№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мктеби
Кыргыз тили сабагы 6-а класс.
Сабактын темасы : Татаал сөздөр
Өтүү мөөнөтү: 13.12.2019
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы
Сабактын ыкмасы: эмприкаык ыкма
Сабактын формасы: сабак - брифинг
№ | Түйүндүү компетентүүлүктөр | | | | Предметтик компетентүүлүктөр |
1 | Маалыматтык:Татаал сөздөр жөнүндөгү маалыматты билишет | 1 Таанып-билүүчүлүк жана илимий суроолорду кое билүү | Татаал сөздөр жөнүндө теманы билишет. |
2 | Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк:Татаал сөздөрдүн эрежелерин, бөлүнүштөрүн көнүгүү иштөө менен бышыкташат | 2.Кубулуштарды илимий түшүндүрүү | Татаал сөздөр боюнча өз алдынча сүйлөмдөрдү түзө алышат. |
3 | Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү: Турмушта татаал сөздөрдү кептеринде туура пайдаланууга үйрөнүшөт | 3.Илимий далилдөөлөрдү колдонуу | Татаал сөздөр жөнүндө теманы жыйынтыктай алышат.Турмушта кыскартылган сөздөрдү колдоно билүүгө үйрөнүшөт |
Индикатор |
Сабактын жабдылышы: проектор,электрондук китепкана,доска, компьютер
| Жетишүүнүн көрсөткүчтөрү | |
Күтүлүүчү натыйжа | репродиктивдүү | продуктивдүү | креативдүү |
Татаал сөздөр жөнүндө маалымат билишсе | Татаал сөздөрдүн эрежелерин жана бөлүнуштөрүн, сөздөрдү билишсе | Интернет булактарын пайдалануу менен татаал сөздөрдү таап жана кебинде колдонууга үйрөнүшсө |
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Татаал сөздөрдүн эрежелерин, бөлүнүштөрүн,кебибизге
колдонулуштарын үйрөнүшөт
Өнүктүрүүчүлүк: Логикалык ой жүгүртүшөт, анализдей, синтездей, жалпылай алышат.
Тарбиялык: Окуучулар ата-энени сыйлоого,өз мекенине салым кошууга тарбияланышат. Предмет аралык байланыш: адабият,сүрөт
Сабактын жүрүшү:
№ | Сабактын этаптары | убакыты | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги | баалоо |
1 | Уюштуруу, психологиялык маанай | 1 мүнөт | Саламдашуу,жакшы каалоо менен өзүн тааныштыруу | Саламдашат, бири-бирине жакшы сөз тартуулашат | Кол чабуу аркылуу кубаттоо |
2 | Жаңы темага өбөлгө түзүү | 2 мүнөт | Татаал сөздөр жана алардын бөлүнүштөрү.Сүрөт-төрдү көрсөтүп татаал сөз жаздыруу | Доскадагы сүрөттөр аркылуу татаал сөздөрдү табышат жана компьютерге жазышат | Өзүн-өзү баалоо |
3 | Билимдердин теориялык деңгээли Жаңы тема | 10 | Татаал сөздөрдү түшүндүрүп,доскага мисалдарды көрсөтөт | Татаал сөз деген эмне,турмушта кандай колдонушту үйрөнөт | Өзүн-өзү баалоо |
4 | 192 -көнүгүү | 10 | Көнүгүүнүн жазылышын көзөмөлдөйт, Тууралайт.Көнүгүү доскага жазылат, | окуучулар татаал сөздөрдү тууралашат талдашат. | Өзүн-өзү баалоо |
5 | Минатюрдук жат жазуу | 10 | 199-көнүгүү Аудио уктуруу | Жат жазуу жазышып.өздөрү текшеришет | Өзүн-өзү баалоо |
6 | Акылга чабуул | 10 | Ким миллионер болгусу келет | Бирден окуучу чыгып оюн менен ойнойт | Өзүн-өзү баалоо |
7 | Үй тапшырма ,баалоо | 2 | Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата 12 сүйлөм түзүү | Тапшырма көнүгүү иштөө | Баалоонун суммасы |
| | | | | |
| | | | | |
Сөз |
Эки же андан көп сөздөрдөн түзүлүп, айкалышып, бир гана маанини,бир түшүнүктү билдирген сөздөр ТАТААЛ СӨЗДӨР деп аталат | Бир гана сөздөн турса ЖӨНӨКӨЙ СӨЗ болот |
КОШ СӨЗ | КОШМОК СӨЗ | КЫСКАРТЫЛГАН СӨЗ |
Татаал сөздөр- сүйлөм ичинде сүйлөмдүн бир гана мүчөсүн аткарат |
Татаал сөздөр Татаал сөздөр жөнөкөй сөздөрдөн тутумдук түзүлүшү менен айырмаланат. Бирок, булар деле тутумунда эки же андан көп сөз болгонуна карабай лексикалык бир гана маанини билдирет. Демек, татаал сөздөр сүйлөмдө сүйлөмдүн бир эле мүчөсүнүн милдетин аткарат. Татаал сөздөрдүн айрым топтору жөнөкөй сөздөрдөн грамматикалык маанилери боюнча да айырмаланат.
Мисалы: киши-кара, бала- чака, мал-сал, эгин-тегин деген сыяктуу татаал сөздөрдө дайыма көптүк сан мааниси кошо болот.
Татаал сөздөрдүн грамматикалык жактан уюшулушу өтө ар түрдүү. Эки же андан көп компоненттерден тургандыктан алардын ортосунда бири- бирин байланыштырып турган синтаксистик байланыш бар. Ошондуктан, аларды грамматикалык жактан уюшулушу жана тутумдук түзүлүшү боюнча төмөндөгүдөй топторго бөлүштүрүп карайбыз:
1. Ыкташуу байланышы менен уюшулган татаал сөздөр. Кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн басымдуу бөлүгү ушул ык менен уюшулган. Аларды биз тутумундагы сөздөрдүн (негиздердин) маанисине, мүнөзүнө жана түркүмдүк өзгөчөлүгүнө жараша андан ары дагы бөлүштүрөбүз:
а) жалаң атоочтордун айкашынан турган татаал сөздөр:
каржилик, таштүлөк, өнөржай, ашказан, бүгүн, чоңата, Соң-көл,, Сары-Жаз, Жоошбай, Алмагүл, Турганбай, илимий даража, айылдык кеңеш, беш айлык, эл аралык ж.б.
б) атоочтор менен этиштердин айкашынан турган татаал сөздөр: кол сал-, жакшы көр-, жок кыл-, өч ал-, дем ал-, баш ий-, пайда бол-, баш бак- ж.б.
в) чакчылдар менен байланышып уюшулган татаал сөздөр:
бара бер-, жаза сал-, тура тур-, кийе кой-, окуп жибер-, кайтып кел-, байкай кой- ж.б.
г) тактоочтор менен айкашып уюшулган татаал сөздөр:
тез- тез, ары- бери, алда кайда ж.б.
д) тууранды сөздөр менен байланышып уюшулган татаал сөздөр: тарс эт-, жылт эт-, чү де-, жылт кой- ж.б.
2. Таандык байланыш менен уюшулган татаал сөздөр:
бирдин айы, бештин айы, шайлоо комиссиясы, төрөт үйү, окуу бөлүмү ж.б.
3. Башкаруу байланышы менен уюшулган татаал сөздөр:
жолго сал-, жандан кеч-, көзгө түш-, колго сал-, күнүн көр-, тилден кал-, жокко чыгар-, баш жаз-, жооп бер-, өкүттө кал- ж.б.
4. Тең байланыш аркылуу уюшулган татаал сөздөр. Мындай ык менен уюшулган татаал сөздөр да кыргыз тилинде бир топ арбын. Булар да өз ара бири-биринен айырмаланган топторго бөлүнөт:
а) түгөйлөрүнүн бардыгы лексикалык маани берип турган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: тоо-таш, курал-жарак, күч-кубат, азап-тозок, алыш-бериш, эрди-катын, кадыр-барк, ал-абал, кылык-жорук, ит-куш, курт-кумурска ж.б.
б) түгөйлөрүнүн бири лексикалык маани бере албаган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: кыз-кыркын, китеп-митеп, бала-бакыра, эгин-тегин, кийим-кечек ж.б.
в) түгөйлөрүнүн бардыгы лексикалык маани бере албаган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: ыйкы-тыйкы, ыпыр-сыпыр, олку-солку, быт-чыт, үрөң-бараң ж.б.
Тутумдук түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн үч түрү бар. Алар: кош сөздөр, кошмок сөздөр жана кыскартылган сөздөр.
Көнүгүү иштөө
192-көнүгүү. Татаал сөздөрдү тапкыла.Эмне үчүн татаал сөздөр сөз жасоонун ситаксисттик жолуна кирет.Татаал сөздү тууралап жазгыла.
Ала-Тоо карай жол кетет.Жол Тамга Терек, Калмак Кырчын ,Кап Согоор,Как-Бел,Ничке,Доскана.Кызыл Суу аркылуу т€п отуруп,туптуура Тогуз Торого жеткирет.Жоро жолдоштун көбөйүшүн кааласаң ,ачык айрым,калыс бол.Кыргыздардын улуттук боштондук үчүн көтөрүлүшү бир миң тогуз жүз он алтынчы жылы болгон.
Көрө көрө көсөм болот,сүйлөй сүйлөй чечен болот.Тоо башынан булут көрүнсө,кокту колот,жылга жыбыттты туман басат.
Сүрөттөр менен сүйлөм түзөбүз
199-көнүгүү
Ким миллионер болгусу келет (кыргызстандын жери боюнча)
Окуучулардын билимин баалоо (+ - менен өздөрү баалашат аягында суммасын чыгарышат)
Үйгө тапшырма-сүйлөм түзүү