Фарадей тажрыйбасы . Электр-магниттик индукция кубулушун уйронуу.
Жабдуулар: туз магнит , гальванометр(мультиметр) , катушка, откоргуч зымдар .
Иштин максаты: магнит талаасынын жардамы менен электр тогун алуу , Фарадей тажрыйбасын уйронуу.
Кыскача теория:
Убакыттын отушу менен озгоруудо болгон магнит талаасы электр талаасын пайда кылса , ал эми электр тогунун озгоруусу магнит талаасын жаратат. Мындай электр-магниттик оз ара аракеттенуудогу жаны касиеттер электр- магниттик талаа жонундогу тушунукту негиздоочу М.Фарадей тарабынан ачылган : эгер туюк чынжыр боюнча откон ток магнитти кыймылга алып келсе , анда тескерисинче , магниттин кыймылы туюк откоргучто токтун пайда болушун шарттайт . Фарадей бул илимий жыйынтыгын озу жургузгон бир нече тажрыйбаларынын негизинде 1831-ж. далилдеген.
Кыймылдагы магнит талаасынын таасири астында туюк откоргучто пайда болгон ток индукциялык деп аталат, ал эми индукциялык токту алуу кубулушу электр-магниттик индукция деп аталат.
Магнит канча кучтуу ,анын кыймылы канчалык тез , ошондой эле катушканын орому канча коп болсо ,ошончолук кучтуу индукциялык ток пайда болот. Эгер туюк катушканын жанына магнитти коюп же ал магнитти катушканын ичине киргизип койсок да магнит кыймылда болбосо индукциялык ток пайда болбойт. Мындан, туюк откоргучто индукциялык токту алыш учун бир гана магнит талаасынын болушу жетишсиз экендигин коробуз.Ал учун созсуз магнит кыймылда болушу зарыл.
Иштин журушу:
- Чынжырды туюктагыла .
- Катушканын ичине туз магнитти киргизуу менен мультиметрдин к
орсотуусунун сан маанисин байкагыла .
- Магнитти катушканын ичинен сууруп алуу менен мультиметрдин к
орсотуусунун азайганын байкагыла.
- Магнитти катушканын ичинде кыймылсыз калтырып мультиметрдин эч кандай сан маанисин к
орсотпогонун байкагыла.
- Схеманы чогулткула.
- Жыйынтык чыгаргыла.