СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Орфоэпия жонундо тушунук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Орфоэпиянын көлөмү ар түрдүү аныкталып да жүрөт. Кеңири түшүндүрүүдө фонемаларды колдонуу жана фонемалардын аллофондорун айтуу эрежелери катары каралса, тар түшүндүрүүдө фонемалардын гана колдонулуш эрежелери катары аныкталат. Орфоэпияны туура аныктоо, эң алды, сегменттик (фонемалык) жана суперсегменттик (басым, интонация) бирдиктерди нормага ылайык колдонуу, нормага ылайык айтуу менен шартталат. Фонемаларды нормага ылайык колдонуу деген фонемаларды туура колдонуу, туура, так айтуу, сөздө аларды туура жайгаштыруу, ар бир фонеманы өз-өзүнчө так, ачык бөлүп айтуу дегенди билдирет.

Орфография сыяктуу эле тилдик ички категория катары Орфоэпиялык норманы анын кодификацияланган нормасынан айрып түшүнүү зарыл. Орфоэпиялык норма – бул бир эле кубулушту белгилөөнүн, тигиндей же мындай айтуунун потенциалдуу мүмкүнчүлүгүнүн бар экендиги жана ошого карата сырттан таасир этүүнүн жыйынтыгы, натыйжасы, б.а. тилдик айтылыштын өзүнүн ички объективдүү импаненттүү нормасы, тигил же бул сөздү, тыбышты туура айтуунун табигый көрүнүшү. Ал эми кодификациялык норма – бул объективдүү, импаненттүү тилдик табигый же сырттан таасир этүүнүн натыйжасында аныкталган норманын эреже, талап, көрсөтмө катары сөздүктөрдө, окуу китептеринде, грамматикаларда көрсөтүлүшү, берилиши, жазылышы. кодификацияда кайсынысын туурасы катары колдонуу сунушталат, көрсөтүлөт. Реалдуу, табигый Орфоэпиялык нормага кодификацияланган норманын канчалык төп, дал келгендигине жараша айтылыштын, б.а. Орфоэпиянын тактыгы аныкталат. кодификацияланган норма ар дайым реалдуу, объективдүү, тилдин учурдагы өнүгүш, колдонулуш нормасынан артта калат. Анткени ал китепке жазылган эреже-талап катары мурдатан тизмеленген норма болсо, жандуу тилдин айтылышында өзгөрүү аз эле мезгил ичинде да боло берет. Ошондуктан кодификацияланган нормалар, талаптар Орфографияда да, Орфоэпияда да мезгил-мезгили менен такталып, жаңыртылып, тил колдонуудагы реалдуу, табигый нормага шайкеш оңдолуп туруусу зарыл.