Практикалык сабак № 13
Сабактын темасы: Өтмө металлдардын химиясы
Сабактын максаты: Өтмө металлдардын мезгилдик системадан алган
ордун билишет;
Жез, цинк, титан жана хром подгруппаларынын жаратылышта
кездешүүсү, алынышы жана касиеттери менен таанышып
заттардын айланууларына теңдемелер түзө алышат.
Практикалык сабакта аткарылуучу тапшырмалар | Баалоо критерийлери |
1.Өтмө металлдардын мезгилдик системадан алган ордун менен таанышат; 2.Жез, цинк, титан жана хром подгруппаларынын элементтеринин жаратылышта кездешүүсүн, алынышын жана касиеттерин окуп үйрөнүшөт; 3.Өтмө металлдардын касиеттерин жана алынуу жолдорун билүү менен айланууларды иштешет | 1. Өтмө металлдардын мезгилдик системадан алган ордун көрсөтө алса; 2.Жез, цинк, титан жана хром подгруппаларынын элементтеринин жаратылышта кездешүүсүн, алынышын жана касиеттерин билсе; 3.Өтмө металлдардын касиеттерине жана алынышына ылайык теңдемелди түзө алса |
ттттттттттттттттттттттттттттттттттттььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььььь
топтун тапшырмасы: Өтмө меатллдардын мезгилдик системадан алган ордун мүнөздөп, алардын электрондук конфигурацияларын түзүү
Д.И.Менделеевдин мезгилдик системасындагы кошумча подгруппасында жайгашкан металлдардын бардыгы d – элементтер болуп саналат. Аларга: скандий, титан, ванадий, хром, марганец, темир, кобальт, никель, жез, цинк деп аталган 10 элементтин катарындагы элементтер кирет. Бул элементтердин атомдорунун сырткы электрондук катмарында s- эки электрон сакталып турат. Ал эми кийинки калган электрондору астыңкы (n-1)d катмарында жайгашкан. Ошондуктан аларды өтмө металлдар деп аташат. Айрым металлдарда, мисалы, жез, хромдо сырткы электрондордун өтүшү жүрөт да эң сырткы деңгээлинде жалгыздан бир электрон калат. Мына ушундай касиеттери менен башка металлдарды айынмаланат. VIII группадагы айрым d – элементтери: рутений, осмий, максималдуу кычкылдануу даражасы +8ге барабар болгон бирикмелерди пайда кылат.
Кошумча подгруппадагы металлдардын атомдорунун кычкылдануу даражаларынын жогорлашы менен алардын оксиддеринин, гидроксиддеринин негиздик касиеттери төмөндөп, кислоталык касиетери жогорулайт.
Өтмө металлдардын атомдорунун электрондук түзүлүшүн түзүү
Sc + 21e 1s2, 1s22s6, 3s2 3s6 3d1, 4s2
Ti + 22e
V + 23e
Cr + 24e
топтун тапшырмасы: Өтмө металлдардын группалары боюнча подгруппаларга бөлүү
1.Жез подгруппасынын металлдары. Жез подгруппасынын металлдарына үч элемент кирет: жез, күмүш, алтын, алар шелочтуу металлдар сыяктуу эле эң сырткы деңгээлигде бирден s- электрондору бар, айырмасы акыркы катмарында 3s2 3s6 3d10 – 18 электрондун болушу бул элементтерге туруктуулук касиетти берип турат. Шелочтуу металлдардан кескин айырмачылыгы жез, күмүш, алтын кыйындык менен кычкылданышат, кычкылтекте туруктуу болот, жез подгруппасынын металлдарынын активдүүлүгү жогоруда белгиленген катарда азаят. Оксиддери, гидроксиддери сууда эрибейт, начар гидроксиддерге кирет. Металлдардын активдүүлүк катарында суутектен кийин турушат. Бирикмелеринде жез +1, +2, күмүш +2, +3, алтын +1, +3 кычкылдануу даражасын көрсөтөт жана валенттүүлүгү кычкылдануу даражаларына туура келет.
2.Цинк подгруппасынын металлдары. Аларга: Цинк, Кадмий, Сымап мезгилдик системасынын II подгруппасынан орун алган. Бул элементтердин шелочтуу жер металлдарынан өзгөчөлүгү (n-1)d АОбардыгы 18 электрон, ал эми акыркы электрондук деңгээлинде 2ден электрону болот. Химиялык реакцияларга киргенде цинк подгруппасынын өтмө металлдары эң сырткы орбитасындагы эки электрондорун жоготушат да +2 кычкылдануу даражасы менен бирикмелерди пайда кылышат. Алар шелочтуу жер металлдарынан айырмаланып, өздөрүнө мүнөздүү комплекстүү бирикмелерди түзүүгө жөндөмдүү болушат. Цинк подгруппасынын элементеринин бардыгы күмүш түстүү жалтырак, кристаллдык түзлүшкө ээ болгон металлдар, сымап кадимки шартта суюк абалда болот. Сымап металлдардын электр – чыңалуу катарында суутектен кийинки орунда турат, ошондуктан кычкылтектин таасирине туруктуу келет. Цинк подгруппасынын элементтеринин оксиддери амфотердик касиеттерге ээ болушат, начар негиздик касиеттерге ээ.
3.Титан подгруппасынын металлдары. Эң сырткы орбитасында 2 электрону, ал эми астыңкы катмарында 2,6,2 электрону бар. Химиялык реакцияга киргенде титан, цирконий, гафний 2,3 кээде 4 электронун берип, бирикмелерди пайда кылат. Ошондуктан алар кычкыдануу даражалары Ме+4, Ме+3, Ме+2ни көрсөтүшөт. Титан подгруппасындагы элементтердин эң туруктуу бирикмелери кычкылдануу даражалары +4 блгон учуру.
4.Хром подгруппасынын металлдары. Хром, молибден, вольфром элементтери кирет. Хром менен молибден эң акыркы катмарында бирден электрону бар, астыңкы катмарында 2,6,5 электрон жайгашкан. Ал эми вольфрамдын эң акыркы катмарында 2 электрон, астыңкы катмарында 2,6,4 электрон жайгашкан. Химиялык реакция учурунда хром, молибден, вольфрам бирикмелеринде 2,3,4,5,6 валенттүүлүктү көрсөтүшөт. Хром подгруппасындагы элементер катуу, жалтырак, жогорку температурада балкып ээрий турган металлдар. Бирок хром молибден менен волфрамга салыштырмалуу морт, үбөлөнмө келет. Молибден катуу болгону менен жакшы жылмаланып, жогорку температурага ал каңдоого, чоюуга элпек келет. Вольфрам бардык металлдардан ичинен өтө жогорку температурага туруштук берет, 3410°Сде эрийт. Химиялык активдүүлүгү боюнча хром подгруппасындагы элементтер төмөнкү активдүүлүктү көрсөтүшөт.
3 – Өтмө металлдардын химиялык касиеттерин үйрөнүү
Жез подгруппасынын элементтеринин химиялык касиеттери. Жез активдүүлүгү боюнча күмүш жана алтындан айырмаланат. Жез кадимки шартта кычкылтек менен жай кычкылданат. Температураны 400°С ден жогору берсек толук кычкылданып, жез оксидин пайда кылат. Эгерде кычкылтек жетишсиз болсо, анда жездин (I) оксидине чейин кычкылданат.
4Cu + O2 → 2Cu2O 2Cu + O2 → 2CuO
Cu + CI2 → CuCI2 Cu + S → CuS
Жез татаал заттар менен да реакцияга кирет. Мисалы, концентрацияланган туз жана күкүрт кислоталары жылуулуктун таасири менен реакцияга кирсе, кадимки шартта концентрацияланган азот кислотасы менен аракетене алат:
2Cu + 4HCI(к) + O2 → 2CuCI2 + 2H2O
Cu + 2H2SO4(к) → CuSO4 + SO2 + 2H2O
Cu + 4HNO3(к) → Cu(NO3)2 + 2NO2 + 2H2O
Цинк подгруппасынын элементеринин химиялык касиеттери. Цинктин химиялык активдүүлүгү шелочтуу жана шелочтуу жер металлдарынан начарыраак. Цинк кадимки температурада суу менен реакцияга кирбейт, ал эми температураны жогорулатууда цинк суу менен активдүү реакцияга кирет.
Zn + H2O = ZnO + H2↑ Zn + 2H2O = Zn(OH)2 + H2↑
Температураны көтөрүү менен галогендер менен реакцияга кирип, галогениддерди – туздарды пайда кылат:
Zn + F2 = ZnF2 Zn + CI2 = ZnCI2
Zn + 2HCI → ZnCI2 + H2↑
Zn + 2H2SO4(к) → ZnSO4 + SO2 + 2H2O
Zn + 4HNO3(к) →Zn(NO3)2 + 2NO2 + 2H2O
Цинк шелочтор менен амфотердик касиетин көрсөтүп, суутекти бөлүп чыгарат:
Zn + 2NaOH + 2H2O = Na2[Zn(OH)4] + H2↑
Цинк металлдардын активдүүлүк катарында өзүнөн кийинки металлдарды бирикмелеринде сүрүп чыгара алат.
Zn + CuSO4 = ZnSO4 + Cu
Титан подгруппасынын элементтеринин химиялык касиеттери. Титан кадимки температурада коррозияга туруктуу, ал эми 610°С кычкылтекте күйөт. Титан майдаланган абалында суу менен реакцияга кирип, суутекти сүрүп чыгарат:
Ti + 2H2O = TiO2 + H2↑
Титан бардык галогендер менен активдүүлүгүнө жараша реакцияга кирип тетра галогениддерди пайда кылат:
Ti + 2F2 = TiF4 Ti + 2I2 = TiI4
Суютулган кислоталардан суутекти сүрүп чыгарат:
Ti + 4HCI = TiCI4 + H2↑
Титан падыша арагында жакшы эрийт.
3Ti + 12HCI + 4HNO3 = 3TiCI4 + 4NO + 8H2O