СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Онлайн окутуудагы жат жазуу сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул сабак онлайн окууда өтө эффективдүү. Окуучуларга биринчи катасы бар текстти тууралап жазуусун сунуштоо керек. Окуучу аны жазып буткөн соң туура текстти беребиз.Окуучу туура текст аркылуу өзунүн ишин тууралайт жана баалайт.

Просмотр содержимого документа
«Онлайн окутуудагы жат жазуу сабагы»

Орфоргафиялык жана пунктуациялык жат жазуу

1-этап

Катасы бар текстти окуучуларга берүү. Бул текстти дептерге тууралап көчүрүүсүн сунуштоо.

КИТЕПКАНАДА

Биздин мектептин китепканасы экинчи кабата жайгашкан.

Китепканын окуу залынан окуучулар эч качан үзүлбөйт.

текчеде окуу китептери өзүнчө, методлык китептер өзүнчө,

программалар өзүнчө, жомок китептер өзүнчө шурдай тизилет.

Китепкананын ичи таптаза, жарык жана жылуу. Мээримдүү

сылык маданиятуу Лидия Михайловнаны бардык балдар

сүйүшөт сыйлашат. Албетте сылык маданияттуу мындай

тейлөөдөн кийин окурмандарыбыз китепканадан үзүлбөйт.

Мага Чыңгыз Айтматовдун жамийла деген китеби керек

эле. Бул китепти мен бүгүн толук окуп чыгууга тийишмин

чындыгынд бул чыгарманын мурда үзүндүсүн гана окуганын.

Эртең кыргыз адабияты сабагында бул китеп боюнча талкуу

болот.

-Саламатсызбы лидия Михайловна!

- Саламатчылык.

- Мага Чыңгыз Айтматовдун жамийла деген чыгармасы

керек эле.

албетте, бул чыгарма бар. Азыр эле сенин курбуң өткөрүп

кетти.

Көрсө менин курбум Индира да алыптыр. Сыягы кечээ алса

керек.

- Ырахмат сизге, лидия михайловна. жакшы калыңыз.

(121) сөз





2-этап

Катасы бар тексттиокуучулар тууралап жазып буткөндөн кийин, туура текстти берүү.

Окуучулар жазган иштери канчалык туура экендигин өзулөрү туура текст аркылуу баалоону сунуштоо.

КИТЕПКАНАДА

Биздин мектептин китепканасы экинчи кабатта жайгашкан.

Китепкананын окуу залынан окуучулар эч качан үзүлбөйт.

Текчеде окуу китептери өзүнчө, методикалык китептер өзүнчө,

программалар өзүнчө, жомок китептер өзүнчө шурудай тизилет.

Китепкананын ичи таптаза, жарык жана жылуу. Мээримдүү,

сылык, маданияттуу Лидия Михайловнаны бардык балдар

сүйүшөт, сыйлашат. Албетте, сылык, маданияттуу мындай

тейлөөдөн кийин окурмандарыбыз китепканадан үзүлбөйт.

Мага Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» деген китеби керек

эле. Бул китепти мен бүгүн толук окуп чыгууга тийишмин.

Чындыгында, бул чыгарманын мурда үзүндүсүн гана окуганмын.

Эртең кыргыз адабияты сабагында бул китеп боюнча талкуу

болот.

- Саламатсызбы, Лидия Михайловна!

- Саламатчылык.

- Мага Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» деген чыгармасы

керек эле.

- Албетте, бул чыгарма бар. Азыр эле сенин курбуң өткөрүп

кетти.

Көрсө, менин курбум Индира да алыптыр. Сыягы кечээ алса

керек.

- Ырахмат сизге, Лидия Михайловна. Жакшы калыңыз.

(121 )сөз