СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздын эн тамгаларынын

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздын эн тамгаларынын»

Кыргыз - кыраан куш эли, же кыргыз эн тамгаларынын семантикасы



Мурунку бир постубузда кыргыз этнониминин сөз төркүнүн тилдик маалыматтардын негизинде бүркүт, алгыр куш маанисине келген кырку уңгусунан чыгардык эле. Эми бул божомолду башка тарыхый-этнографиялык фактылар менен негиздөө керек. Алардын башында эн тамгалар турат. Анткени кыргыз өңдүү байыркы этнонимдер тотемдерден келип чыкса, анда ал элдин эн тамгасы да ошол тотемди чагылдырышы зарыл.

Бул темага алгач белгилүү түрколог Ю. А. Зуев кайрылган. Аты аталган окумуштуу алгачкы эмгектеринде кыргыз (кыркун) этнонимин кыр жана кун сөздөрүнөн чыгарып, талаа гунндары деп түшүндүргөн. Бирок кийин бул пикиринен кайтып, индоиран тилдериндеги бүркүт, алгыр куш маанисине келген каргаса сөзү менен байланыштырат. Бул жерде айта кетчү нерсе, биз сунуштаган божомол боюнча кырку-з/кырку-т/кырку-н сөздөрү кыргыз тилинин негизинде эле бүркүт, алгыр кушту билдирип турат. Мындан сырткары Ю. А. Зуев кыргыздарды билдирген бурут этнонимин да бүркүт сөзүнөн чыгарган. Биз бул пикирге кошулабыз. Эми Ю.А. Зуев бул пикирге байыркы кытай “Танхуйяо” тарых кол жазмасында кыргыз тамгасы деп берилген жана учуп бара жаткан кушту билдирген тамганын негизинде келген (1-тамга). Биз изилдөөбүздүн учурунда бул божомолду тастыктаган башка эн тамгаларды жолуктурдук. Алсак, Н.Г. Маллицкий 19-кылымдагы жалпы кыргыздардын тамгасы деп көрсөткөн тамга (2-тамга) В.Я. Бутанаевдин эмгегинде хакастардын хара сор уруусунун тамгасы катары көрсөтүлүп, хус танма (куш тамга) деп аталган (3-тамга). Жыйынтыктап айта турган болсок, кыргыз этноними бүркүт, алгыр куш тотеми менен байланыштуу болуп, тилдик жактан да (кырку-бүркүт, алгыр куш / бурут-бүркүт), тарыхый-этнографиялык өңүттөн да (бүркүттү, кушту билдирген эн тамга) алгыр куш, бүркүт менен байланыштуу.



п.с. Бул маалыматтар 15 жылдан бери ойлонуп, 2 жылдан бери жазып келе жаткан бир эмгегибиздин айрым жыйынтыктары.