СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нооруз майрамы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Нооруз майрамы»

Нооруз майрамы

Бул майрамдын тарыхын, маанисин билбей эле майрамдап жүргөн адамдарды көп кезиктиребиз. Ошондой эле Ноорузду улуттук майрам катары билген адамдар да жок эмес. Ал эми туура маалыматты билүү үчүн бул майрамдын кайдан келип чыккандыгы тууралуу тарых бетинен карай кетүүбүз абзел.

Нооруз бул байыркы жер бөлүштүрүү майрамы болуп эсептелет. Анын келип чыгышы жер бөлүштүрүү календары менен байланыштырылат.

“Нооруз” жаздын жаралышын билдирет. Ал чыгыш элдеринин маанилүү жана байыркы фестивалы болуп эсептелген. Ошондуктан бул майрам байыркы чыгыш календары боюнча “Жаңы жыл” болуп калган. Эгер аны жакшы маанай менен, жакшылап тосуп алса, ал жыл бою жакшы ийгиликтерди жана тоюмдуу жазды алып келет деп ишенишкен.

Бул майрам тууралуу маалымат зороастристтердин эң байыркы ыйык китеби Авестада айтылган. Ал эми ал официалдуу түрдө байыркы перстердин Ахемениддер империясында зороастриттердин диний майрамы катары белгилене баштаган. Ал салтка айланып калгандыктан, исламдын келишинен кийин деле майрамдоону уланта беришкен. Орто кылымда бул майрамда “жаратылыштын жылышын жана жаңыланышын кубанычтуу тосуп алыш керек “ деп, байыркы салттар боюнча элдер үйлөрүн жана айлана чөйрөсүн, үлүш жерлерин жакшылап тазалап, карыздарынан кутулушкан. Ушундай көптөгөн себептерден улам, жаз мезгилинин кирип келишин “Жаңы жыл”, “Жаңы күн” катары 21-мартта майрамдап келишүүдө. Бирок, Исламдын жайылышы менен Араб жарым аралынын, Чыгыш мамлекеттеринин жана Орто Азиянын кээ бир мамлекеттери бул күндү майрам катары кабыл алышпайт.