Бүгүн биздин сабагыбыз “Боорукерлик” сабагы болмокчу. Мен силерди “Боорукерлик сабагынан көрүп отурганыма кубанычтамын. Бул сабак өзгөчө ат менен өзгөчө сабак болмокчу. Балдар бүгүн силер менен таңкалыштуу саякаттка чыгабыз. Ошентип силер менен жомоктор өлкөсүнө карай аттанабыз. Бирок бул өлкө өзгөчө өлкө, анткени таң калыштуу жана ажайып кооз. Бул өлкөдө сыйкырчылар мене аралашабыз өзүбүз да сыйкырлоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Элестетип көргүлөчү, боорукер сыйкырчы болуп, адамга кубаныч тартуулоо кандай гана жагымдуу экенин. Боорукер адам дүйнөгө,биз силер менен жашаган планетабызга, адамдарга ар дайым керек. Билебиз жакшылык баардык жакшы нерселер, оң сапаттар, кайрымдуулук-боорукердик, жардамын аябагандык, жакшылык жасоого умтулуу,көңүл калтырбагандык. Боорукер адам –адамдарды жакшы көрүп,аларга жардам берген адам. Боорукер адамды жаратылыш жан- жаныбар баардыгы сүйөт. Силер мене мүмкүнкүнчүлүгү чектелген адамдар жөнүндө сөз кылгым келип жата. Алар кимдер? _Силер көзү көрбөгөн адамдарды көрдүңөр беле? Кулагы укпаганчы? Алардын көрбөйт укпайт экендигин кантип билдиңер? Аларды ким деп коюшат? Мындай адамдар кайсы бир жерге барууда кыйналышабы? Силер менен оюн ойнойлу. Көзүңөрдү таңгыла, андан соң терезеде эмне болуп жата айтып бергиле? Демек ,көзүңөр байлангандан кийин силер алсыздыгыңарды,эмне кылууну билбей калганыңарды сездиңер. |