Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили. Кош сөздөр.6-класс.»
Тема: Кош сөздөр
6 - «Б» класс
Мугалим: Оторбаева А.Ш.
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк:Окуучулар жаңы грамматика жөнүндө маалымат алышат
Өнүктүрүүчүлүк:
Сөз байлыктары, ой жүгүртүүсү, аң сезими өнүгөт
Тарбия берүүчүлүк: Бири-бирин сыйлоого, уга билүүгө, ыймандуулукка тарбияланышат
Жагымдуу маанай
Үй тапшырманы суроо
Жаңы теманы түшүндүрүү
Кош сөздөр
Татаал сөздөр
Кыскартылган сөздөр
Кошмок сөздөр
1-эреже
- Эки же андан көп сөздөрдүн туруктуу айкалышынан түзүлүп, жалпыланган бир түшүнүтү билдирген, жуп-жубу менен айтылган татаал сөздөр кош сөздөр деп аталат.
МИСАЛЫ:
Күч-кубат, кайгы-капа, бетме-бет, курт-кумурска, азык-түлүк, бала-бакыра, акыр-чикир, уйгу-туйгу, быкы-чыкы.
2-эреже
- Кош сөздөр маанисине карата төмөндөгүдөй үч топко бөлүнөт:
- 1.Эки сөзү тең маани берүүчү кош сөздөр.
- Буга: ата-эне, эже-сиңди жакшы-жаман, курбу-курдаш,сөзмө-сөз, чымын-чиркей ж.б.
Ата- эне
Ар кимдин ата-энеси бар. Сенин атаң – чоң атаң менен чоң энеңдин баласы, энең – таятаң менен таенеңдин кызы. Сенин ата-энең – айылда же шаарда, ар кандай уюмдарда, мекемелерде иштеген мээнеткеч адамдар. Ар бир ата-эне балам чоңоюп, эрезеге жетсе, жакшы адам болсо деп тилейт.Баласын тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылат, таалим-тарбия берип өстүрөт. Атаң менен энең сенин бактылуу балалыгың, жаштык чагың үчүн кам көрүп, окуп, илим-билим алышыңа, эмгекке үйрөнүп, акыл-эстүү болуп чоңоюшуңа ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Ата-энеңдин эмгегин баалап, алар менен сыймыктан, сый-урмат көрсөт!
3-эреже
- Бири маани берүүчү, бири маани бербеген кош сөздөр. Мисалы, эт-мет,китеп-ситеп,мал-сал, бала-чака, азык-түлүк, кийиим-кече,көйнөк-көнчөк, нан-пан,тарс-турс,кызыл-тазыл
Эки сөзү тең маани берүүчү кош сөздөр
Бири маани берип, бири маани бербеген сөздөр
2-тапшырма:
3-эреже
- Эки сөзү тең маани бербеген кош сөздөр. Мисалы, үрөң-бараң, быкы-чыкы, быт-чыт, кажы-кужу, акыр-чикир, ыпыр-сыпыр, уйгу-туйгу ж.б
- Кош сөздөр араларына дефис коюлуп жазылат: ага-ини, өйдө-ылдый, азык-түлук, кийим-кече, эл-жер, бак-дарак, бүгүн-эртең ж.б.
Сыйкыр талаасы
Үй тапшырма:
- 201- көнүгүүнү көчүрүп жазып, сүйлөмдөгү кош сөздөрдүн астын сызгыла жана кайсы түрү экендигин аныктагыла.
Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!