СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуу ылдамдыгы үчүн текст.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окуу ылдамдыгы үчүн текст.»

Адабий окуу 3-класс

Балапандар

Эрте жазда келишкен жуп чабалакей улам үйгө учуп кирип-чыгып жатышты. Өздөрүнүн тилинде сүйлөшүп, уя салуунун масилетин кылып жатышкандай.Сөрүнүн шыбына уя салууга киришишти. Улам бири чөп-чар тиштеп келип мыктылап, “кыш куюп ылай жасабай, ичин тышын шыбабай” кооз уя салып коюшту.Ага-инилер Азат менен Канат эң алгач үйгө кирип-чыгып жаткан чабалекейлерди кызыга караганы менен, кийин анча деле көңүл бөлбөй коюшкан. Экөө үйдө да, тышта да ынтымактуу ойношот, эгиздердей ээрчишип.

Арадан бир топ күндөр өттү. Сырттан учуп кирген жуп чабалекейдин бири уяга жакындаганда чыйпылдаган балапандардын үнүн, болор-болбос көрүнгөн баштарын эң биринчи болуп Канат байкады. Атасына колкабыш кылып жаткан Азатка бул жаңы көргөн жаңылыгын айтууга чуркады.Экөө кайра тызылдаган бойдон сөрүгө чыгышып, балапандарды көрүүгө аракет кылышты. Аңгыча дагы бир чабалекей жем тиштеп учуп келип, сары ооз балапандарына жедире баштады. “Чик-чирик” деп назик үн чыгарышкан балапандар бири-биринен талаша ооздорун ачып, жемге умтулушту. Экөө канчалык мойнун созуп,буттарынын учу менен туруп аракет кылса да, жем талашкан балапандарды даана көрө алышкан жок.Кечке айланчыкташып жатып, акыры Азат бут алдыга отургуч коюп көрөлү деген ойду айтты. Отургучтун үстүнө чыгып алып карады.Бирок дагы эле даана көрүнбөдү балапандар. Алар ата-энелери келмейин бири бирине ыкташып жата беришерин экөө кайдан билсин. Жерде турган Канат тынчы кетип, батыраак балапандарды көрүүгө шашты.









Жат жазуу 3-класс

Бакча

Калың бакты аралап келе жаттым. Бир кезде каршы алдымдан калың жүгөрүгө туш келдим. Бийик өскөн жүгөрүлөр желге эркелегендей шыбыр-шыбыр этет. Улам бир жүгөрүнү колум менен сыдырып, жол сала, өйдө карай жылдым. Аңгыча жүгөрүнүн арасынан кооз бакча көрүндү. Ак гүлдөрү, мончок-мончок бүчүрлөрү помидордун көркүн чыгарат. Андан көз албай көпкө турдум. (52 сөз)

























Жат жазуу 4-класс.



Мергенчи

Таң атты. Аркайган бийик чокулардын далдасында өзөндүн ичи ала күүгүм көрүнөт. Жарыкты утурлап чыккансып,алыстан уларлар ышкырат. Күрөң бышты минип, мылтык асынган бир бала тоону карай улам жогорулап баратты. Бул Керим эле. Анын жүрүшүнөн өзүнө толук ишеним менен бара жаткандыгы сезилет. Керимдин өзүнө ишене турган жөнү бар.Ал атасын далай жолу ээрчип, кээде ээн жерде атасы менен бирге түнөп калып да жүргөн.

Керим кийиктердин кандай жерлерде жүрө тургандыгын жакшы билет. (70 сөз )