Тарбиялык саат.
9-класс Мугалим: Сатыбалдиева Жизель Маратовна
Темасы: Ооган согушу – айыкпас жара.
Сабактын максаты:
Окуучулар Афганистандагы 1979 – 1989 – жылдардагы жарандык согуштун себептерин жана коңшу өлкөлөрдүн бүгүнкү күндө да тынчсыздандырып келгендиги тууралуу түшүнүк алышат. Кыргызстандык, айылыбыздын жоокерлердин Ооган согушундагы эрдиктери жөнүндө маалымат алышат.
Окуучуар Ата – Мекенин сүйүүгө жана коргоого тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: ТСО, ооган жоокерлерине, баткен когалаңына катышып келген жоокерлерге арналган буклеттер, учкул сөздөр, сүрөт галереясы.
Сабактын жүрүшү:
Мугалим:
Саламатсыздарбы!
15-февраль Советтик аскерлеринин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу жолугушуу кечесине кош келипсиздер.
Бүгүнкү сабагыбызды биз Ооган согушуна катышып келген жоокерлерибизге арнайбыз, ооган согушуна катышып айылыбызга аман келип, бирок бүгүнкү күндө арабыздан кайткан жоокерлерибизге арнайбыз, ооган согушуна катышып, ошол жактан кайтпай калган жоокерлерибиздин жаркын элесине арнайбыз, Баткен коогалаңына катышып келген жоокерлерге арнайбыз.
1-окуучу:
Афганистан – бул сөздү укканда Афган мамлекетин, анын элин эмес,
согушту, тынымсыз кан төгүүлөрдү элестетебиз.
2-окуучу:
10 жылга созулган бул согуш энелерди уулдарынан,
сүйгөн жарды жубайынан ажыратты.
3-окуучу:
Кыргызстандан Афганистанга 7000ден ашуун адам жөнөтүлүп, анын ичинен 300дөн ашык жигиттерибиз окко учкан, 500дөн ашык аскерибиз майып болуп, 4 Кыргызстандык дайынсыз жоголгон.
Бул расмий маалыматтан, ал эми чындыгын эч ким билбейт.
4-окуучу:
Эр жигиттин милдетиго мекен коргоо,
Кыйналып азап тартуу, жүрөк толгоо.
Абийирин, ар намысын сактап калуу,
Жоокердин эрдиги бул антты бузбоо.
Хор ыр: “Эр жигит эл четинде”.
Мугалим сөзү:
Мына ушул Ооган согушуна айылыбыздан барып катышып келген жоокерлерибиз бар алар:
Абдраимов Тынчтыкбек Смаилович
1967-жылы Чүй областынын Панфилов районунун Күрпүлдөк айылында жарык дүйнөгө келген. 1974-жылы Күрпүлдөк орто мектебинин 1-классына кабыл алынган. Орто мектепти бүткөн соң Советтик Армияга чакырылган. Афганистанда 1985-1987-жылдары кызмат өтөгөн. Армиядан келгенден кийин Ярослав колхозунда кыркымчы болуп иштеген. 1993-жылдан баштап Кара-Балта базарында эт чапкыч болуп иштеген. Азыркы мезгилде эс алууда. Үй бүлөлүү, 3 уулдун атасы, 3 небереси бар.
Биз Сиз менен сыймыктанабыз!
Сыдыков Алыбек Сукамбердиевич
1962-жылы 17-февралда Чүй областынын Панфилов районунун Күрпүлдөк айылында жарык дүйнөгө келген. 1969-1979-жылдары Күрпүлдөк орто мектебинде билим алган. Орто мектепти бүткөн соң 1975-1977- жылдарда Н. К. Крупская атындагы Республикалык спорт профилдеги мектеп интернатында окуган. 1981-1987-жылдары Афганистан Демократиялык Республикасында СА-нын катарында кызмат өтөп, жигердүүлүгүн көрсөткөн. 1983-1987-жылдары КМУУнун экономика факультетин ийгиликтүү окуп аяктаган. Эмгек жолун 1987-1988-жылдары Фрунзедеги №1 тамак-аш комбинатында баштаган. Ушул эле жылдар аралыгында Фрунзедеги “Промтовар” бирикмесинде бухгалтер, 1990-1999-жылдары “Өзгөрүм” мамлекеттик соода ишканасында бухгалтерлик кызматын өтөгөн. 1999-2001-жылдары “Ооган согушунун майып ардагерлери” коомдук фондунун төрагасы болгон. Ошол күндөн тарта мамлекеттик кызматты өтөп келет. Күрпүлдөк эли патриот уулу менен сыймыктанат.
Качкынбаев Чолпонбек Абышевич
1962-жылы 25 июнда Панфилов районунун Күрпүлдөк айылында жарык дүйнөгө келген. Мектеп жашына чейин айылдык бала бакчада тарбияланган. Мектеп босогосун 1969-жылы аттап, 1979- жылы ийгиликтүү аяктаган. 1979-1980-жылдары Фрунзедеги №100 кесиптик училищага кирип, электрик кесибин алып чыкан
1981-1983-жылдары Афганистан жергесинде аскердик кызматын өтөгөн. Миндеген жоокерлердин өмүрүн алган афган согушуна кыргыз жоокерлери өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн, бийликтин тапшырмасы менен кеткен.
Азыркы учурда үй-бүлөлүү 3-кыздын атасы, неберелүү.
Биз Сиз менен сыймыктанабыз!
Сыдыгалиев Шубак Сонорбекович
1961-жылы 29-январда Чүй областынын Панфилов районуна караштуу Күрпүлдөк айылында Сонорбек ата менен Кантай апанын үйү шанга бөлөнгөн. Себеп дегенде алардын үйүндө толуктоолор болуп, Кантай апа Шубак аттуу наристени жарык дүйнөгө алып келген. Чубак байкенин балалыгы мыкты көз ирмемдерге бай, ата-эненин мээримние бөлөнүп чоңойгон. 1968-жылы айылдагы Күрпүлдөк орто мектебинин босогосун аттап 1978-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1982-жылы Фрунзе шаарындагы Сельхоз институтка Ветфакка тапшырып 2-курс болгондо турмуш шартына байланыштуу окуудан чыгууга мажбур болот. 1984-жылдан баштап МТФда саанчы, тракторист болуп эмгектенген.
Азыркы күндө Анара эже менен очор-бачар болуп жашап 2 кыз, 1 уулга татыктуу тарбия берип келишет. Балдары: Бактыбек, Бактыгүл, Самара. Жалпы 10 небереси бар.
Биз Сиз менен Сыймыктанабыз!
Мугалим:
Ооган согушуна катышып айылыбызга аман келген, бирок азыркы күндө арабыздан кеткен жоокер аталарыбыз.
Осмонов Кумарбек Кубаканович
1960-жылы, 13-февралында Чүй областына караштуу Панфилов районунун Каинда шаарында төрөлгөн. 1967-жылы К.Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк орто мектебинин босогосун аттап, 1977-жылы жалпы орто билимин аяктаган. 1979-жылы Казак Республикасынын Алма-Ата шаарында аскер кызматын өтөгөн. Ал жактан Өзбекстан мамлекетине алынып келип, андан Афганистанга алып кеткен. Ал жакта телефон оператору болуп иштеген. Аскердик милдетин аткарып келгенден кийин милиия кызматын өтөгөн. Бир уул, үч кыздын атасы. Дүйнөдөн 8-июнь 2016-жылы кайткан.
Иманалиев Айдар Мырзабекович
1963-жылы 11-февралда мурдагы Калинин районуна караштуу Күрпүлдөк айылында туулган. 1970-жылы сентябрда Күрпүлдөк орто мектебинин 1-классына кирген, окуп жүргөндө өзгөчө зээндүү, акылдуу бала эле. Окууну “4”, “5” деген бааларга окуду. 8-класстан 10-класска чейин мектептин комсомол уюмунун секретары коомдук милдетти аткарып келди. 1980-жылы мектепти аяктап, 1981-жылы 17-июнунда аскердик кызматка чакырылды. Атайын даярдыктан өтүп Ооган жериндеги коогалаңга катышып, өз аскердик-интернационалдык милдетин аткарып 1983-жылы жайында өз мекенине кайтып келген. 1984-жылы Казакстандын Караганда шаарындагы Кооперативдик институтуна тапшырып, 1989-жылы аяктап, Товаровед жана азык-түлүк эмес товарларды сатууну уюштуруучу кесибине ээ болуп, Кыргыз вин-шампан комбинатында көп жыл эмгектенген.
Өзгөчө хоббиси гүл өстүрүү болгон. Гүлдүн түрлөрүн үйүндө өстүрүп, ал эмес тропик жемиши болгон лимонду үйдө өстүрүп, кайчылаштырып, түшүм алып баарыбызга ооз тийгизээр эле. Үй бүлө күтүп, бир уулдун атасы болду. Интернационалдык милдетин аткаргандыгы үчүн бир нече сыйлыктарга ээ болгон.
Ооган согушунун кесепетинен ден-соолугу начарлап, 57 жашында катуу оорудан улам 2020-жылдын 23-октябрында дүйнө салды. Айдар жалпы эле Күрпүлдөк элинин, өзгөчө классташтарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Урматтоо менен эскерген классташы Бейшегүл.
Арыкбаев Абдыманап Темирбекович
1960-жылы 14-октябрда Ош областына караштуу Баткен району, Дара айылында мугалимдин үй бүлөсүндө туулган. 1967-жылы азыркы К.Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк орто мектебинин 1-классына барган. Окуп жүргөндө тартиптүү, зээндүү, алдыңкы окуучулардын бири болгон. Өзгөчө орус тили, математика сабактарын абдан жакшы өздөштүргөн. Классташтарынын арасында үлгүлүү окуучу, бекем достукту баалаган. Ак көңүл, ар бир коомдук иштерге активдүү катышып 1977-жылы 9-классты аяктап, 1980-жылы Советтик Армияга чакырылган. 6 ай кызмат өтөгөндөн кийин Ооган жеринде бир жарым жыл старший лейтенант деген наам менен өз элине кайткан.
“Жоокер интернационалист”, “Өзгөчө эрдиги үчүн” Афганистандын Герат деген шаарында ордендер менен сыйланган ж.б. көп сыйлыктарга ээ болгон.
Үй бүлөлүү 2 кыздын атасы болгон.
2002-жылы 2-декабрда Ооган согушунун кесепетинен 42 жашында дүйнөдөн кайткан.
Абдымаматтын жаркын элеси бир туугандарынын, кыздарынын, классташтарынын эсинде сакталат.
Бир туугандары: Малик, Калбү, Айгүл,
Айсулуу, Азиз, Каныш, Нурлан.
Кыздары: Гүлжамал, Нурзада.
2024-жыл. 15-февраль.
Мугалим сөзү:
Алардын көбү согуштан жараат алышты.
Айрымдары өмүрүнөн айрылды.
Мекенине аман болсо жүрөктөрү жаралуу,
кайтыш болсо сүрөттөрү
жана мейиттери барып жатты.
Арууке:
-Алтынбегим, -тогуз баламдын бешинчиси, журөгүмдүн жарымы эмес беле. Өзүм сыяктуу иштерман болчу кагылайын. Баланын да энеге жакыны, өзгөчө боорукер, жароокери болот турбайбы. Армияга 18ге жеткирбей эле алып коюшту. 20га чыкканда өлдү деген кара кагаз сөөгү менен келди. Эс учумду билбей жыгылган экемин, аны кантип жерге жашырып, кимдер боздоп, өксүп ыйлап узатканы эсимде жок. Күнүм Алтынбегим менен кошо түгөндү, эми жашабайм, -деп шерт кыла ойлодум эле. Жок болбоду күндөрдүн биринде кайра тирилдим кагылып кетейин...
Сага бир жоругун айтып берейин кагылып кетейин. Көп аялдар кызылча талаасында иштейбиз. Алтынбегим ошондо да жаныма жакын: -Сен кете бер апа, мен нормамды бүтүрүп коюп барам, -деп ойной турган оюнун калтырып, талаага жетип келет. "Сенин балаң башкача бала", -деп аялдар мага суктанышат. Азыр балама көз тийдиби деп да ойлоп кетем. Эртеси тажадыбы десем, дагы эле ошондой. Анан аялдар баламдын иштерманын көрүп жөн турчубу, он кайталап тамашалашат: "Ай Алтынбек, менин кызымды сүйөсүңбү, күйөө бала кылып алайын?"-деп сөз ыргытышат.
Анда Алтынбек, эгер Байбакирди сүйсө алам, экөөбүз бир аял алабыз!,-деп... Байбакир ким десе менин досум,- дечү эле. Тагдырды карабайсыңбы, жан досу Байбакир да Ооган жеринде душмандар менен согушта каза болуп сөөгү келди...
Ээээ кудай мунжу болуп калса дагы, жоон сандан ылдый жулдуруп келсе да алпештеп албайт белем! Кызылча талаасынын четине отургузуп коюп, өзүм иштей бермекмин...
Көчөров Байбакир Сагынбаевич
1962-жылы 8-июнунда Панфилов районуна караштуу Күрпүлдөк айылында төрөлгөн. 1969 – жылы Күрпүлдөк орто мектебинде окуган. 1977 – жылы Кара-Балта шаарындагы №7 ПТУ училищаны аяктаган. Айылдагы колхоздо эмгектенген. 1981-жылы 6-апрелде Панфилов Аскердик Комиссариатына чакырылган. Туркменистандагы Ашхабад шаарында аскердик милдетин өтөп жатканда Афганистанга которулган. 1982-жылы 6-сентябрда Кундуз шаарында ротадагы командирин куткарып, өзү душмандардын снайпердик огунан каза тапкан.
Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
(Клип Роза Аманова) окуучулардын аткаруусунда.
Мугалим сөзү:
Биз жылды ооган согушунун ардагерлери менен кошо Баткен коогалаңына катышып келеген жоокерлердин эрдигин да атйп жүрөбүз.
Баткен коогалаңы
1999-жылы 23-август күнү Баткен районунан 150 км алыстыкта жайгашкан Алтын жайлоо жана Самаркандек айылында азиат тибиндеги белгисиз 150дөй куралчан адамдар басып киришип, Алтын жайлоо жергесиндеги геологдордун убактылуу баш калкалаган жерине кол салышып, ИИМдин ички аскерлеринин башчысы генерал майор Р.Саматов, 4 япон жана алардын котормочусун ошондой эле Орто сай капчыгайындагы 40 чамалуу үйдү барымтага алышкан. Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтун негизги максаты, расмий бийликтин өкүлдөрүнө берген билдирүүлөрүнө караганда Кыргызстан менен эч кандай талаш-тартыштары жок. Ал эми Баткен окуясы Өзбекстанга каршы-иш аракеттерден улам келип чыккандыгын билдиришти. Өзбекстандын чек арасына өтүү үчүн душмандарга жол ачып берүүгө мыйзам жол бербейт. Ушуну менен бирге эл аралык укуктун чегинде мамлекеттердин эгемендүүлүгүн сактоо жөнүндөгү БУУнун келишими кабыл алынган. Террорчулардын бул аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган сырткы душман катары эсептелип, республиканын аймагынан сүрүп чыгаруу жөнүндөгү чечим кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын мекен сакчылары, өз ыктыяры менен мекенди коргоочулар, террористерди талкалоодо, чек арадан сүрүп чыгарууда чыныгы эрдиктерди көрсөтүшүп, айрымдары баатырларча курман болгон. Ушул Баткен коогалаңына да биздин айылыбыздын жигиттери катышып келишти. Алар:
Иманалиев Эдил Жеңишбекович
1980-жылы февралда Чүй облусунун Панфилов районунун Күрпүлдөк айылында жарык дүйнөгө келген. 1988-жылы Күрпүлдөк орто мектебинин 1-классына кабыл алынган. Орто мектепти бүткөн соң 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Баткен областына аскердик кызматын өтөө үчүн чек араны коргоого чакырылган.
Азыркы мезгилде үй-бүлөлүү. 3 кыздын атасы.
Биз Сиз менен сыймыктанабыз!
Сапарбаев Соотбек Уркунбаевич
1981- жылы 11- февраль Панфилов - районунун Күрпүлдөк айылында туулган. 5 бир тууган, уулдардын улуусу. 1987- жылы Күрпүлдөк орто мектебине 1- класска кирген. 1998 жылы 11- классты аяктаган. 1999- жылы май айында Баткенге армияга мекенди коргоо атуулдук милдетин өтөөгө барган. 2000- жылы ноябрь айында кызматын өтөп келген.
Учурда үй-бүлөлүү, 4 баланын сыймыктуу атасы.
Биз Сиз менен сыймыктанабыз!
Койчубаев Марат Тыныбекович
1981- жылы 9 – декабрда Панфилов - районунун Күрпүлдөк айылында туулган. 4 бир тууган. 1987- жылы Күрпүлдөк орто мектебине 1- класска кирген. 1998 жылы 11- классты аяктаган.
1999- жылы май айында Баткенге армияга мекенди коргоо атуулдук милдетин өтөөгө барган. 2000- жылы ноябрь айында кызматын өтөп келген. Учурда үй-бүлөлүү, 5 баланын сыймыктуу атасы.
Биз Сиз менен сыймыктанабыз!
1-окуучу:
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргызымдын жигиттери.
Чок кармаган баатыр бол деп,
Чоң аталар өстүргөн, сени, мени.
Обондуу ыр “Ата журт” Трио Сүймөнкул, Абдурахим, Нурбол.
2-окуучу:
Мен кыргызмын, кыргыз болуп төрөлгөн,
Элим кыргыз, жерим кыргыз мен өскөн.
Жаным кыргыз, каным кыргыз болгон соң,
Жашап өтөм кыргыз бойдон дүйнөдөн.
Хор “Кыргызстан” 9-класстын аткаруусунда.
1-окуучу:
Класс түздөн, түз тур. Сөз эжеде
Мугалим сөзү: Жыйынтыктайт.
1-окуучу:
Биз 9-класттын окуучулары эрдиктери менен бизге өрнөк болгон аталарыбыздын, агаларыбыздын алдында кутман элибизди, ыйык жерибизди коргоого, мекендин келечеги үчүн илим-билимдүү болуп, ак жашап, ак иштөөгө кыргыз элинин атуулу катары ант беребиз. (3жолу чогуу: Ант беребиз! Ант беребиз! Ант беребиз! ).
Мугалим: Ушуну менен 9-класстын тарбиялык сааты аягына келди.
Сөз коноктордо.