СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Куш ысымдуу Лейлегиме 90 жыл

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Куш ысымдуу Лейлегиме 90 жыл

Просмотр содержимого документа
«Куш ысымдуу Лейлегиме 90 жыл»

Лейлекте совет бийлигинин орношу

Азыркы учурда большевиктер партиясы жөнүндө карама-каршылыктуу ойлор,пикирлер айтылышына карабастан,1917-жылдагы Улуу Октябрь социялисттик революциясы аймактагы саясий-экономикалык,социялдык маданий окуялар аны менен тыгыз байланышта,дээрлик партиянын жетекчилигинде болуп откон.Бул каталыктар да анын аты менен тыгыз байланышта болгон.Ошол себептүү Лейлек тарыхын билүү үчүн ал жердеги Советтерге байланышкан тарыхый өзгөрүүлөрдү билүү зарылдыгы турат.Анын үстүнө,коминисттик партия бийликтеги жалгыз партия болгондуктан архивтеринде элибиздин тарыхына тиешелүү маалыматтар камтылган.Сүлүктү,Лейлек тарыхын изилдеп жүрүп Лелинабад,Душамбе,Самаркан,Бишкек шаарларындагы партиялык архивдерде болгонумда буга дагы бир жолу ынандым.Сулуктудөгү алгачкы социал-демократиялык гуруппалар Д.Деканов тарабынан бириктирилип,большевиктик гурупаалар түзүлгөндүгү жогорку темаларда эле айтылган эле.Кыргызстанда,алгач Сулуктудо Совет бийлиги орнотулгандан кийин бул просес Лейлек аймагына жайылтылат.Мисалы:Душамбедеги партархивде Исфана кыштагында партиялык уюм түзүү жөнүндө протокол сакталып калган.Митинг Исфанада 1920-жылы ачылган.Митингке райондун комитетинин тороагасы М.Гафуров ачкан.Аны менен бирге А.Умирбаев,Д.ирматов болгон.Митинг буткондон кийин каалочуларды партияга төмөнкүлөр жазышат:Барат Тайлак,Шариф Уразба,Мулластар Абдрахманов.Акырында партияга жазылууну каалагандар үчүн эшик ачык деп жаыяланат.Бул протокол төрага М.Гафуров жана катчы А.Умирбаев тарабынан бекитилген.1920-жылы партиянын Исфана ячейкасында жалпы чогулуш болуп,андада партиянын алдыңкы катарына отуу биринчи масале болгон.РКП б)нын төрөагасы М.Гафуров ачкан А.Умирбаев катчылык кылган.Кабыл кылынган токтомдо партияга кабыл алынды деп төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:Юлдаш Рахманберди,Ходжа Разаберди,Дадабай Рахман.Орус тилинде жазылган Исфана партиялык ячейкасынын № 2 токтому болгон.Бул жылдары партиялык ячейка соода,эл керектөөчү товарларды өнүктүрүү,алгачкы кооператив,шериктештиктерди,кембагалдар комитетин түзүү боюнча чечим кабыл алынып,алгачкы уюштуруу иштеринбашташкан.Мисалы:партиянын Исфана ячейкалык чогулуш 3-май 1920-жылы Абдусаттар Абдрахмановду Ходжент уездик партиялык конференясына кондинет кылып шайлап,ага конференсяда Исфаналык кенбагалдын муктаждыгын канааттандыра алатурган кооператив түзүү,зарылдыгы жөнүндө маселени коюууну тапшырышкан.10-май 1920-жылы болуп откон чогулушта башка маселелер менен биргеликте кембагалдар комитети түзүү жөнүндө маселе карап,”Исфанадагы кембагалдар комитети түзүлсүн,анкени бул керек жана зарыл”,-деп токтом кабыл алышкан.Ошондой эле бул жылдары биздин районубуздун аймагында да “кошчу”,”Бухара”союздары түзүлө баштаган. Кембагалдар комитети айл- кыштактарда кедей-кембагалдардын кызыкчылыгын коргоо менен чектелбестен ачарчылыкка кабылган элдерди азык-түлүк жана өнөр жай товарлары менен камсыздоого катышкан.Коомуна,артель жана башка дыйкандар жамаатарынын бирикмелерин түзүүнүн демилгечилери болуп чыгышкан.Кыргызстанда алгачкы болуп Сүлүктүдө жаштар гурпасынын түзүлүшү Лейлектин кенге жакын айыл-кыштактарындагы жаштарына таасири тйип Сүлүктү,Лейлекте комсомол түзүлүшүндө алгачкы кадам болду.Жаңы түзүлгөн жаштар уюмуна Кара-Булактан келип кенде иштеп жүргөн Аваз Сдыков Разак Мавлянов,Үсөн Илмурадов ж.б.мүчө болуп кирип алар уюмдун активдүү уюштуруучуларынан болушкан.Айрыкча Аваз Садыковтун 1920-жылдарында комсомолдун Сүлүктү райондук уюмунун ишинде активдүү катышкандыгы жөнүндө архивдик материчлда сакталып калган.