Саламатсыңарбы окуучулар!. Биз күндөгүдөй эле сабагыбызды баштайлы. Үй тапшырмаңарды толук аткарыпсыңар. Азаматсыңар. Ватсап тиркемеси аркылуу жөнөткүлө дегенмин. ZOOM тиркемесин колдонуп жаңы сабак өтөмүн. Ошондуктан окуучулар силердин ватсап группага чакыруу ссылкасын жөнөтөм. Бардык окуучулар мени так угуп турганын текшерүү менен бирге алардын микрофондорун да текшеремин жана аларды угуп жатканымды кабарлайм. Суроо берүү үчүн "кол көтөрүү" баскычын колдоно аларын айтамын.Ошондой эле чат терезесинде суроолорду/ комментарийлерди жазууга үндөймүн. Кандай эс алдыңар? сабакка даярсыңарбы?, Силер бүгүн өзгөчөсүңөр го! Андай болсо сабакты баштайлы, балдар! Сабакты баштаардан мурда “Алтын эрежелерди” түзүп алсак. Бири бирибиздин оюбузду сыйлайбыз Сабак учурунда зарыл болбосо микрофонду өчүрүп турабыз Суроо болсо кол көтөрүү белгисин колдонуп, кыска жан так мааниде беребиз Мыкты аракеттенип мыкты баа алууга умтулабыз 5. “эң жакшы” деген баа алып, “МЫКТЫ ОКУУЧУ” “жакшы” деген баа алсаңар “ЖАКШЫ ОКУУЧУ”, канааттандырарлык алсаңар “АРАКЕТЧИЛ ОКУУЧУ” аталасыңар. Балдар биз бүгүн силер менен түрдүү тиркемелерди колдонуп сабак өтөбүз. Баарыңардын телефон, компьютер,ноутбугуңарды даярдагыла.Биз бул тиркемелерди мурунку сабактарда колдонуп жүргөндүктөн, ар бириңер жакшы билесиңер жана колдоно аласыңар! Бул тиркемелер силердин билимиңерди толуктап, жогорку деңгээлге чейин жеткирет деген ойдомун/ Бүгүнкү сабагыбыздын темасы: Квадраттык үч мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратуу Максатыбыз: Квадраттык үч мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратуу деген тема менен кеңири таанышып, мисалдарды чыгарууну үйрөнөсүңөр. |