СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектеп окутуусунда гендердик-сезимталдык маамиле

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мектеп окутуусунда гендердик-сезимталдык маамиле»

  1. ТЕМА. МЕКТЕП ОКУТУУСУНДА ГЕНДЕРДИК-СЕЗИМТАЛДЫК МАМИЛЕ




3.1. тапшырма. Окуучу кыздардын жана эркек балдардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү тегерекчелер менен диаграмманы толтуруңуз. Кесилиште эки жыныска тең таандык өзгөчөлүктөрдү белгилеңиз.


О куучу кыздардын өзгөчөлүктөрү: Кыздардын баары – назик ,кыз эне болот,жыныстык жетилүүсү 12-14 жашта башталат.эмоцияларды козгогон активдүүлүк кырдалында жалпы активдүүлүк кескин жогорулайт.


Эркек балдардын өзгөчөлүктөрү: эркек балдар күчтүү,эркек ата болот, жыныстык жетилүүсү 13-15 жашта башталат,көбүрөөк толкундануучу,кыжырдануучу ,чыдамсыз токтоо ,агрессивдүү болушат, эмоционалдык факторго кыска, бирок жандуу реакция жасашат.

эркек балдар күчтүү, эркек ата болот, жыныстык жетилүүсү 13-15 жашта башталат,көбүрөөк толкундануучу, кыжырдануучу ,чыдамсыз токтоо , агрессивдүү болушат, эмоционалдык факторго кыска, бирок жандуу реакция жасашат.

Эки жыныска тең таандык өзгөчөлүктөр: бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөргө ээ, бирдей эркиндиктерге ээ.










Кыздардын баары – назик, кыз эне болот,жыныстык жетилүүсү 12-14 жаштан башталат. Эмоцияларды козгогон активдүүлүк кырдалында жалпы активдүүлүк кескин жогорулайт.
















3.2. тапшырма. Таблицада сиздин практикаңызда бар нерселерди белгилеңиз. Сиз кайсы ыкманы көбүрөөк колдоносуз?


3.1. Таблицасы Билим берүүдөгү гендердик жана жыныс-ролдук мамилелердин мүнөздөмөлөрү

Гендердик мамиле

(инновациялык)

Жыныс ролдук мамиле

(салттуу)

1. Гендердик стереотиптерди жумшартууга багыт берүү.

2. Класста жана класстан тышкаркы иш-чараларда эркектер менен аялдардын «табигый тагдырын» карама-каршы коюу боюнча педагогикалык байланыштын жоктугу.

4. Эркек балдарды жана кыздарды өз кызыкчылыктарына жана инсандыгына туура келген иш-аракеттерге үндөө.

5. Конкреттүү кырдаалга баа берүүнүн негизинде кыздардын жана эркек балдардын жүрүм-турумун кубаттоо.

6. Окуу жана тарбиялоо процессинде эркек балдар менен кыздардын өнөктөштүгүн колдоо.

7. «Милдет» деген риториканы «укук жана тандоо» деген түшүнүктөргө алмаштыруу.

1. Жыныс ортосундагы айырмачылыктарды баса белгилөө (акцент жасоо).

2. Эркектер менен аялдардын “өзгөчө бешенесине” багыт берүү.

4. «Бир жыныска таандык» иш-аракеттерди кубаттоо жана өзгөчө жүрүм-турумду айыптоо.

5. Жынысы боюнча жүрүм-турумдун түрлөрүн тандоо.

6. Катуу калыптанган жүрүм-турум стереотиптеринин бар болуусу.

7. Гендердик стереотиптерден четтөөлөрдү айыптоо.




ГЕНДЕРДИК-СЕЗИМТАЛДЫК САБАКТАРДЫ УЮШТУРУУ

Бөлүнгөн талдоо предметтерине карата гендердик-сезимталдык көрсөткүчтөр деп төмөнкүлөрдү эсептесе болот:

3.3. тапшырма. Сабак планына талдоо жүргүзүңүз. Таблицаны толтуруңуз.

3.2. Таблицасы. Сабак планын талдоо

Гендердик аспектилерди эске алган кайсы окутуу методикасын колдоносуз?


жынысына карабастан билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын укук жана эркиндиктерин бирдей камсыз кылуу менен чектелбестен ,балдар менен кыздардын өзгөчөлүктөрүн эске алам.


Кыздар менен эркек балдардын сабакка бирдей катышуусун камсыз кылуу үчүн кандай ыкмаларды жана методдорду колдоносуз?


Сабактын башталышында кыздар балдарга ,балдар кыздарга комплемент айттырам. Аларга бирдей тапшырма берем, тапшырмаларды текшергенде бирдей мамиле жасайм.


Кандай ыкмалар жана методдор окуучулардын сабакты түшүнгөндүгүн аныктоого мүмкүндүк берет. Конкреттүү мисалдарды келтириңиз.


Предметти окууга кыздар менен эркек балдардын бирдей активдүү катышуусуна дем берем , суроо-жоопто аларды бирдей катыштырам, эркек баланын жообуна кыздардан толуктоону суранам,же тескерисинче. Кыздар да, балдар да өз ойлорун айтышса, талкуу кызыктуураак болот.

Сиз класста окуучуларды кандай ыкма менен баалайсыз?



Кыз бала жана эркек балага алардын психологиясын эске алып ,мотивациялап баалайм.

Жумушуңузда эмнени оптималдаштыруу зарыл? Гендердик нейтралдуу тилди колдонуу, окуучуларды стимулдаштирууну оптималдаштыруу зарыл деп ойлойм.



БАЛДАР МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮДӨ ГЕНДЕРДИК-СЕЗИМТАЛДЫК ТИЛДИ КОЛДОНУУ


3.4. Таблицасы. Гендердик бейкалыс жана гендердик-сезимталдык тилди колдонуунун мисалдары

Гендердик-сезимталдык тилди колдонуу

Гендердик бейкалыс тилди колдонуунун мисалдары

Гендердик-сезимталдык тилди колдонуунун мисалдары


Экөөнү тең колдонгула

кыздар, балдар

кыздыкы - эркектики

Ар ким өз оюн бөлүшкөндө, талкуу кызыктуураак болот.

Кыздар да, балдар да өз ойлорун айтышса, талкуу кызыктуураак болот.


Жекеликтин ордуна

көптүк санды

колдонуу


Окууга үзгүлтүксүз даярданган окуучу ийгиликке жетет.

Окууга үзгүлтүксүз даярданган окуучулар ийгиликке жетишет.


Окуучуларга

пассивдүү формада

кайрылыңыз


Ар бир окуучу дептерлерин толтурушу керек.


Бардык дептер туура форматта

таризделиши абзел

Гендердик көз карашты сунуштаган же гендердик стереотиптерди бекемдеген сөздөрдөн алыс болуңуз

  • Ал өзүн кыздай алып жүрөт;

Аялдыкы (аялдыкы эмес), эркектики, (эркектики эмес) жумуш (иш);

  • Аялдын логикасы;

  • Эркекче кылуу;

  • Эркек болбойсунбу;

  • Эркектер көз жаш чыгарбайт;

  • Күчтүү (алсыз, сулуу) жан

  • Сен эрежелерди бузуп жатасын

  • Кызыктуу (кыйын, атайын көндүмдөрдү талап кылган ж.б.) жумуш

  • Жеке ой

  • Адептүүлүктү (токтоолукту, кайраттуулукту ж.б.) көрсөтүү

  • Ооруганда, корккондо же таарынганда ыйлоо кадимки нерсе



3.4. тапшырма. Мугалимдин айткандарын гендердик сезимталдыкка ылайыкташтыруу үчүн башкача айтыңыз.

3.5. Таблицасы

Мисалы

Гендердик-сезимталдык формасы.

"Кыздардын баары – назик, эркек балдар болсо күчтүү"

Кыздардын өзүнө жараша назыктыгы бар, ал эми балдар күчтүү болушат.

Эркектерди келечектеги Ата Мекенди коргоочулар катары тарбиялаш керек.

Бардык эркек балдар Ата Мекенди коргоочулары болуп тарбияланышы керек.

Аялдын башкы ролу – үй-бүлөө очогун жандырып туру.

Ар бир аял үй-бүлөө очогун жандырып турат.


ОКУТУУ ҮЧҮН ГЕНДЕРДИК СЕЗИМТАЛДЫК МЕЙКИНДИКТИ ТҮЗҮҮ

Окуу мейкиндигин уюштуруу – класска жана бүтүндөй мектепке – окутуу жана окуу процессине оң же терс салым алып келиши мүмкүн.

Классты гендердик факторлорду эске алуу менен жасалгалоодо төмөнкү жагдайларды эске алуу керек:

  • Кыздардын да, балдардын да катышуусун арттырган класстык бөлмөнү жаратуу.

  • Окуучуларды ачык айтууга жана уялчаактыктан арылууга үндөгөн парталардын жайлаштырылуусу.

  • Гендердик-сезимталдык билдирүүлөрдү жөнөтүүчү дубалдардагы көрсөтмө куралдар.

  • Окуучулардын жаш курагына ылайыктуу өлчөмдөгү, формадагы жана салмактагы парталар жана стөлдөр.


Көбүнчө мектептерде жана класстарда улуу окумуштуулардын – эркектердин портреттери бар, ал эми аялдардын образдары таптакыр жок.


3.5. тапшырма. математик айымдар жөнүндө маалыматтарды таап, алардын илимге кошкон салымын сүрөттөп бериңиз.

Математика жаатында биринчи орус аялдар окумуштуу-Софья Ковалевская - 1850-жылы туулган. Ал Петербург Илимдер академиясынын корреспондент-мүчө болгон. Дүйнөдөгү биринчи математик –профессор аял болгон.

Абройлуу Fields медалынын тарыхында биринчи жолу математик аял келди. Ал 37 жаштагы Мариям Mirzakhani болуп калды. Мариям Mirzakhani 1977-жылы Тегеранда туулган. Ал мектеп Farzanegan анын орто билим алган - кыздар үчүн атайын мектеп, Иранда өзгөчө талант өнүктүрүүнүн улуттук уюмунун курамында. 1999-жылы, ал Тегерандагы технологиялык Хан институтун бүтүргөн. 1999-жылы Мирзахани АКШга көчүп кеткен жана беш жылдан кийин, 2004-жылы Гарвард университетинин докторлугун алган. 2008-жылдан бери Стэнфорд университетинин математика боюнча профессору.




3.6. тапшырма. Төмөнкү мүнөздөмөлөрдү баалоо менен класстын жасалгасына көңүл буруңуз:

3.6. Таблицасы.

Класстын мүнөздөмөлөрү

Азыркы учурдагы көрсөткүчтөрү

Мүнөздөмөлөрү гендердик-сезимталдык педагогиканын талаптарына жооп береби? Класстын жасалгалоосун гендердик- сезимталдык кылуу үчүн эмнелерди өзгөртүү абзел/керек?

Класстык столдордун жана отургучтардын көлөмү жана формасын

норма

класстагы чөйрөнү ар бир баланын өз кызыкчылыктарын жана дараметин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой жасалгалоо зарыл

Досканын жасалгасын

норма


Дубалдын жасалгасын

көрсөтмө стенддер бар

бала түшүнүп жете тургандай жасалгалоо керек.

Текчелердин жайгашкан жерин жана бийиктигин

норма


Орундардын жайгашуусу - окуучулар кайда жана кимдер менен отурат

столдор 3 катарга жайгашкан, кыздар менен балдар жуп-жуп болуп отурушат.




КЛАССТА ЖАНА МЕКТЕПТЕ ГЕНДЕРДИК-СЕЗИМТАЛДЫК КОММУНИКАЦИЯНЫ ТҮЗҮҮ

Гендердик-сезимталдык окутууга өтүүгө жардам бере турган көрсөткүчтөр1


3.7. тапшырма. Төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:

3.7. Таблицасы.


ооба

жок

кээ бирде

Топтук тапшырмаларды бергенде окуучуларды жынысы боюнча бөлбөй, жана кыздар менен балдарды бир партага отургузамбы?


+



Класста кыздарга жана балдарга кайрылуунун жыштыгын байкап турамбы? Класстык талкуу учурунда кыздар менен балдардын ортосундагы суроолорду тең салмактаймбы, окуучуларды аты жөнүнөн атаймбы?

+



Мен кыздарга да, балдарга да бирдей жардам беремби?



+

Кыздар менен эркек балдардын окуусундагы болгон жетишкендиктерге менин күтүүлөрүм бирдейби?



+

Мен классыма салттуу эмес кесиптеги конокторду (аялдарды жана эркектерди) чакырамбы?



+

Кыздар менен балдарды бирдей тарбиялап жана бирдей мактоо сөздөрүн айтамбы?

+



Мектепте гендердик теңчилик жагдайлары пайда болгондо, мен окуучулар менен гендердик маселелерди демилгелеп талкуулаймбы?


+


Мен салттуу эмес гендердик ролдордо физикалык активдүүлүктү кубаттаймбы? Мисалы, мен кыздарды футбол ойноого же балдарды алакан чапканга үндөймбү?


+


Мен өзүмдүн тапшырмаларымды жана комментарийлеримди гендердик нейтралдуу адатта түзүп жатамбы?



+

Мен лидерлик ролдорду тең салмактап же тең бөлүштүрөмбү, балдарга да, кыздарга да бирдей колдоо көрсөтөмбү?

+



Мен сабактан тышкаркы (стулдарды жана отургучтарды көтөрүү же жылдыруу, тазалоо, чуркоо) милдеттерди эки жыныстын ортосунда бөлүштүрүүгө көңүл бурамбы?


+


Окуу китептери жана окуу материалдары гендердик-сезимтал экспертиза үчүн талдоодон өттүбү эле?


+


Окуу материалдарында же билдирүүлөрдөн кездешкенде мен стереотиптүү гендердик-ролдук жүрүм-турумга окуучулардын көңүлүн бурамбы?

+




Гендердик-сезимталдык билим берүүнүн максаты – гендердик айырмачылыктарды жоготпостон, балдарга салттуу гендердик социалдашуудан жана бейкалыс пикирлерден улам көбүнчө өнүкпөй калган жүрүм-турумду жана көндүмдөрдү сунуштоо болуп саналат.


3.8. Таблицасы. Кыздар менен эркек балдардагы гендердик сезимталдыктын маркерлери

Кыздардыкы сакталып турат:

Эркек балдарга азыркы эркектик формалар жөнүндө айтылып келет:

төмөнкү багыттарда компетенттүүлүгүн өнүктүрүү

өзүн өзү анализдөөдө;

- өзүнө ишенүү;

- билдирүү жөндөмдүүлүгү жана

чыр-чатакты чечүү көндүмдөрү;

- жогорураак

өзүн-өзү сыйлоо деңгээли;

- кээ бир предметтер

математика,химия, физика, информатикажана биология сыяктуу боюнча кызыгуу;

- Эркектердин үстөмдүгүнө

жана сексизмге карата

сын көз караштары.

- бийликти колдонуунун жана башкалардын үстүнөн башкаруунун ордуна өзүн өзү башкаруу жана өзүн изилдөө;

- жогорку статус үчүн күрөшүүнүн ордуна жакшы жөндөмдөрдү жана жакшы иш-аракеттерди өнүктүрүү;

- алсыздыкты айыптоонун ордуна сезимдерди жана айырмачылыктарды сыйлоо;

- карама-каршылыктарды зомбулуктун жардамы менен эмес конструктивдүү чечүү;

- үстөмдүк мамилелерди жаңылоонун ордуна гендердик теңчилик жана сексизмге каршы туруу жөнүндө билим.



ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРЫН ТАЛДОО ЖАНА БААЛОО


    1. тапшырма. Практикада колдонгон окуу китептерин талдап чыгыңыз. Окуу китептериңиздин бирин тандап, гендердик стереотиптердин бар-жогуна анализ жасаңыз:

Окуу китебиндеги сүрөттөрдү карап, төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:

С.К.Кыдыралиев .Математика 5-класс .13 бет.

- Сүрөттөрдө канча аял, эркек, кыздар, балдар бар - санагыла.

-Сүрөттө 5 кыз жана 4 бала бар.

- Алардын ролдору кандай?

-Алар көптүктүн элементтерин ролун аткарып жатат.

- Кандай ролдорду өзгөртүүгө болот?

-Кыздар жана балдар бул көптүктүн бөлүктөрү болуп саналат.

- Бул окуу китеби гендердик жактан сезимталдык мүнөөзүнө ээби?

Ролдор аялдарга жана эркектерге, эркек балдарга же кыздарга бирдей берилгенби.

-Ооба.



3.9. тапшырма. Гендердик-сезимталдык эмес тапшырмалардын мисалдарын келтирип, гендердик-сезимталдык формага ээ болуш үчүн кайрадан түзүңүз.


3.8. Таблицасы. Гендердик-сезимталдык тапшырмалардын мисалдары


Тапшырманын мисалы

Гендердик-сезимталдык формасы

1

Класстын 9 окуучусу эң жакшы бааларга окуйт.Сүрөткө карап эркек жана кыздар көптүгүнө ажыраткыла.

Класстагы эң жакшы окуган окуучуларды алардын назыктыгы жана күчтүүлүгүнө карай көптүктөргө ажыраткыла.

2

Класстагы 25 окуучунун 15 и эркек.Кыздар класстын канча бөлүгүн түзүшөт?

Кыздар жана балдар класстын кандай бөлүгүн түзүшөт?

3

Класста 24 окуучу бар.Алардин 12 си эркек.Доскага чакырылган окуучунун кыз бала болуу ыктымалдуулугун эсепте.

Класста 24 окуучу бар.Алардин 12 си эркек. Доскага чакырылган окуучунун кыз бала же эркек бала болуу ыктымалдуулугун салыштыргыла.


3.10-тапшырма. Гендердик-сезимталдык тилди колдонуунун мисалдарын “+” деп белгилеңиз


1.

Ар бир окуучу дептерлерин толтуруу керек.

2.

Ийгиликке үзгүлтүксүз окуган окуучулар жетишет

+

3.

Бул аялдын иши эмес.

4.

Ар бир адам – кыздар да, балдар да өз ойлорун бөлүшсө, талкуу кызыктуураак болот.

+

5.

Өзүңүздүн эң жакшы сапаттарыңызды көрсөтүңүз

+



1