СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Компотенттуулук боюнча презентация

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Компотенттуулук боюнча презентация

Просмотр содержимого документа
«Компотенттуулук боюнча презентация»

Тема: Компетенттүүлүк деген эмне? Мектепте салттуу окутуу менен компетенттүүлүккө багыттап окутуунун артыкчылыктары.

Тема: Компетенттүүлүк деген эмне?

Мектепте салттуу окутуу менен компетенттүүлүккө багыттап окутуунун артыкчылыктары.

Бүгүнкү ааламдашуу доорунда замандын талаптарына ылайык, ар бир адам, ар бир жаран кайсыл гана чөйрөдө, кандай гана маселени чечүүдө өзүнүн компотенттүүлүгүн көрсөтө алуусу зарыл. Азыркы учурда республикабыздагы билим берүү иштери предметтин чегинен чыкпаган академиялык мүнөздө болууда.
  • Бүгүнкү ааламдашуу доорунда замандын талаптарына ылайык, ар бир адам, ар бир жаран кайсыл гана чөйрөдө, кандай гана маселени чечүүдө өзүнүн компотенттүүлүгүн көрсөтө алуусу зарыл.
  • Азыркы учурда республикабыздагы билим берүү иштери предметтин чегинен чыкпаган академиялык мүнөздө болууда.
Тактап айтканда: 1.Балдар маалымат менен иштөөнү билишпейт. 2.Маселени чечүүдө окшош аракеттерди гана жасашат. 3. Гипотеза ойлоп табууга,аларды текшерүүгө көнүшпөгөн. 4. Өз алдынча чыгармачылык менен талдоо жүргүзө алышпайт. 5. Ар кыл кырдаалдарды аңдап билүүгө, анын себепнатыйжаларын түшүнүүгө көнүгүшпөгөн 6.Чыгармачылык өз алдынча демилгелүүлүк жок
  • Тактап айтканда:
  • 1.Балдар маалымат менен иштөөнү билишпейт.
  • 2.Маселени чечүүдө окшош аракеттерди гана жасашат.
  • 3. Гипотеза ойлоп табууга,аларды текшерүүгө көнүшпөгөн.
  • 4. Өз алдынча чыгармачылык менен талдоо жүргүзө алышпайт.
  • 5. Ар кыл кырдаалдарды аңдап билүүгө, анын себепнатыйжаларын түшүнүүгө көнүгүшпөгөн
  • 6.Чыгармачылык өз алдынча демилгелүүлүк жок
Биз окуучуларды дүнөнүн талаптарына ылайык турмушка даярдагыбыз келсе Кандай гана чөйрө болбосун ыңгайлаша алууга үйрөткүбуз келсе Турмуштук кырдаалдарга даярдагыбыз келсе Таанып билүү ишмердүүлүгүн өнүктүргүбүз келсе
  • Биз окуучуларды дүнөнүн талаптарына ылайык турмушка даярдагыбыз келсе
  • Кандай гана чөйрө болбосун ыңгайлаша алууга үйрөткүбуз келсе
  • Турмуштук кырдаалдарга даярдагыбыз келсе
  • Таанып билүү ишмердүүлүгүн өнүктүргүбүз келсе
Эмнеден баштоо керек 1-ден , Азыркы мектептеги билим берүү иши турмуштан алыстап,теориялашып кеткендиктен, аны чыныгы турмушка жакындатуу; 2-ден , Теорияга негизделген окутуу ишинин нугун практикага мүнөзгө буруу; 3-дөн, Окуучу мектептен алган билимин жашоосунда пайдалан алгандай деңгээлге жеткирүү үчүн окутуну баланын турмушуна жакындатуу;

Эмнеден баштоо керек

  • 1-ден , Азыркы мектептеги билим берүү иши турмуштан алыстап,теориялашып кеткендиктен, аны чыныгы турмушка жакындатуу;
  • 2-ден , Теорияга негизделген окутуу ишинин нугун практикага мүнөзгө буруу;
  • 3-дөн, Окуучу мектептен алган билимин жашоосунда пайдалан алгандай деңгээлге жеткирүү үчүн окутуну баланын турмушуна жакындатуу;
4-дөн, Коомдук-социалдык жан турмуштук кырдаалдардан бала кыйналбай чыгып кетүүсүнө ылайыктоо аркылуу окутуу ишин жүргүзүү; 5-ден , Мектеп бүтүрүүчүлөрүн өзүнүн чөйрөсүндө коммуникациянын көп жактуу татаал ыкмаларын үйрөтүү жана аны пайдалануусуна өбөлгөлгөлөрдү түзүү; 6-дан, Окутуунун максаттарын туура коюу менен анын натыйжалуулугуна жетишүү.
  • 4-дөн, Коомдук-социалдык жан турмуштук кырдаалдардан бала кыйналбай чыгып кетүүсүнө ылайыктоо аркылуу окутуу ишин жүргүзүү;
  • 5-ден , Мектеп бүтүрүүчүлөрүн өзүнүн чөйрөсүндө коммуникациянын көп жактуу татаал ыкмаларын үйрөтүү жана аны пайдалануусуна өбөлгөлгөлөрдү түзүү;
  • 6-дан, Окутуунун максаттарын туура коюу менен анын натыйжалуулугуна жетишүү.
“ Компетенттуулук “ деген термин латын тилиндеги “competenz ” деген сөзүнөн алынып кыргызча которгондо “Иш билги”, “Жөндөмдүү”, “Шайкеш келген” деген түшүнүктү туюндурат. Инасандын компетентүүлүгу кандай даражада экендиги анын;  * Күнүмдүк турмушунда  * Кесиптик ишинде  * Социалдык чөйрөлөрдө тигил же бул  көйгөйлөрдү чече билүүдө аныкталат.

“ Компетенттуулук “ деген термин латын тилиндеги “competenz ” деген сөзүнөн алынып кыргызча которгондо “Иш билги”, “Жөндөмдүү”, “Шайкеш келген” деген түшүнүктү туюндурат.

  • Инасандын компетентүүлүгу кандай даражада экендиги анын;

* Күнүмдүк турмушунда

* Кесиптик ишинде

* Социалдык чөйрөлөрдө тигил же бул

көйгөйлөрдү чече билүүдө аныкталат.

Демек, компетенттүүлүк деген –бул иштин көзүн билүү менен жумуштун майын чыгара иштеп маселелерди, көйгөйлөрдү чече билүүчүлук. Мында билим, билгичтик, ыкмалар (ББЫ) ишке ашат. Мында , компетенттүүлүктүн мазмундук жагы билимге таянса ал эми практикалык жагы билгичтик ыкмага негизделет
  • Демек, компетенттүүлүк деген –бул иштин көзүн билүү менен жумуштун майын чыгара иштеп маселелерди, көйгөйлөрдү чече билүүчүлук. Мында билим, билгичтик, ыкмалар (ББЫ) ишке ашат.
  • Мында , компетенттүүлүктүн мазмундук жагы билимге таянса ал эми практикалык жагы билгичтик ыкмага негизделет
Салттуу окутуу –билимге таянат Кометенттүүлүккө багыттап окутуу-билгичтик, ыкмага таянат Кайсыл тема окутулса ошол боюнча билими текшерилип,даяр үлгүнү кайра кайталоо ишке ашат Окутуу жана текшерүү стандарттуу эмес түрдө жүруп кийинки этаптагы өз алдынча иш аракетке даярдык түзүлөт

Салттуу окутуу –билимге таянат

Кометенттүүлүккө багыттап окутуу-билгичтик, ыкмага таянат

Кайсыл тема окутулса ошол боюнча билими текшерилип,даяр үлгүнү кайра кайталоо ишке ашат

Окутуу жана текшерүү стандарттуу эмес түрдө жүруп кийинки этаптагы өз алдынча иш аракетке даярдык түзүлөт

Мугалимдин “аткарган”же “аткарган эмес ”деп “5” баллдык баалоо менен баалоосу стандарттуу эмес таншырмаларды аткарууга бөгөт болот Окуучу өзүнүн жетишкендигин көрсөтүүсүнө, өз алдынча чыгармачылыгына жол ачылат Мугалим жоопкерчиликтүү жан демилгечи Мугалим билимдердин баарын өзүндө алып жүрүүчү эмес,уюштургуч катары окуу процессин уюштуруп багыт берет

Мугалимдин “аткарган”же “аткарган эмес ”деп “5” баллдык баалоо менен баалоосу стандарттуу эмес таншырмаларды аткарууга бөгөт болот

Окуучу өзүнүн жетишкендигин көрсөтүүсүнө, өз алдынча чыгармачылыгына жол ачылат

Мугалим жоопкерчиликтүү жан демилгечи

Мугалим билимдердин баарын өзүндө алып жүрүүчү эмес,уюштургуч катары окуу процессин уюштуруп багыт берет

Окуучу- баш ийүүчү,жоопкерчиликсиз,педагогикалык аракеттин обьектиси Окуучу өзүнүн жекече өнүгүүсүнө өзү жооп берет Сабак репродуктивдүү түрдө өтуп, билим жана аракеттер,ыкмалар окуучуга даяр түрүндө берилет Сабак окутуунун бир формасы катары келип, көбүнчө басым сабактан тышкаркы иштердин формаларына –долбоор боюнча топто иштөөгө, китепканада ,өзалдынча иштөөгө жасалат.

Окуучу- баш ийүүчү,жоопкерчиликсиз,педагогикалык аракеттин обьектиси

Окуучу өзүнүн жекече өнүгүүсүнө өзү жооп берет

Сабак репродуктивдүү түрдө өтуп, билим жана аракеттер,ыкмалар окуучуга даяр түрүндө берилет

Сабак окутуунун бир формасы катары келип, көбүнчө басым сабактан тышкаркы иштердин формаларына –долбоор боюнча топто иштөөгө, китепканада ,өзалдынча иштөөгө жасалат.

Компетенттүүлуккө багыттап окутуунун артыкчылыктары Компетенттүүлуккө багыттап окутууда ар бир предмет боюнча билим берүү иши жаңыланууга туш болот; Окутуунун технологиясы жаңы идеялар, методдор, ыкмалар менен байытууга жол ачылат; Мектептин, мугалимдин, окуучунун өз алдынча иштөөсунө шарттар түзүлөт Балдардын жекече демилгелери, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрү күчөйт

Компетенттүүлуккө багыттап окутуунун артыкчылыктары

  • Компетенттүүлуккө багыттап окутууда ар бир предмет боюнча билим берүү иши жаңыланууга туш болот;
  • Окутуунун технологиясы жаңы идеялар, методдор, ыкмалар менен байытууга жол ачылат;
  • Мектептин, мугалимдин, окуучунун өз алдынча иштөөсунө шарттар түзүлөт
  • Балдардын жекече демилгелери, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрү күчөйт
Инсанга багыттап окутуу жана окутуу чөйрөсун түзүү мүмкүнчүлүктөрү ишке ашат; Креативдүү ой жүгүртүүгө шарт түзүлүп,окуучулар долбоор түзүүгө изилдөөчүлүккө машыгышат; Интерактивдүү доска, электрондук окуу китептери баштаган маалыматтык –компьютердик технология (МКТ) сабакка киргизилет; Жогорку класстарда элективдик, профилдик курстар аркылуу кесипке багыт алуу өбөлгө түзүлөт
  • Инсанга багыттап окутуу жана окутуу чөйрөсун түзүү мүмкүнчүлүктөрү ишке ашат;
  • Креативдүү ой жүгүртүүгө шарт түзүлүп,окуучулар долбоор түзүүгө изилдөөчүлүккө машыгышат;
  • Интерактивдүү доска, электрондук окуу китептери баштаган маалыматтык –компьютердик технология (МКТ) сабакка киргизилет;
  • Жогорку класстарда элективдик, профилдик курстар аркылуу кесипке багыт алуу өбөлгө түзүлөт
Компетенттүүлүктү – окутуунун натыйжалуулугу , натыйжага багыттап максаттуу, сапаттуу окутуу өңүтүндө алып караганыбыз оң. Ошондой эле окуу материалдары бул- окутууну максат кылбастан, тарбия маселесине да түздөн-түз тиешеси бар экендигин эстен чыгарбасак
  • Компетенттүүлүктү – окутуунун натыйжалуулугу , натыйжага багыттап максаттуу, сапаттуу окутуу өңүтүндө алып караганыбыз оң.
  • Ошондой эле окуу материалдары бул- окутууну максат кылбастан, тарбия маселесине да түздөн-түз тиешеси бар экендигин эстен чыгарбасак
Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартындагы негизги компетенттүүлүктөр:  (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому) Маалыматтык, Социалдык-коммуникациялык,  Өзүн уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү.

Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартындагы негизги компетенттүүлүктөр:

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому)

  • Маалыматтык,
  • Социалдык-коммуникациялык,
  • Өзүн уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү.
Негизги компетенттүүлүктөр. Маалыматтык компетенттүүлүк – өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык . Маалымат менен иштей билүүнү талап кылат : жетишпеген маалыматты максатка умтулуу менен издөө, айрым фрагменттерди салыштыруу, гипотезаларды бирдиктүү талдоо, коюу ыкмаларына ээ болуу. Реалдуу обьекттердин (телевизор, магнитофон, телефон, факс, компьютер, принтер, модем, көчүрүүчү аппарат) жана маалыматтык технологиялардын (аудио- жана видео жазуу, электрондук почта, ЖМК, Интернет) жардамы менен керектүү маалыматты өз алдынча издөө, талдоо жана тандоо, уюштуруу, кайра өзгөртүү, сактоо жана аны берүү ыгын түзөт. Бул компетенция окуу предметтеринде жана билим берүү жаатында, ошондой эле курчап турган чөйрөдө камтылган маалымат менен окуучунун иштөө ыкмасын камсыз кылат .

Негизги компетенттүүлүктөр.

  • Маалыматтык компетенттүүлүкөз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык .
  • Маалымат менен иштей билүүнү талап кылат : жетишпеген маалыматты максатка умтулуу менен издөө, айрым фрагменттерди салыштыруу, гипотезаларды бирдиктүү талдоо, коюу ыкмаларына ээ болуу.
  • Реалдуу обьекттердин (телевизор, магнитофон, телефон, факс, компьютер, принтер, модем, көчүрүүчү аппарат) жана маалыматтык технологиялардын (аудио- жана видео жазуу, электрондук почта, ЖМК, Интернет) жардамы менен керектүү маалыматты өз алдынча издөө, талдоо жана тандоо, уюштуруу, кайра өзгөртүү, сактоо жана аны берүү ыгын түзөт. Бул компетенция окуу предметтеринде жана билим берүү жаатында, ошондой эле курчап турган чөйрөдө камтылган маалымат менен окуучунун иштөө ыкмасын камсыз кылат .
Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк - өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун таламдары менен айкалыштырууга даярдык , өз көз карашын позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын (диний, этностук, кесиптик, инсандык) баалуулуктарына урмат менен мамиле кылуунун негизинде цивилизациялуу коргоп калуу.  Окуучу заманбап коомдо жашоо үчүн социалдык активдүүлүктүн жана функционалдык сабаттуулуктун минималдуу керек болгон ыкмаларына, өзүнө жоопкерчиликти алуу, чечимди биргелешип чыгаруу жана аны ишке ашырууга катышуу мүмкүндүгүнө, ар түрдүү этно маданияттарга толерантуулукка ээ болот.  Ал ар түрдүү тилдерди билүүнү жана ар түрдүү тилдерде, ошондой эле курчап турган жана алыстагы адамдар жана окуялар менен өз ара аракеттенүү ыкмаларын компьютердик программалоо тилинде баарлашуунун ыкмаларын, топто иштөө ыктарын, жамаатта ар түрдүү социалдык ролдорго ээ болууну камтыйт. Окуучу өзүн көрсөтө билиши керек, катты, анкетаны жаза билиши керек, суроо берүүнү, дискуссия жүргүзүүнү билиши керек.
  • Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк - өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун таламдары менен айкалыштырууга даярдык , өз көз карашын позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын (диний, этностук, кесиптик, инсандык) баалуулуктарына урмат менен мамиле кылуунун негизинде цивилизациялуу коргоп калуу.

  • Окуучу заманбап коомдо жашоо үчүн социалдык активдүүлүктүн жана функционалдык сабаттуулуктун минималдуу керек болгон ыкмаларына, өзүнө жоопкерчиликти алуу, чечимди биргелешип чыгаруу жана аны ишке ашырууга катышуу мүмкүндүгүнө, ар түрдүү этно маданияттарга толерантуулукка ээ болот.

  • Ал ар түрдүү тилдерди билүүнү жана ар түрдүү тилдерде, ошондой эле курчап турган жана алыстагы адамдар жана окуялар менен өз ара аракеттенүү ыкмаларын компьютердик программалоо тилинде баарлашуунун ыкмаларын, топто иштөө ыктарын, жамаатта ар түрдүү социалдык ролдорго ээ болууну камтыйт. Окуучу өзүн көрсөтө билиши керек, катты, анкетаны жаза билиши керек, суроо берүүнү, дискуссия жүргүзүүнү билиши керек.
Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү - маалыматта, окуу жана турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен аларды өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык. Ал денени, ички дүйнөнү жана интеллектуалдык өзүн-өзү өнүктүрүү ыкмаларын өздөштүрүүгө, эмоционалдык жактан өзүн-өзү башкарууга багытталган. Мында реалдуу объект окуучунун өзү. Бул компетенцияга жеке гигиена, өзүнүн саламаттыгы жөнүндө кам көрүү, ички экологиялык маданият кирет.
  • Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү - маалыматта, окуу жана турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен аларды өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык.
  • Ал денени, ички дүйнөнү жана интеллектуалдык өзүн-өзү өнүктүрүү ыкмаларын өздөштүрүүгө, эмоционалдык жактан өзүн-өзү башкарууга багытталган. Мында реалдуу объект окуучунун өзү. Бул компетенцияга жеке гигиена, өзүнүн саламаттыгы жөнүндө кам көрүү, ички экологиялык маданият кирет.
Демек, биз негизги компетенттүүлүктөргө ээ болуу балага өзгөрүп турган жашоодо ийгиликтүү болуу мүмкүндүгүн берет деген корутундуга келе алабыз, анткени ал маалыматтардын агымында багыт алууга, көйгөйлөрдү аныктоого жана чечимдерди табууга, адамдар менен натыйжалуу баарлашууга жөндөмдү болот.
  • Демек, биз негизги компетенттүүлүктөргө ээ болуу балага өзгөрүп турган жашоодо ийгиликтүү болуу мүмкүндүгүн берет деген корутундуга келе алабыз, анткени ал маалыматтардын агымында багыт алууга, көйгөйлөрдү аныктоого жана чечимдерди табууга, адамдар менен натыйжалуу баарлашууга жөндөмдү болот.
 Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!