СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Python тилинде киргизүү жана чыгаруу операторлору.

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Python тилинде киргизүү жана чыгаруу операторлору.»

Мөөнөтү





Карап чыктым






Мугалим: Баялиева Айнур

Предмет: информатика

Класс: 8-класс

Сабактын темасы: Киргизүү жана чыгаруу операторлору.

Сабактын максаттары:

Күтүлүүчү натыйжалар:

Билим берүүчүлүк: python программалоо тили менен таанышат жана программаны ишке чегерүүнү үйрөнүшөт.

Эгерде python программалоо тили жөнүндө түшүнүк пайда болсо жана программаны ишке чегерүүнү үйрөнүшсө.

Өнүктурүүчулүк: python до программа жазып жана жообун коро билүү менен маселелерди чыгарууну үйрөнүшөт.

Эгерде окуучу python до программа жазып жана жообун коро билсе менен маселелерди чыгарууну үйрөнүшсө

Тарбия берүүчүлүк: Тынчтыкты сактоо, өз оюн жазууга үйрөтүү.

Эгерде окуучу тынчтыкты сактоо менен өз оюн айта жана жаза билсе.


Окутуу усулу

Баалоо усулу

Сабактын тиби

Сабактын формасы

Ресурстар

1.Салттуу

2.Интерактивдүү

3.Түшүндүрмө

иллюстративдик

4.Проблемалык

5.Текшерүү усулу

1.Диагноздоочу


2.Калыптандыруучу


3.Жыйынтыктоочу


Аралаш сабак, жаны билимдерди өздөштүрүү сабагы, бышыктоо сабагы, кайталоо, жалпылоо сабагы, проблемалуу сабагы, баалоо сабагы

Семинар, экскурсия,

таймаш, диспут,

конкурс, практикалык,

салттуу,

интерактивдүү

сабак

Тех-лык каражаттар,

таблица,

дидактикалык

материалдар


Негизги компетенттүүлүк

Предметтик компетенттүүлүк

НК1: Маалыматтык

НК2: Социалдык коммуникациялык

НК3: Өз алдынча уюштуруу жана

маселелерди чечүү.

ПК1: Эсептөө

ПК2: Аналитикалыкфункционалдык

ПК3: Көрсөтмөлүү образдуу

ПК4: Статистикалык ыктымалдык

Сабактын жүрүшү:

Кадамдар

Мугалимдин

Ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү


Компетенттүүлүк, баалоо


  1. Уюштуруу

  2. Үй тапшырма текшерүү

  3. Жаңы тема

  4. Бышыктоо/

Рефлексия

  1. Тапшырманы баалоо


  1. Класстын сабакка даярдыгы


  1. Окуучуларды тактоо.


1-тиркеме.





1-тиркеме.


3.Жаңы теманы түшүндүрүү:

Маалыматтарды чыгаруу оператору

print – маалыматтарды экранга чыгаруу оператору.

Мурунку темаларда көрсөтүлгөн эң кичинекей программаны кайра көрүп чыгабыз.

print(“Salаm aalam”)


Бул жерде ( “ ”) ичинде жазылган сөздөр ошо боюнчо өзртүүлөрсүз жооп экранында чыгат. Ал үчүн жазганыбызды файлда сактайбыз анан F5 топчусун басабыз. Натыйжа:


Salаm aalam

Тырмакча ичиндеги сөздөрдү ажыратып да жазса болот. Натыйжа өзгөрбөйт.

print("Salаm","aalam")


Ал эми сөздөрдү атайын бир өзгөрмөлүү белгилерге бириктирип да натыйжа алса болот. мисалы үчүн.

a="salam "

b="aalam"

c=a+b

print(c)

натыйжа болсо ошондой эле

Salаm aalam

Чыныгы сандар менен иштеп жатканда тырмакчаларды иштетилбейт.

a=4

b=5

c=a+b

print(c)

Натыйжа болсо

9

Эгер сандарды тырмакчаларда жазылса анда алар белгилуу чоңдуктар сыяктуу кошкондо жанында жазылып калат.

a=”4.5”

b=”5.3”

c=a+b

print(c)

Натыйжа болсо

4.55.3 көрүнүшүндө болот.

print операторунун кошумча параметирлери.

\n параметри. Бул буйруктан кийинки белгилүү чоңдуктагы сөздөрдү кийинки сапга өткөрөт.

Мисалы:

print("salаm, men komp\nutermin")

натыйжа:

salаm, men komp

utermin

sep=” ” параметри Белгилүү чоңдуктагы сөздөр арасына жаңы белги кошуу мүмкүн.

Мисалы:

print(1,2,3) # белгилердин арасы ажыралып чыгат.

print(4,5,6,sep="*") # белгилердин арасына (*) белгисин коюп чыгат.

натыйжа

1 2 3

4*5*6

end=” ” параметри. Белгилуу чоңдуктагы сапчанын акырында көрсөтүлгөн белгини кошот жана кийинки сапчаны жанына чакырат.

print(1,2,3,end="--")

print(4,5,6)

натыйжа:

1 2 3--4 5 6

Киргизүү оператору.

Input оператору.

Input оператору өзгөрүүчү маалыматтарды киргизүү оператору эсептелет. Input башка функциялар менен бирге берилбеген болсо белгилүү чоңдуктарды киргизуу керек болот.

Мисалы:

birinchi_soz=input()

print (birinchi_soz)


F5 топчусун басылса белгисинен кийинки киргизген сөзүбүз print операторунун жардамында экранга чыгат.

Salam duyno

Salam duyno

Белгилүү чоңдуктар кошулса тапшырмалар удалаш болуп чыгышын билебиз. Мисалы:

a=input()

b=input()

c=a+b

print (c) F5 ти басып salаm сөзүн биринчи duyno сөзүн кийин киргизилсе натыйжа төмөндөгүчө болот

salаm

duуno

salаm duyno

Эгерде сандарды киргизилсе натыйжа төмөнкүчө болот

12.35

32.45

12.3532.45

Себеби бул программада берилген сандар белгилүү чоңдуктар түрүндө берилген. Аларды чыныгы сан көрүнүшүндө киргизип математикалык амалдарды аткаруу үчүн операторду int(input()) же float(input()) түрүндө жазабыз . Бул жерде Int бутун сандарды, float чыныгы сандарды киргизүү үчүн колдонулат.

Мисалы:

a=int(input())

b=int(input())

c=a+b

print ("c=",c)

F5 ди басса.

5

3

c= 8

a=float(input())

b=float(input())

c=a+b

print ("c=",c)

F5 ди басса.

5.2

3.4

c= 8.6


Pythonдо өзгөрүүчүлөрдү киргизуу инструкциясына бир убакыттын өзүндө бир канча өзгөрүүчүлөрдү берүү да мүмкүн.

Мисалы:

a, b = 0 , 1

Бул кодду төмөнкүчө жазуу да мүмкүн эле.

a=0

b=1

Маанилерди бир сапта аралыкты пробел менен ажыратып киритүү да мүмкүн. Ал үчүн a,b=map(int,input().split()) көрүнүшүндө жазса болот.

Мисалы:

a,b,с=map(int,input().split())

d=(a+b)/c

print(“d=”,d)

F5

4 6 2 # (4+6) / 2 = 5

d=5

Input операторундагы ( ) дын ичине түшүндүрүүчү сөздөрдү жазуу мүмкүн. Ошол учурда кандай маалымат киргизүү керектиги анык болот.

Мисалы, төмөнкүдөй тапшырма берилген болсун.

h

Үч бурчтуктун негизи жана бийиктиги берилген болсо, анын

аянтын табуучу программаны түз!


a

Бул тапшырмага программа түзүүдөн мурда, алгач геометрия сабагында ошондой тапшырмаларды кантип аткарган экендигибизди эске салабыз. Мисалы:

Берилиши:

негизи = a

бийиктиги = h

аянты s=? Т.к-к

Чыгаруу :

же болбосо , ушул формуланы бир сапта жазса да болот:

s = (a*h) /2

Ал эми ушул көрүнүштү программа кылып жазылса , анда төмөнкүчө болот.

a=float(input("negizin kirit="))

h=float(input("biyiktigin kirit="))

s=(a*h)/2

print ("s=",s)

F5 ти басып, керектүү сандарды киргизебиз жана натыйжа алабыз.

negizini kirit=6

biyiktigin kirit=4

s= 12.0

2-мисал: Өзүңүздүн классыңыздын окуучуларынын сабакка катышкандарынын санынын процентин эсептөөчү программаны түзгүлө?

Бул мисалды иштөө үчүн алгач класстагы жалпы окуучулардын санын киргизебиз, анан келбеген окуучулардын санын киргизилет. Жалпы окуучулардын санынан келбегендердин санын алып салсак келгендердин саны чыгат. Пропорция ыкмасы менен келген окуучулардын пайызын эсептейбиз.

Берилиши:

жалпы окуучу саны

келбегендерин саны

катышуу = ? % т.к-к

Чыгаруу:

Келди = жалпы – келбеди

Катышуу=

Ал эми программасын түзөбүз:

jalpi=int(input("jalpi="))

kelbedi=int(input("kelbedi="))

keldi=jalpi-kelbedi

katishuu=keldi*100/jalpi

print("katishuu=",katishuu,"%")

F5 ти басылса.

jalpi=25

kelbedi=2

katishuu= 92.0 %