустуу суроттор, А 4 бакрактар, маркерлер, алма бак, алмалар шаблон.



Сабактын журушу:

Уюштуруу.

Жагымдуу маанай түзөт. Алтын эреже кабыл алышат.

Үй тапшырма суроо. Ырыс алды –ынтымак боюнча китепчелерин көрсөтүп, жазган ыр, макал, жомокторун окуп беришет.

Негизги бөлүк.

Мугалим:

Билимин берип балдарга,

Билим кенин ачкан ким?

Тарбия берип,окутуп,

Акылга , акыл кошкон ким?

Балдар жооп беришет: Мугалим

Азаматсыңар!

Тема менен максаты менен тааныштырат.

Мугалим бул- бизге жашоого жол корсотуп багыт берген, келечек ээлерине билим берген, дуйнонун сырларын ачкан адам болуп эсептелет. Мугалим учун озунун баласынан дагы , окуучусунун тартиби, билими ойдо болот. Себеби ал мугалимдин милдети. Ошондуктан мугалим силердин экинчи ата-эненердей болуп калат .

Мугалимдер коомдун жана мамлекеттин туркугу демекчи ар бир акыл эстуу адамдын дуйно таанымына чыйыр жол салган бул-мугалим.

1-топ. Мугалим жөнүндө эссе

2-топ. Мугалим синквейн.

Мугалим

Акылдуу, мээримдүү

Окутат, үйрөтөт, тарбиялайт.

Мугалим бизге билим берет.

Устат



3-топ. Кластер түзөт.

Презентация кылышат, эсселерин окушат.

Мугалим жөнүндө билген ырларын айтып беришет.







Мугалим: - Ушул кесиптин ээлери да мугалимден билим тарбия алышкан. Демек мугалим синирген билим пайдубалына бир эле адамдын тагдыры эмес бутун мамлекеттин тагдыры коз каранды. Адамдын акыл эси калыптангандан бери эле мугалим мугалим тарбия берип келген. Анда мугалимден билим алган ар кайсы кесиптерди айталычы. Бул даракка ар бир кесипти алмаларга дазып илебиз.

Алма дарагына ар кандай кесиптерди жазып илишет.

Мугалим:

Карагылачы балдар мугалим мөмөлүү дарак сыяктуу, мугалим окуткан окуучулар ар кандай кесип ээлери болуп иштешет. Демек мугалимдин мөмөлөрү окуткан окуучулары экен да. Эгер мугалим жакшы билим берип, тарбия берсе түшүмү жемиштүү болот экен.



Бышыктоо:



М-ээнеткеч

У-лук

Г-үлдөй

А-кылдуу

Л-идер

И-лимдүү

М-ээримдүү



Ар бир тамгага мугалимге тиешелүү сөз табышат.

Жыйынтыктоо: Балдарды мактоо менен баалайт.

Уй тапшырма берет. Мугалим жөнүндө эссе,ыр.