Просмотр содержимого документа
«Китептин келип чыгыш тарыхы.»
Тема:
Китептин тарыхы
Китептин келип чыгыш тарыхы.
Китептин эң байыркы үлгүсү- Месотополиянын клинописи жана Египеттин папирус түрмөгү . Жазма китеп даярдоо б.з.ч. 7 –кылымдарда Египетте башталган. Анан Египеттен Грецияга Грециядан Римге өткөн. Алгачкы басма китеп Х1- кылымдарда Кытайда пайда болгон. Х111- кылымдардан баштап Европада негизги жазма материалдары катары кагаз колдонулуп 15-кылымда китеп басылып чыга баштаган . Орустардын байыркы кол жазмасы 11-кылымдарга таандык. Мисалы: Святославдын жыйнагы. 15-кылымдардагы И.Гутербегдин Европада китеп басылып чыгарылышы менен китеп тарыхында жаңы доор башталган. Ал 42 саптуу библяны полиграфиялык жол менен басып чыгарган. Т.Шеффер 1957жылы китепке оюм- чийимди түшүргөн. Россияда китеп басууга Иван Федоров жана Петр Метисловец биринчи жол ачып 1564- жылы “ Апостол “ деген ат менен китебин басып чыгарган. 18-кылымдардын акырында кагаз машинкасы 19-кылымдын башында басма машинкасы колдонулган.ХХ-кылымдын башынан баштап фототехниканын жардамы менен китеп басылып чыга баштаган.
Жалпы окуучулар:
Кел китеп окуйлу”
Ким китеп окуса угат толкундун үнүн,
Керек болсо көрүп келет деңиздин түбү.
Ким китеп окуса өлкөлөрдү кыдырат,
Кылымдарга замандарга барып, бара алат.
Кайырма: Кызыктуу кызыктуу кызыгасын укмуштуу.
Кээде толкун сыйкырдуу, кел китеп окуйлу.
КАГАЗ КАНТИП ЖАСАЛАТ?
Эки китептин маеги.
Кыргыз тил: Саламатсыңбы математика. Абалың кандай?
Математика: Мен жакшымын, а сенчи?
Кыргыз тили: Менин абалым начар бир тартиби начар балага туш келип калып, менин баркымды билбей туш келди ыргытып, кир колдору менен кармап, окубай сүрөттөрүмдү көрүп, барактай берет.
Математика: Мен сенден анча эле жакшы экенмин. Бир жакшы окуган кыз алып аябай жакшы караган. Мен да ошондой жаман балдарга туш келип, калбасам экен деп коркконмун.
Китептер: Балдар биздин баркыбызды билгиле көп окугула, таза кармагыла биз силерге билим беребиз.