СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сын атооч боюнча саякат -сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сын атооч сөз түркүмүн бышыктоо боюнча өлкөнүн жети дубаны боюнча саякаттоо

Просмотр содержимого документа
«Сын атооч боюнча саякат -сабак»

3 ЧАЛДЫБАР ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ

ОТИБДОБ_________

Каргалдаева Л.Т.



Кыргыз тили

Сын атооч

боюнча

бышыктоо

Сабактын темасы:

























Саякат-сабак

6-класс



Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.













27.02.2024



Кыргыз тили. 6-класс 27.02.2024

Сабактын темасы: Сын атооч сөз түркүмүн бышыктоо (талдоо)

Негизги компетенттүүлүк

Предметтик компетенттүүлүктөр

Маалыматтык: НК1

Тил таануучулук компетенттүүлүк ПК1

Социалдык-коммуникативдик НК2

Кептик (коммуникативдик) компетенттүүлүк ПК2

Өзүн-өзү уюштуруу жана учурунда кырдаалга карата көйгөйлөрдү чечүү НК3

Маданият таануучулук компетентүүлүк ПК3



Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөрү:

Максаттарга жетти дейбиз, эгерде оккучу ...

Билим берүүчүлүк:

Сын атоочтун синтаксистик жана морфологиялык жол менен жасалышын жана алардын жазылышын,

сын атоочтордун даражаларын, категориялары боюнча билгендерин бекемдей алышат;


Сын атооч сөздөр синтаксистик жана морфологиялык жол менен жасаларын билишсе;


Сын атоочтун 4 даражасын жана категориясын ажырата алышса;


Өнүктүрүүчүлүк:

Сын атооч боюнча тапшырмаларды аткаруу менен КРнын кооз жерлери тууралуу маалымат алышат;


Тема боюнча тапшырмалардагы суроолорго жооп бере алышса: КР нын 7 дубанын билишсе

Тарбия берүүчүлүк:

Алган билимдерин кебинде колдоно алышат.

Өз ойлорун так, туура айтууга машыгышат


Алган билимдерин оозеки жана жазуу кебинде колдоно алышса



Сбактын тиби: Алган билимди жалпылоо жана системалаштыруу сабагы.

Сабактын формасы: Жалпылоо-сабак; Жекече жана жупташып иштөө сабагы.

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү ыкма. (билим платформалары аркылуу тапшырмаларды аткаруу)

Колдонулган каражаттар: Мультимедиалык техника каражаттары, пазлдар, баалоо шкаласы

Предмет аралык байланыш: География, адабият, тарых, информатика.



Сабактын жүрүшү:





Сабактын этаптары:

Убактысы:



Мугалимдин ишмердүүлүгү:



Окуучунун иш-аракети:

НК

ПК

Баалоо (Кубаттоо)

1

Уюштуруу:

2 мин

Учурашуу;

Окуучуларды белгилөө;


Психологиялык жагымдуу маанай түзүү: балдар, бүгүн силер бир башкача сырдуусуңар!

Окуу процессине даярдануу

Учурашышат;

Келбеген окуучулар билгиленет;

Маанайы көтөрүлөт; бири-бирине мактоо айтышат.


Окуу пр.даярдык көрүшөт

НК 2



2

Үй тапшырмасын текшерүү:

1 мин

297- көнүгүү.

Сын атооч сөздөрдү таап, алардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшөт.

НК 3

ПК 2,3


3

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу

3мин

Балдар, кайсы сөз түркүмүн өтүп жатабыз? Сын атооч сөз түркүмүнүн кайсы бөлүгүнө кирет?

Жооп беришет




НК 1

ПК 1,2,3

Азаматтар!

4

Сабактын темасы:

Максаты, күтүлүүчү натыйжалар менен тааныштыруу

2 мин

Демек, биз бүгүн кайсы теманын үстүндө иштейт экенбиз?

Ооба, балдар, биз бүгүн сын атооч сөз түркүмүн жыйынтыктайбыз, демек темабыз кандай болот? Анда бүгүнкү сабакка кандай максат коёбуз? Бугүн сабакта баалоо шкаласынан өз ысымыңардын тушундагы аттарды жооп берген сайын барып 1 кадамга жылдыра бересиңер, ал эми сабактын аягында алган упайыңар менен баа аласыңар.

Угушат, ой жүгүртүшөт






Сабактын темасын аныкташат.

Сабактын максатын өз позицияларында коюшат

НК 1,2,3

ПК 1,2

Азаматтар!

5

Сабакты түшүндүрүү:

4 мин

Кыматтууларым! Силер саякаттаганды жакшы көрөсүңөрбү? (Мээге чабуул) Бүгүн биз силер менен Кыргызстандын 7 дубанына саякатка чыгабыз, ал үчүн бизге эмне керектелет? Туура, унаа менен саякатка чыгабыз!

Ал үчүн биз шилтеме менен кирип http://surl.li/rbrji тестти аткарышыбыз зарыл.

Угушат, шилтеме аркылуу тапшырмаларды аткарышат, суроолорго жооп беришет

НК 1,3

ПК 1, 2

Азаматтар!

6

Сабакты бышыктоо:


Биз кайсы дубанда жашайбыз?

1.Туура, Чүй облусунда жашайбыз, демек саякатка дал ушу облустан чыгабыз, дегнче эле болбой Токмок шаарындыгы байыркы Бурана шаарына жетип келдик, бул жакта да бизге тапшырмалар катылган экен.

Пазлдарды кураштырып, макал-лакаптарды табышат, жупташып иштешет.





НК 1,3

ПК 2

Азаматтар!


2.Анда эмесе, биз саякатыбызды улайбыз, мына, көз ачып жумганча Ысык-Көл дубанына кирип келдик, бул жакта кандай кызыктуу жерлер бар билесиңрби? Бул жакта да биз үчүн кызыктуу баш катырма тапшырмасы күтүп турган экен. http://surl.li/rbqzl

Билген жерлерин айтышат, шилтеме боюнча кирип, катылган сын атооч сөздөрдү табат.

НК 1,3

ПК 2

Азаматтар!


3.Сапарыбызды жалгаштыралы. Кийинки кезек Нарын облусуна келди. Бул жакка эс алууга келдиңер беле? Кандай тарыхый жер бар, билесиңерби? Ой бул Жакта да бизди өзгөчө тапшырма күтүп туруптур.

“Эки Нарын” темасы боюнча аудио уктуруу тапшырмасы.


Аудио уктурууну кунт коюп угушат да, абзац кылып бөлүнгөн тапшырмаларды аткарышат.

НК 1,3

ПК 2

Азаматтар!


4.Биз Нарынды көрүп, “Эки Нарын” уктуруусун укканча, Ош дубанына келип калыптырбыз, бул жакта да укмуш кызык жерлер бар экен. Шилтеме менен кирип аткаралы: http://surl.li/rbqzl

Берилген сөздөрдү Күчөтмө, салыштырма, басаңдатма даражадагы сын атоочтор мамычаларга жайгаштырышат

НК 1,3

ПК 2

Азаматтар!


5. Туштүк борборузда көргөн кызыктарыбызга суктангыча эле Тажикстан менен чектеш болгон Баткен дубанына да кирип келдик, бул жакта да аябай кызыктуу тапшырмалар бар экен. http://surl.li/rbsau

“калп же чын” тапшырмаларын оюн аркылуу аткарышат

НК 1,3

ПК 2

Азаматтар!


6. Баткенде болгон, көргөн жерлерин калп же чын,Жалал-Абад менин жерим, сенин жериң деп талаш-тартыш менен Жалал-Абад дубанына көз ачып-жумганча келдик, бул жак өзүнчө эле ажайып кооз. Бул жакта эң чоң эмне бар эле? Азаматтар! Жаңгак токою бар. Бул токойдо силер көргөн, укканыңар боюнча катылган сын атоочторго сүйлөм түзүшүңөр керек экен.

Амалдуу, алгыр, сүткор, өнөрлүү, кооз.

Жооп беришет. Тапшырмага карата сүйлөм түзүшөт

НК 1,3

ПК 2

Азаматтар!


7.ой, балдар, биз Ж-Абад өрөөнүн сүрөттөгөнчө эле болбой Талас өрөөнүнө кирип келип да калдык. Бул жактан кайсы белгилүү исандар чыккан? Азаматтар! Бул “Манас” ордосунда да көгөн, билген сын атоочторубузду татаалдаштырышыбыз керек экен. Кана эмесе, аткаралы.

Жөнөкөй сын атооч сөздөрдү татаалдаштырышат.

Алдуу-күчтүү,

Ак жумал,

Кары –картаң, кызгылт күрөң, бат-бат.

НК 1,3

ПК 2

Азаматтар!

7

Сабакты Жыйынтыктоо:

3мин

Ой, балдар, биздин да бүгүнкү саякатыбыз да аягына келип жетиптир. Өз районубузга да келип жетип, үйлөрүбүзгө тарачу мезгил келиптир, бирок кайсы жерге келдик? Туура, өз жердешибиз чыгаан акын А.Осмоновдун музейине келип жетиптирбиз. Акындын кандай сын атооч катышкан ырларын билесиңер?

Акындын ырларынан үзүндү айтышат

НК3

ПК 2,3

Азаматтар!

8

Үйгө тапшырма берүү:

1 мин

302-көнүгүү: көнүгүүнү көчүрүп жазып, сын атооч сөздөрдү түз сызык, ал эми затташкан сын атооч сөздөрдү толкун сызык менен сызасыңар.

Угушат, белгилеп жазышат

НК 1

ПК 1


9

Баалоо

1мин

Баалоо шкаласында кимдин аты кайсы баадагы талаачага келсе, шол баасын алышат

Суммативдик баалоо.