СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз элинин ак өргөсү. Боз үй

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз элинин ак өргөсү. Боз үй»

Сабактын темасы: Кыргыз элинин ак өргөсү

Сабактын максаты: Окуучулар боз үйдүн кыргыз элинин турмушундагы орду жана мааниси тууралуу билишет

Боз үйдүн жыгачтарын, кийиздерин, чийлерин, боолорун атай алышат

Ата-бабаларыбыз колдонуп келе жаткан ыйык мурастарды сактоого аларга туура кам көрүүгө үйрөнүшөт.

Сабакта колдонулуучу усулдар: түшүндүрмө иллюстративдик, аңгемелешүү

Сабактын жабдылышы: ватман кагаз, маркер, окуу китеби, карточкалар, сүрөттөр, боз үйдүн макети

Сабактын тиби: жаңы билим берүү

Сабактын жүрүшү: уюштуруу, үй тапшырмасын суроо, жаңы тема


Мугалим: Келгиле балдар сабакты баштардан мурун бири- бирибизди карап жылмайып маанайыбызды көтөрүп алалы.

Карагылачы балдар бир гана жылмаюу канча адамдын маанайын көтөрөт. Силер ар дайым ушинтип жылмайып жүргүлө.

Алтын эрежени окушат

  1. Кол көтөрүп сүйлөө

  2. Бирөөнүн оюн бөлбөө

  3. Сабакты кунт коюп угуу

  4. Оз оюн тартынбай айтуу

  5. Бири-бирин сыйлоо

  6. Тынчтыкты сактоо

Анда эмесе балдар эки топко бөлүнуп алалы

1-топ “Ынтымак” тобу

2-топ “Достук” тобу

Биз бүгүнкү сабакта боз үйдүн жасалышын, боз үйдүн жабдыктарын жана анын аткарган кызматы тууралуу маалымат алабыз

Боз үй кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири. Ал элибиздин миӊдеген жылдардан берки тарыхын эске салып, өзүнүн ички жана тышкы кооз жасалгасы менен өзгөлөрдү өзүнө тартып турат. Боз үй Борбордук Азиянын байыркы көчмөн, жоокер элдеринде жаралып, кыргыз, түрк, монгол элдери тарабынан өркүндөтүлүп бүгүнкү күнгө чейин жетип отурат. «Манас» эпосунда Жайсан ырчынын боз үйдүн сын-сыпатын жарым күнү ырдаганы эскерилет.

Боз үйдүн жабдыктары: кереге, уук.түндүк, каалга, турдук, босого,чий ж.б

Жасалышы: Боз үйдүн негизги жабдыктарынын бири кереге. Кереге жыгачтан жасалат. Керегеден кийин босого коюлат. Босогону мурун чийден жасашкан. Ал эми азыр замандын талабына жараша жыгачтан жасалып жтат. Андан кийин боз үйдүн түндүгү көтөрүлөт. Түндүк-бул боз үйдун жарык бере турган бөлүгү болуп эсептелет. Ошондой эле очокко от жакканда ушул жерден түтүн чыгара турган бөлүгү болуп, эки ролду аткарат. Тундүк көтөрүлгөндөн кийин ууктар сайылат. Ууктар кереге менен түндүккө бекитилип, боз үйдү бекемдейт. Боз үй тургузулгандан кийин, керегеге турдуктар жабылат. Турдук кийизден жасалат. Кийинкиси ууктардын үстунө жабыла турган бөлүгү үзүк деп аталат. Үзүк жабылгандан кийин түндүккө, түндүк жабуул жабылат. Түндүк жабуулдун төрт жагында боосу болот. Күн ысыганда ачып коюшат, ал эми караңгы киргенде түндүк жабуулду жабып коюшат.

Боз үйдүн экинчи бөлүгү болуп ичи эсептелинет. Анын төр жагында апаларыбыздын колунан жасалган туш кийиздер илинип турат. Оң жагында жалаң гана эркектерге тийешелүү буюмдар турат ( камчы, мылтык ж.б). Ал эми сол жагында аял кишиге тийешелүү буюмдар турат (идиштер, казан ж.б) Боз үйдүн ички жасалгаларынын баарын энелерибиз өз колдору менен жасашкан.



Карточкалар менен иштөө

Эки топ бирден карточка тандашат. Анын ичиндеги макалды чечмелешет жана сөзгө сүйлөм тузүшөт.

1-карточка

Макал. Агасын көрүп ини өсөт

Эжесин көрүп сиңди өсөт.

Сөз. Кереге



2-карточка

Макал. Жакшы болуу аста-аста

Жаман болуу бир паста.

Сөз. Туш кийиз

Кайсыл топ шамдагай. Суроолорго жооп беришет.

  1. Ата –бабаларыбыз мурун эмнеде жашашкан?

  2. Боз үй эмнеден жасалат?

  3. Боз үйдүн жабдыктарын атап бергиле?

  4. Керегени босогону орноткондон кийин эмнесин тургузабыз?

  5. Түндүк, үзүк, турдук жабуулар эмнеден жасалат?



Сабакты бышыктоо:

Фильворддогу сөздөрдү тапкыла

а

к

к

е

р

е

г

е

и

с

б

а

а

п

ч

и

й

р

л

е

о

ф

ы

в

а

п

р

о

л

д

с

к

н

у

к

а

а

л

г

а

о

д

й

у

ч

м

и

т

о

р

г

в

с

к

т

ү

н

д

ү

к

о

я

ч

с

м

и

т

б

ю

й

к

а

с

ү

з

ү

к

о

л

д

т

у

ш

к

и

й

и

з

ю

б



Үйгө тапшырма: 6-көнүгүү (23-бет)

Баалоо: