План
1.Окутуу технологиялары деген эмне?
2.Технологиялардын компоненттүүлүккө негизделиши.
3. Интерактивдүү усулдарды окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн активдешти- рүүнүн каражаты катары пайдалануу.
Окутуу технологиялары деген эмне?
Азыркы учурда дүйнөлүк педагогика предметтери, окутуу методикасы, жалпы эле адамзаттын башка иши технологияларга кызыгуусу эле өзгөчө кызыгууну жаратып жаткан учуру. Мындай интенсивдүүлүктүн бирден бир себеби технологиялалардын өсүшү менен гана байланыштуу эмес, илимдердин интеграцияланышы, инсандын өзүн өзү таанып билүүгө жакындашуусу менен да түшүндүрүлөт. Бернаул шаарынан А.В Петров, 20-кылымдын соңу Орусияда саясий социалдык-экономикалык тармактарда гана кризис болгондугун айтып келип, азыркы учурда мектептер жана жогорку окуу жайларын төмөн- күдөй технологияларды практикага активдүү киргизип жаткандыгын айтат.
1.Проблемалык окутуу. Анын маңызын, максатын үйрөнүп жаткандыгын, бара-бара атайын максат менен билимдүү, активдүү өздөштүрүү үчүн таанып билүүгө милдеттерди коюунун механизмдерин колдонуу.
2.Модулдук окутуу. Өз алдынча окуу программасы менен үйрөнүүчүнүн жекече ишмердүүлүгүн өнүктүрүшү. Анын максатка жетүү механизми үйрөнүүчүнү ар кандай индивидуалдуу темпте жана проблемалуу мамиле.
3. Өнүктүрүп-өстүрүүчү окутуу. Мунун маңызы үйрөнүүчү адамдын потенциал дык мүмкүнчүлүгүнө жана анын ишке ашырылышына негизделип, билим берүү, максатка жетүү механизми үйрөнүүчүнү ар кандай ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жана максатка алып баруу.
4. Дифференцилеп окутуу. Анын маңызы үйрөнүүчүнү жалпыга милдеттүү стандарттан төмөн түшүп кетпеген ар түрдүү пландалган деңгээлдеги программалык материалдарды окуп үйрөнүү,максатка жетүү механизми, индивидуалдуу окутуу методдорун колдонуу.
5. Активдүү окутуу. Анын маңызы билим берүүдөгү маалыматтарды издеп табуу, иштеп чыгуу жана өздөштүрүү ишмердүүлүгүнө багытталган жумуштарды өз алдынча ашыруу, максатка жетүү механизми үйрөнүүчүнү чыгармачыл ишмердүүлүккө тартуу үчүн оюн ыкмаларын колдонуу.
Соңку кезде поссоветтик өлкөлөрдүн педагогикасында, анын ичинде Кыргызстанда да технология деген термин эң эле модалуу түшүнүккө айланып келсе да, келбесе да туш келди урунуп жатабыз, деги анын мааниси биздин илим ар дайым идеал тутуп түздөнүп келчү орус педагогикасы кандайча түшүндүрөт экен ошону карап көрөлү.
Педагогикалык технологиянын аныктамалары, биримдиги, педагогикалык ишмердүүлүктүн терең процессин чагылдырган алардын өз ара таасир этүүлөрүн көрсөткөн окуу –тарбия процессинин натыйжалуулугун көтөрүүгө шарт түзүп берген педагогикалык билимдердин тармагы билим берүү процессин өзгөртүп жаткан шарттарында жогорку билим берүүнүн , ага прогноз жана диагностика берүү үчүн инструментарий даярдаган процедура лардын кыймыл аракеттеринин биримдиги.
Социалдык тажрыйбаларды чагылдыруунун форма, ыкма, метод жана каражатта биримдик байланышы ошол процессин техникалык жактан ишке ашырылыш жолу.
Окуу таанып билүү процессин уюштуруунун жолдорунун биримдиги же алдыга койгон максатка жетүүгө багытталган мугалимдин конкреттүү ишмердүүлүгү менен байланышкан белгилүү бир кыймыл аракеттердин операцияларынын ырааттуулугу.
Педагогикалык технология деген, демек , төмөнкүдөй процесстерди камтыйт.
Педагогикалык эффективди жогорулатуу усулдары жана ыкмаларды конструкциялоо,окутуу процессин проектирлөө жолу менен оптималдаш- тыруу.
Окутуунун активдүү методдору менен формаларын колдонгон педагогикалык технологиялар, оюн технологиялары, проблемалык өстүрүп-өнүктүрүп окутуу технологиялары окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирип окутуу ж.б.
Окутуу технологияларын өнүктүрүүнүн зарылдыгы.
Учурдагы кыргыз турмушундагы кризистин башка бир себеби бир коомдон экинчи коомго тоталитардык буйрукчул системалардан жарым-жартылай демократиялык коомго өтүү мезгилиндеги адамдардын аң сезиминдеги боштук мурдагы түзүлгөн идеалдардын кыйрашы , жаңы идеалдардын кыйрашы, жаңы идеялардын кыйрашы жаңы идеялардын жоктугу рынок шарттарына байланыштуу калктын психологиялык өзгөрүүлөрү, мектептин, ата-эненин мугалимдин жана окутуучунун башына түшкөн экономикалык кыйынчылыктар. Кыргыз мектептеринде көп колдонулуп келген сабак-класс системасы чынында окуучулардын миңдеген муунуна билим тарбия берип чыгарды жана азыр деле өз милдетин аткарып келе жатат. Биз да бул китепке көбүнчө негизинен окутуунун класс-сабак системасына ылайыкталган ыкмаларды жана жолдорду сунуш кылмакчыбыз.
Окутуунун инновациялык ыкмалары активдүү киргизилип, аны окутуу методикасында сабактарды жүргүзүүнүн жаңы жолдорун, каражаттарын табууда билим берүүнүн мазмунун жаңылоодо билим алуунун жыйынтыгын баалоодо көрүүгө болоорун айтып айтып келип, белгилүү инновация катары төмөнкүлөрдү көрсөтөт.
Башка деңгээлдеги класстарга өтүүгө укук гемогендик класстарды түзүү
Профилдик класстарды түзүү
Өз ара түшүнүшүү кырдаалдарын жараткан методикасын иштеп чыгуу
Оюн методикасында сабактарды уюштуруу
Долбоорлоо методу. Билим берүүнүн мазмунун түшүнүү жана түшүндүрүп берүү.
Предмет аралык байланыштарды пайдалануу менен предмет аралык байланыштарды уюштуруу
Окуу процессин адамдык ишмердүүлүк же тарыхый доордун тармактары менен байланыштарды түзүү
Компьютерлештирилген курстарды уюштуруу, толук өздөштүрүү принцибине негизделген технологияларды түзүү, жүктөө методу билим берүүнүн маданий же маданияттык профилдик улуттук аспектилерин бөлүп алуу программалык окутуу. Окуучунун жаңы билимге жетишүүсү үчүн изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн уюштуруу, билим берүүнүн натыйжаларын баалоонун методдору.
Рейтинг боюнча баа коюу.
Портфолио түзүү.